Добавить статью
3:13, 22 февраля 2012 65439

Ош шаардык мэриясы шайлоонун шайтан оюндарына белчесинен батты

4-марттагы жергиликтүү кеңештин шайлоолору жарыяланып шайлоо жакындагандан бери Ош шаардык мэриясы иштебей эле шайлоонун шайтан оюндары менен жүрүп калды. Свет өчүп эл жарыксыз калып жатабы, кар жааган сайын жолдор муз болуп каттоо кыйындап жатабы, суу чыкпай жатабы - караган киши жок. Буларга кызмат эле керек экен. Эл эмне болсо ошол болсун деп таштап койду азыр. Азыркы мэр Мелис Мырзакматов «Улуттар биримдиги» партиясы менен шайлоого аттанып, шаардагы бардык жетекчилерди күргүштөтүп партиясына киргизген. Вице-мэр, суу чарбанын, жылуулуктун, башчысы, мектеп директорлору, шаардык ооруканада иштегендер бүт Мелистин партиясынан кандидат. Шаардагы кызматтардын баары азыр мэрге иштеп, мэрия өз ордунда эмей эле Мелистин Таатанына көчкөндөй. Административдик ресурту Мелис ушу шайлоодо даана колдонуп жатат. Мектептерде мугалимдерди бүт агитация кыласынар деп зордоптур. Өз менчигиндей кылып бизди шайласанар суудан, жылуулуктан карызынарды кечебиз дейт экен. Шаарда маршуруттук такси айдаган айдоочуларды бүт, парковкада иштеген стоянщиктердин баарын эгер мэрдин партиясын шайлабасанар, эртең иштейбиз деп ойлобогула деп коркуткан фактылар толтура. Мелистин балдарыбыз деген өгүздөй балдар жөнөкөй жашоочуларды сен эмне башка партияга иштеп атасын, шайлоо өткөндөн кийин шаарда жашатпайбыз деп коркуткан учурлары аз эмес. Мындай зордукчул мэрдин тизгинин тартаар жан барбы деги. Бийлик башындагылар элди да ойлойбу, же бу мэрдин ажаан катындары бар экен деп коркуп отура береби.

Урматтуу Мелис, эгер окусаң. Сенин балдарың көп адамдарды коркутуп добуш алабыз деп жүрөт. Аларды тыйып койбосоң, арты жакшы болбойт. Зордун түбү кор болот деген эл макалын эстен чыгарба!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×