Добавить статью
8:07, 22 февраля 2012 54388

Ош мэриясы шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде өткөрүүнүн аракетинде

Автор: Ош мэриясы

Урматтуу шаар тургуну Садык Бекмуратов, сиздин «Ош шаардык мэрия иштебей эле, шайлоонун шайтан оюндары менен жүрүп калды» деген пикириңизди төгүнгө чыгарабыз. Анткени Ош шаарынын мэриясынын жумушу мэр, вице-мэрлер жана аппараттын кызматкерлер күн сайын саат 8.30дан жарандарды кабыл алуудан башталууда. Ал эми шаардыктардын күнүмдүк турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу тейлөө ишканаларынын ыргактуу иштеши толугу менен көзөмөлгө алынууда. Шаардыктардын бул маселелерин ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн Ош шаарынын мэриясынын 166 кызматы да өз жумушун аткарып, жарандардын кайрылууларын кабыл алып, чечүүгө көмөктөшүүдө. Ал эми шаардагы тейлөө ишканаларынын жетекчилери азыркы шайлоо өнөктүгүнө аттанышып, талапкер болгондордун баары мыйзам чегинде өз жумуштарынан убактылуу бошотулуп, арыздарын жазып кетишкен. Бирок сөзсүз түрдө алардын ордуна өз жумушун билген жетекчилер иш алып барышууда.

Ош шаарындагы шайлоо өнөктүгүнө 8 саясий партиялар аттанган. Демек, сиздин «бир гана партиядан шаардагы ишканалардын жетекчилери талапкер болууда» деген пикириңизге кошула албайбыз.

Алар өздөрү туура көргөн саясий партиялар менен шайлоого барышууда. Мэр тарабынан административдик ресурс колдонулган жок жана мындай болушу да мүмкүн эмес. Тескерисинче, жергиликтүү бийлик шайлоонун тынч жана таза өтүүсү үчүн көмөктөшүүгө болгон күч-аракетин жумшап, мэр М.Мырзакматовдун токтому менен түзүлгөн атайын штаб өз жумушун алып барууда.

Жакынкы күндөрү эле болуп өткөн Ош шаарынын мэриясынын кеңейтилген коллегиялык жыйынында шаар башчысы өз кызматтарын начар аткарып жаткан ишканалардын жетекчилерин сынга алган. Алсак, шаардыктардан электр энергиясынын үзгүлтүккө учуроосу, байма-бай өчүрүүлөр боюнча 5 миңден ашуун арыз түшкөн. Бул боюнча М.Мырзакматов тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берип, бардык ишканалар өз кызматтарын так жана натыйжалуу аткарылуулары керектигин айткан. Ошондой эле шаардыктар үчүн эң негизгиси – алдыдагы шайлоону тынч өткөрүү өтө зарыл экендигин белгилеп кеткен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-03-2012
М.Мырзакматов шайлоочуларын жеңиши менен куттуктады
46275

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×