Добавить статью
3:10, 28 февраля 2012 7062

Инвесторлорду таарынтып албайлы

Талас областына келген инвестор мамлекетке 20% акция үлүшүн, 1% кирешеден (70 млн сом) областын өнүгүүсүнө берип жатса, андан тышкаары айыл жерине чакан кайра иштетүү ишканаларын куруп, техсервис уюштуруп (трактор, комбайдарды алып берели), айыл ичиндеги жолдорун, дыйканчылык татааларындагы арыктарды, жайыт жолдорун оңдоп мындан тышкаары кен байлыкты иштетуу ишканасы ишке киргенде ар бир түтүнгө ай сайын 3 000 сомдон ишкана токтогончо которуп берип тууралы, 800 түтүнгө 50 000 сомдон кредит 5% менен үч жылга берип жатса. Кээ бир жарандар алардын башында айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары болуп каршы болушууда.

Муну менен эмне айткым келет, эгерде мындай сунуш менен келген инвесторду кубаласак, Министирлер кабинетинин жетекчиси баш болуп инвестиция издеп жүрсө кийинки келе турган инвесторлорду таарынтып албайбызбы?

Келип жаткан инвесторлор ансыз деле жакшы сунуш менен келген инвесторду кодулап жаткан учуру, «эмнеге Кыргызстанга мынчалык жан тартып көп сунуштарды берип жатасынар сыңары, бизге жергиликтүү элден кыйноо болот го» - деп.

Ошончолук зыяндуулугу болсо, экологиябыз бузулса, келип жаткан инвесторлорду Кыргызстанга кийирибей келишим түзбөй, негизгиси бөлөк мамлекеттен инвестиция издебей эле койбойбу? Эгемендүүлүгүбүздүн жыйырма бир жылдыгына карата экономикабызды өстүрбөстөн (кагаз жүзүндө, отчетко жаза бербей) “Дядя СЭМ” дай деньги деп эле келе жатабыз. Дагы да болсо эсил кайран СССР бизге түттү (калтырып кеткен темир тезегин, завод-фабрикасын азыркы учурга дейре сатып бүтө албай жатканыбыз белгилүү).

Айыл жетекчилери Кыргыз Өкмөтүнө каршы чыгып жатса, экономикабыз качан оңолот, качан тынчтык, экономикалык өнүгүү качан болот, мындай жол менен жүрө берсек кыргыз жарандары ар кайсы мамлекеттен жумуш издеп (кара курсактын айынан) кул болуп жүрүп өтүп кетебизго, жакынкы 20-30 жылда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×