Добавить статью
5:33, 29 февраля 2012 24503

Шайлоодо утурумдук «жемге» алданба

Урматтуу мекендештер!

Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого саналуу күндөр калды. Бул саясий өнөктүккө республикабыздагы таанымал саясий партиялар ат салышууда. Депутаттык мандатка партиялык тизме аркылуу жетишүүнү көздөгөн талапкерлердин көпчүлүгү Ош шаарына эле эмес, өлкөбүгө белгилүү кызматчылар, ишкерлер жана саясат дөбөлдөрү.

Талапкерлер кимдер экендигин аныктаган жарыя жарнактар шаардын көрүнө жайларына илинип, массалык маалымат каражаттары аркылуу платформалары жарыяланууда.

Үгүт иштерин жүргүзүүдө талапкерлер тарабынан жумуш орундарын түзүү, шаардын социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүн күчөтүү, көп улуттуу шаарыбызда улуттар арасындагы достукту, биримдүүлүктү чыңдап, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу маселелери айтылууда.

Бирок, шайлоого катышкан саясий партиялар, аларды колдоп келген кээ бир министрликтердин, агентстволордун жана башка мекеме-уюмдардын өкүлдөрү тарабынан үгүттөөлөр, чакырыктар учурунда кетирилип жаткан кээ бир кемчилдиктер, шаар тургундарынын арасында ар кандай ушак-уяңдарды, түшүнбөөчүлүктөрдү, нараазычылыктарды пайда кылып, элди дүрбөлөңгө салып, кайрадан улуттар аралык мамилелердин курчушуна алып келүү коркунучу бар деген божомолдорду жаратууда.

Эң коркунучтуусу бул кырдаалды бузуку, деструктивдүү күчтөр өз кызыкчылыгына пайдаланып, улуттар аралык чыр-чатактарды чыгаруу максатында колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги болууда.

Өзүңүздөргө белгилүү 2010-жылдын июнь айында Ош шаарында болуп өткөн улуттар аралык кагылышуу элибиздин тарыхында өтө кайгылуу окуялардан болуп калды. Ал кайгылуу күндөрдүн залакасы бүгүнкү күнгө чейин айыга элек.

Базары да, мазары да бир, дини да, дили да бир эки элдин ынтымак-ырыскерчилигин көрө албай ортого от чачкан эл бузарлардын түпкүл максатына түшүнө бербеген шаар тургундары, негизги уюштуруучулардын өз жазасын алат деп убада берген бийлик жетекчилерине ишене албай, сай-сөөктү сыздаткан көңүл жарасын ушул күнгө дейре түзөтө албай турган чагы.

Ошол себептен Ош шаарындагы Лейлек коомунун мүчөлөрү бүгүнкү күндө бардык саясий партиялардын жетекчилерине, Ош шаарынын тургундарына кайрылуу жасап, келе жаткан шаардык кеңешке депутаттарды шайлоону ачык-айкын, таза, демократиялык принциптерди кармап, бийик ан-сезим менен, жогорку маданияттуулукта өткөрүп, соодалашуу, кур убадалар менен шайлоочулардын көнүлүн алагды кылуу, коркутуп-үркүтүү, же башка бут тосмойлорго жол койбоого чакырат элек.

Бул шайлоодо шаардын көп кырдуу тармактары боюнча өз ишмердүүлүгүн көрсөтө ала турган, шаардын саясий маданиятына жана турмушуна эн зарыл болгон социалдык-эканомикалык абалды жогорулатууга жан үрөгөн, шаарда жашап, улуттар ортосундагы мамилелерди кеңири талдай билген, калыс жана ишкер, элдин көйгөйүн кылдат сезген, патриот депутаттардын шайланышын күтөт элек.

Жалпы шайлоочуларды болсо таза, так, ыймандуу шайлоо өткөрүү менен утурумдук «жемге» алданбоого чакырат элек. Баарыбыздын дилибиз таза болсо, шаарыбыздын келечеги да таза болот, бейкут турмуш күтөбүз!

Ош шаарындагы Лейлек коомунун төрагасы Анарботоев Рустам Анарботоевич. Лейлек коомунун мүчөлөрү: Аминов Саитмамат Омурзакович Бабеков Абдираим Бекович, Айтбаев Мажит Шайдиллаевич, Тургумбаев Бабаравшан Тургумбаевич, Маасалиев Айтбай Кудайбердиевич, Арипов Кудайберди Турдалиевич, Алдакулов Тургунбай Абдирасулович.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×