Добавить статью
4:26, 27 февраля 2012 29750

К.Ташиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча билдирүүсү

Жакында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы оппозициялык «Ата Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге карата кылмыш ишин козгоп, аны депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылды.

Акыркы кезде коррупцияга каршы күрөшкө жамынып, бийликтин саясий оппоненттерге карата «сүрсүгөн» эски кылмыш иштерди кайрадан жандандырышы кадыресе көрүнүшкө айланды. Айрыкча оппозициялык «Ата Журт» партиясынын лидери К.Ташиевге карата мурдагы президент К.Бакиевдин учурунда козголгон кылмыш иштин кайрадан жанданышы ордолуу Оштун миңдеген тургундарынын кыжырын кайнатып, алардын бийликке болгон ишенимин кетирүүдө.

Бүгүнкү күнү аткаруу бийлигинин кемчилигин бетке айтып, энергетика, бажы жана салык тармактарындагы коррупциялык механизмдердин бетин ачып жаткан оппозиция лидери Камчыбек Ташиевге каршы саясый кысым күч алууда. Ага карата ачылган кылмыш иши саясый буюртма экендиги айдан ачык көрүнүп турат. Саясый оппоненттерине репрессиялык кысым көрсөтүү менен бүгүнкү бийлик өз абыроюна көлөкө түшүрүүдө.

Расмий бийлик ушундай коркутуп–үркүтүү жолу менен Камчыбек Ташиевдин оозун жаап, мекенчил демин басабыз десе терең жаңылышат. Анткени бийликтин саясий кысымы канчалык күчөгөн сайын анын эл арасындагы аброю ошончолук өсүп, колдоочулары күндөн-күнгө көбөйүүдө. Анан калса К.Ташиев саясый куугунтуктан сынып, деми сууп калчу жигиттерден эмес. Ал акыйкат үчүн башын баталгага коюп, элдин эртеңки жаркын келечеги үчүн жарандык көз карашынан тайбайт деп ишенем!

Мен Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевди айланасындагы «бакиевчил» кошоматчылардын кебин укпай, оппозициялык маанайдагы саясатчыларга кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырам. Бүгүн Кыргызстанга саясый стабилдүүлүк менен ынтымак-ырашкерлик абадай зарыл болуп турат. Аймактык ажырым менен уруулук бөлүнүүлөргө бөгөт койчу мезгил келди! Аны бийлик сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө далилдеши керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×