Добавить статью
8:28, 16 февраля 2012 18786

Нур элинин тагдыры

Теңгир жалгасын!

Кыргызстандын эгемендүү жашоосуна ХIХ жыл болду, бирок эгемендүү жашоону кыргыздар ушуга чейин көрө элек. Буга себептер көп бирок негизги себеп деп мен аң-сезимдик маселени белгилейт элем. Адамдын бу дүйнөдөгү өзгөчөлүгү өзүнүн Кудайын (кут – ай) таанып билип ага өз тилинде кайрылуу адамга жакшылыктан башка зыян апкелбейт. Кайрылганына жараша Кудай адамды колдойт, кут берет. Куттун айдай жанган нуру материалдуу дүйнөнү өзгөчө иреттейт. Башкача айтканда, куту бар материалду дүйнө бул толук, көз каранды эмес дүйнө. Бири - бирин толуктап турган мазмуну улук дүйнө. Материалдуу дүйнөнун умтулушу материалдуу нерсе болбой руханий болот.

Ар бир элдин кудайга кайрылуусунун өзүнө ылайыктуу жолдору бар. Андай жол деп мен тилди айтар элем. Ар бир элге кут-айына, тилине жараша дем берилет. Деми бар эл эч качан кем болбойт, кор болбойт. Өзүн коргой алат. Коргонууга кут-айдан берилген деми бар. Ошондуктан өзүнө ишенген кут-айы жанган адам дем-алат. Дем-алуу бул эс-алуу. Демине жараша адам эс тутат. Эси кут-айдан берилген демине жараша иреттелет. Демине жараша иреттелгенди биз эс алуу деп атасак болот. Материалду нерсенин эси болуш керек. Эси жок ээн. Эстүү эмес адамдын башы ээн. Башкача айтканда башында эси жок. Эси жок баш бул ээн баш. Ээн баштын иши ээн-баштык.Адамдын эси кут-айдан. Эстүү адамдын ээси бар. Ээси кут-ай. Кут-айы жоктук ээси жоктун белгиси. Ээси жоктун эси жок. Эси жоктун иши ээн. Ээн иштин себеби ээнбаштык. Ошондуктан ээси жана ээсинен берилген эси жок ээнбаш адамга кут жукпай жут жугат.

Деми барды биз ээси бар деп толук айтуу менен, анын сүрү барын белгилеп кетсек болот. Эстүү, демдүү адамдын гана өзгөчө сүрү көрүнүп, сезилип турат. Сүрү жоктун түрү суук. Эмнеге дегенде анын материалдуу денеси жандуу эмес. Тагыраак айтканда, анын жана тургандай деми жок. Деми жоктун дем-илгеси гана болот.

Кут-айы жок адам ар кайсы адамдын демине илингиси келет. Ошондойлугу көз карандылыктын белгиси. Көз каранды адамдын ичи тар, кызганчаак, көр албас болот. Көз каранды адамдын аң-сезими имитатордун аң-сезими. Ал бу дүйнөдө өзү боло албайт. Имитатордук аң-сезимди белимчилик деп айтса болот. Белимчилик аң-сезим белимчил дүйнөнүү жаратат. Белимчил аң-сезимдүү адам дайыма бирөнүү туурап жашайт. Ал бирөө – адам, же өлкө болушу мүмкүн . Мисалы: “Кыргызстан экинчи Швейцария”.

Кыргыздардын негизги маселеси белимчилик аң-сезимдин калыптанып калганы. Өзгөчө бул аң-сезим кыргыздардын бийлик элитасында калыптанган. Ушу себептен биздин бийлик адамдарынын чечкиндүүлүгү, өзгөчө өсүп өнүгүү программалары жоктугу. Бар программалары же мыйзамдары башка өлкөлөрдөн көчүрүлүп алынган. Белимчилик аң-сезимдин эси болгондуктан белимчил адам дайыма оригиналды ыйык көрүп ага теңдешкиси келет.Ошол адамдын ою гана ой болуп эсептелет. Ушу себептен белимчилер башка бирөнүн оюн өзүнүн ою деп аны ишке ашырганга дайыма даяр. Башка бирөөлөрдүн айтканын чындык көргөнгө шарт түзүлөт. Бирок (бир-ок) башка бирөө кыргыздардын кызыкчылыгы үчүн чын дили менен күйбөсүн, биздин бийлик адамдарынын эс-тутумунда жок. Же бар болуп ошондой ишке барып жатса анда анын элим, жерим деп күйбөгөндүгүнүн, жанбагандыгынын белгиси. Бирок (бир-ок) андай адамдын өзүнүн жеке максатын көздөгөн гана дем-илгеси бар. Ошол бир ок өз элине тийет. Белимчи адамдын дагы бир негативдүү өзгөчөлүгү (бир огу) анын жоопкерчилигинин жоктугу. Жеке башын ойлогон өзүмчүл адам качып кутулам деген жаман ойлуу болот. Намыс деген андай адамдарда жок. Мисалы япон элинде өз элинин кызыкчылыгын коргой албай калган адам намысын сакташ үчүн өзүн өзүү өлтүрүгөө душар болчу (харакири). Мындай салттар байыркы кыргыз нур элинде да бар болчу. Сөзүнө туралбай калган адам бетин жоготчу. Бетин жоготкон адам намысын жоготконго барабар болчу. Намысы жок адам адам деп эсептелчү эмес. Ушундай адамдар коомдо өзүнүн адамдык аброюн жоготуп карапайым гана жумушка колдонулчу, малай болуп калчу, койчу же жылкычы.

Ар бир эл сыйынганда өз кудайына сыйынат. Мисалы, еврей сыйынганда өзүнүн кудайы Яхвеге кайрылат, мусулман – Аллахка. Сыйынганына жараша алар кудайынан дем алат. Дем аларга өздөрүнүн руханий өзгөчөлүктөрүн сактаганга жана өсүп өнүгүшүнө куч-кубат берет. Кыргыз болсо өзүнө чоочун элдин динине сыйынат. Башка элдин кудайына сыйынуусу менен кыргыздар алардын демине дем кошуп өз элинин демин азайтып алсыратат. Байыркы кыргыздар Тибеттеги бийик аппак таза мөнгу Кайлас тоонун этегиндеги ыйык Манас көлүнүн жээгине туруп Тенгир-атага кайрылып сыйынышчу. Сыйынганына жараша баштарына кут конуп, улуу Тенгир-атанын демин алып бак –дөөлөттүү, күч-кубаттуу эл болуп өмүр сүрүп келген. Азыр болсо байыркы улуу кыргыздардын урпактары Кайлас-тоого, Кан-Тенгир-тоого барып сыйынгандын ордуна араб элинин Меккедеги Кааба ташына, Мединасына барганга умтулушат. Балким биздин толгон токой кыйынчылыктарыбыз, азыркы доордогу көйгөйлүү маселелерибиз өзүбүздүн руханий булагыбызды өз колубуз менен булгаганыбыздан болуп жүрбөсүн?!

Ар бир эл өз кудайына чын дили менен ишенсе ишеничин жүрөгүндө сактаса кудай аларды сактайт. Мисалы еврейлер кандай гана куугунтука дуушар болбосун өз кудайынан баш тартпай сыйынуусун уланта берген. Дини аркалуу дүйнө жүзүнө чачыраган эл өздөрүнүн ким экенин унутпай кайрадан өлкөлүү болду. Унутулуп калган тилине өзүлөрүнүн алфавитин колдонуп кайрадан еврей тилин, маданиятын жандандырышты. Ушунусу менен эле чектелбей дилин, тилин, маданиятын жаңы бийиктикке өсүп жетишине бүт каражаттарын жумшап жатышат. Мунун баары еврей элинин Кудай берген демине өзгөчө дагы дем кошуп куч-кубаттуу болушуна бир топ шарттар түзүлүүдө.

Чын дили менен ишенген элге кудайдын жардамы жөнүндө япон элинин тарыхында болгон бир-эки мисал.

«Кытай императору Кубилай жарандык сунуш кылды. Алар (япондор А.С.) андан баш тартты. Ошондо ал 1274 ж. 900 кеме 40 000 кытай, корей жана монгол жоокерлерин жиберген. Алардын утаарына ас калганда түн ичинде өзүлөрүнүн кемелерине кайтышат. Эки тарап тең буддистер болчу жана эки тарап тең жеңиш сурап жатышты. Бирок император жана ак-сөөк элита өз Кудайы синтого жана ата-бабаларынын арбагына алар гана утушуна кызыгууда деген ойдо япондор сыйынуу менен кайрылышты. Кечинде тайфунга айланган шамал башталды. 200 кеме жана 13 миңдин тегерегинде жоокерлер сууга чөгүштү. Синтоистер жеңиш кубанычына батып, буддистер болсо муну кокустук деп эсептешген. Жазында 1281- жылы Кубилайдын 4 400 кеме жана 142 000 жоокерлери Японияны көздөй жөнөдү. Бир топ күн катуу салгылашуу болду. Япониянын тагдыры кайрадан кылга илингендей болуп турган. Баарын чече тургандай салгылашуунун алдында императордун үй-бүлөсү жана эл түнү бою өз кудайын чакырып жатышты. Кайрадан алар жоопсуз калтырылган жок: 16 августа 1281- жылы чайыттай ачык күндү бир заматта кара булут каптап, күн көрүнбөй калды. Бир заматтын ичинде өлүмгө душар кылган тайфун башталды. ...Үч күндөн кийин шамал басылып асман ачылганда импердик армиянын төрттөн бир бөлүгү калган ... 4 000 аскер кемелер жана 100 миңге жакын жоокерлер сууга чөгүп өлдү”. (Спеваковский А.Б. “Религия синто и воины”. 1987. – С. 27.)

Ушул эле китептеги дагы бир мисал: “ 1944 - жылы япон аралдарына америкалыктар десант даярдап аткан. Император жана дин кызматкерлери синто кудайларына кайрылышты душманды токтотуу үчүн. Муну билген америкалыктар боорулары эзилгенче күлүштү. Десант түшө турган күнү сактагыч-шамал (камикадзе А.С.) башталып, катуу толкунду жаратты. 2 эсминец жана 3 карол кеме, 100 деген жоокерлер сууга чөгүштүү. Армиянын чабуулу ишке ашпай калды”.

Дагы бир мисал: “Казактар биздин Манас жолу менен Алтайга сапар” деген жүрүшүбүздү ийне-жибине чейин изилдеп билип алышыптыр, аларга биздин жүрүшүбүз жакпай, чек арада бери жагы эле 8 сааттан кармап турушту. Анысынын себебин кийин түшүнгөндөй болдук, көрсө, Казакстандан тез аранын ичинде Алтайга делегация уюштурулуп, бизден эрте жетишип, Манас тоосуна чыкканга аракет кылышканда ( Акай Киненин сөзү менен айтканда Духи гор прогневались) мөндүрлүү жамгыр токтобой, жолдор жабылып, чыга алышпай турган экен. Биз барганда, күн ачылып, жол оңолуп, Манастын туулган жериндеги тоого чыгып, зыярат кылып бүткөнүбүздөн кийин акыркы кыргыздын өкүлү тоодон түшкөндөн кийин, кайра бороон-чапкын башталып, мөндүрлүү жамгырга айланып, казактардын барган делегациясына жол жабылды. Кандай болгондо да, Алтайдагы Манастын туулган жериндеги Кут кыргыздарга гана таандык экенин жаратылыш, ошол жердеги ата-бабаларыбыздын арбактары, жана энергетикалык күчү далилдеп берди. Манас Кыргызга гана таандык”. (Мелис Карыбеков “Кыргызстандын иши оңолуп, келечеги жакшы болооруна ишенебиз!” “Форум”. 20 август 2010 - ж.)

Мунун баары бекерден эместир. Өз жолубузду, өз тагдырыбызды эске алып өзүбүз жөнүндө өзүбүз кам көрбөсөк башка бирөө биз жөнүндө кам көрбөйт.

Ар бир элдин өз тагдыры бар. Аны узартуу да кыскартуу да адамдын өз колунда. Ар бир эл өзүн эл катары сезүү үчүн тили, аны ишке ашыра турган алпэби (алфавит) жана дем бере турган дини болушу керек. Ушулардын баарын биз элдин дилинин өзгөчөлүгүнүн булагы десек жанылбайбыз.

Кээ бир элдердин өз алпэби же дини жок болуп калгандыктан алар эл катары өмүр сүргөнгө, башка маданиятка туруштук берүүгө кудурети жетпей алсыроо ахыбалында болуп калат. Ушуга байланыштуу мындай эл бат башка элдин динине, тилине, алпэбине өтүп өзүнүн дилин жоготуп эл болбой калышына жол ачылат.

Кыргыздардын урпактары өз дининен баш тартып, орхон-энесайлык алпэбин четке кагып башка элдин алфавитин колдонуп өз тилине, дилине дем бере албай жокко кетип бараткан эл болуп калды. Бирок кыргыз маданиятынын булагын жандырганга бүт мүнкүнчүлүктөр бар. Биз төмөндө белгилеп кеткендей элди эл кылган башкы булактардын баарынын бардыгын белгилеп кетсек болот. Бул байыркы кыргыз тили, орхон-энесай алпэби, кол жазмасы жана илгертен туу катары тутуп келген Теңирчилиги. Ушул белгиленген булак башаттарын улуу кыргыз элинин урпактары жандырса кыргыз элине дем берилип тили да, дили да сакталып, өсүп өнүгүүгө жол ачылат, келечеги кең болот эле. Теңир-атанын деми менен кыргыз элинин башына кут конуп айдай жанып өзгөчө руханий сүр берилмек. Дилибизди өсүп өнүктүрүгө шарт түзүлмөк. Дилибиздин өзгөчөлүү менен танышкан далай элдердин өкүлдөрү суктанып бизди үлгү катары көрүп баалап, урматтап, сыйлайт эле.

Кыргызым! Өзүбүзгө өзүбүз душман болбой, өз тагдырыбызга өзүбүз балта чаппай аракет кылалы. “Аракет кылганга берекет” – дейт эмеспи элибизде.

Р.S.: Урматтуу окурман! Жакшылап жаза албаганым үчүн кечирим сурайм. Бул менин биринчи кыргызча жазган макалам. “Аракет кылсаң берекет” деген ураан менен жазылган макала.

Ылайым Теңирибиз бизди колдосун!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×