Добавить статью
9:55, 29 февраля 2012 39127

«Иличтин шамынын» ийри-буйру жолдору

Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары

Нарын облусунун өнөр-жай өндүрүшүнүн 52,6 пайызы электр энергетикасына туура келерлиги 2009-жылы жарыкка чыккан «Нарын облусуна 70» жыл аттуу энциклопедиялык китепте белгиленет. Демек бийик өрөөндүү дубанда Илич шамынын мааниси өзгөчө. Учурунда биз кыялданган « улуу коммунизмдин» бирден бир шарапаты катары сыпатталган («Коммунизм-бул бүткүл өлкөнү плюс электрлештирүү» В. И. Ленин ) электр жарыгы азыркы учурда облустун дээрлик 100 пайызын камсыздоодо. Нарын облусун жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун аймагын 1073 чакырым аралыктагы 110 жана 220 кВ, 2637 чакырымдыкта 6-10 кВ жана 1833 чакырымда 0,4 кВ аба чубалгылары аркылуу тынымсыз электр кубаты берилүүдө. Мындан сырткары жалпысы 56 чакырым жерде жер алдынан өткөн кабелдик линия дагы эл кызматын аткарууда. Бирок Нарын облусунун алкагында 73 жылдан бери өмүр сүрүп келе жаткан маанилүү тармак XXI кылымдын башатында заманга жараша ирденип кете албай, демигип тургандай кербезденет.

Арт жакка бир аз кылчайсак…

Теңир-Тоо жергесинде эң алгачкы «Илич шамы» 1939-жылы гана өнүгүүгө бет алгандыгы баяндалып келет. Же болбосо ушул жылы Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылына 60 ат күчүнө барабар болгон дизелдик электр бекети орнотулган экен.Ал эми 1949-жылга чейин Теңир Тоо аймагында эки эле айылдык суу электр бекети (СЭБ (ГЭС)) иштесе, сегиз жылдан кийин аларга дагы сегизи кошулган. 1960-жылы 16 жамааттар чарбалык (колхоздук) жана алар аралык 16 электр бекеттер 1618 кВт жалпы кубаттуулукка жетишилет. 1976-1978-жылдары Кочкор, Он-Арча СЭБдери ток чыгара баштаган. Бирок ушул жылдарда облус толугу менен мамлекеттик бирдиктүү энерготүйүмгө бириктирилип, натыйжада чакан СЭБдер көз жаздымда калтырылып, кароосуздуктун чалдыбарларына айланган. Маселен 1960-жылы облуста 10,1 миллион кВт.саат электр энергиясы өндүрүлсө, көрсөткүч 1970-жылы 13,5, 1980-жылы 158,6 млн. кВт. саатка жеткен. Ал эми 2008-жылы электр энергия өндүрүү 92,8 млн. кВт .саат болгон.

Ураалаган, убайым тарткан учурлар жана көз жарган үч ЭЭЭ

Ошентип кечээки ыраматылык Кеңеш өкмөт доорунда Кел-Кели келген электр энергетика тармагы Эгемендүүлүктүн келиши менен оболу күчөп жандангансыды. Тоо сууларына бай Ала Тоо жергесинде өндүрүлгөн электр кубаттар ашып ташып, ички керектөөнү карк кылды. Амалы кеткен бийлик электр энергиясын эл чарба тармагына кеңири керектөөнү бекем табыштап, ашкан электрди коңшулаш өлкөлөргө арзан баада сатканга аргасызданып, ага болбой жакынкы мамлекеттерге миллиарддаган өлчөмдө электр бере тургандыктарын катуу шарданалашты . Натыйжада , көмүр менен жылытылган мамлекеттик имараттар, асырэсе мектеп, оорукана, бала бакчалардын от казандары болуп көрбөгөндөй абалда талкаланып, электр менен жылытуучу казандарга алмаштырылды. өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын орто ченинде саясатташуу андан ары күч алып, бийик тоолуу шарты катаал жерлерге тиричилик кылган калкка бир кВт.саат электр кубаты үчүн төлөө наркы бир тыйын деп белгиленди. Газ жана көмүр жетпеген аймактар толугу менен арзан электр пайдаланышаары, белгилүү салтанат аземдерде чоң шаан шөкөттө кеп болуп турду.

-«Тоолуу Нарын облусуна 220 кв.линия тартылып келип олтурат. Азыр энергиясыз экономика өсүп өнүкпөйт. Биз кечээ кечинде Пакистанга жасалган сапардан кайттык. Аларда баары бар. Бирок электр энергиясы жетишпейт экен. 500 кв. чыңалуудагы электр линиясын курууга келишимге кол коюштук. Ал аркылуу 4-5 миллиард кВт.саат электр энергия сатабыз. Киреше түшөт. Эми жакынкы жылдарда ички электр тармактарынын түйүндүү маселелери да чечилмекчи. Түрктөр менен бирдикте трансформаторлорду жакында чыгара баштайбыз. Анан жарык да, жылуулук да жетиштүү болот. Газ менен көмүр жетпеген жерлерге электр энергиясы берилет». Бул сөз КРнын президенти Аскар Акаевдин 1994-жылдын декабрь айында Нарын шаарында өткөрүлгөн жыйында сүйлөгөн кебинен үзүндү болду.(Маалымат Нарын райондук «Жеңиш» гезитине жарыяланган). Бирок айтылган сөздөр арабөк абалда салаңдап, мамлекеттер аралык электр аба чубалгылары түгүл, бир ТП дагы чыгарылган жок. Тескерисинче СЭБдерге бай, арзан электр энергиясына эгедер Кыргыз мамлекети Акаевдин бийлик маалында эле тукулжурап, баякы айтылган кыялдар теңирден тескери жагынан жырып чыгып, мамлекеттин бардык эл чарбасына электр энергетика тартыштыгы, өксүктүгү орун алды. Аңгыча бирдиктүү тармак жиликтелип, майдаланып, бири-бирине баш ийбеген өз алдынча «эгемен электр эмчектерге» айландырылды. Жаңы көз жарган үч ЭЭЭ бара-бара кайран тармакты сормо сазга батырды. Ал эми бакиевчил үй-бүлөлүк башкарууда Токтогул суу сактагысы соолуп, кылычын кармап турган кыш мезгилинде электр берүү жараяны маал-маалы менен өчүрүлүүгө дуушарланды. Анысы аз келгенсип амалы кеткен бийлик элди тезек тердирүүгө чакырык салып, ХlХ кылымдын жашоосуна карай жол баштады. Электр энергиясынын жоготуулары дээрлик 45-50 пайызга жетти. Курулай шаңдануучулук саясаттын ычкырынын жиби буулбай ышпалдасы чыкты. Акыры электрге нарктар бара-бара кымбаттап, калк үчүн бир кВт.саат 1,5 сомго көтөрүлгөндө эл толкуну күчөп, экинчи бийликти кулатып түштү.

Электрдин «зардал кызга» айланышынын айрым айгайлары

Сөссүз суроолор туулат. Эмне үчүн 1990-жылдардын ортосунда бир кВт.саат электр кубатынын наркы бир тыйындан 5 жыл аралыгында дээрлик 50 эсе кымбаттап кетти? Эмне үчүн өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын анык өздүк наркы так айтылбайт? Эмне үчүн бир баштуу бирдиктүү мамлекеттик электр тутуму дароо эле 7 эгизди тууп, тармакты жети баштуу ажыдаарга айландырды? Эмне үчүн тармакка сырттан 360 миллион доллар өлчөмдөгү каражат келсе да, электрге баа көтөрүлсө да, бир эмес жетиге бөлүнсө да жаңылануу туулбай жатып туна чөктү? Эмне үчүн өндүрүлгөн электр кубаты ички керектөөдөн ашып турган шартта, Камбар-Ата суу электр бекетин куруу ошончо зарыл беле?

Албетте, түмөн суроолорго ар дайым бийлик тарабынан даяр жооптор берилип турду. Бирок мурункулар ар убак реформа деп оозанышса, эки бийликке каршы тарап жүргүзүлгөн мындай саясатты көркоолук катары сыпаттап келишти. Акыры Убактылуу өкмөт бийликтин бардык эки тизгин, бир чылбырын колго алып, электрге баалар кымбаттабайт деп ачык сөздү мамлекетке жарыялады. Бирок тилекке каршы арадан өткөн эки жылга жуук маалда деле кайран тармак саздан жок дегенде бир бутун сууруп ала албай ынтыгып турат. Жагдайды бир катар талдоочулар жаңыланууну тамырынан кайра баштоо зарылдыгын зардала кеп кылышат.

-«Электр тармагынын ушундай кыйын абалга тушукканына көп себептер бар. Алардын эң башкысы бул атайылап реформа деген балакет менен менчикке чыгаруу болгон. Мисалы өздүк нарк СССР маалында деле кымбат болуучу. Электрди керектөө азыр деле ошол союздакыдай. Бирок мисалы анда Нарын электр тармактар ишканасы деген бир эле мекеме бар болсо, азыр ал үч башка айланды. Демек чыгым 3 эсе көбөйдү.

Экинчиси, булар акционердик коом деп аталып, айлыктарын каалагандай көбөйтүштү. Же болбосо мында иштеген кароолчулар мугалимдер азыр алган айлыктай акча алышат экен. Кийинкиси жана маанилүүнүн бири тарифти атайын кымбаттатуу аркылуу ар бир бөлүштүрүүчү коомдорду кудуретсиздикке алып келип, анан сатып алуу саясаты болгон. Андан кийин бара-бара жогорку чыңалуудагы ишканалар, акырында ГЭСтер менчикке өтмөк.

Булардан сырткаркысы катары тармактын өзүндө сарамжал, иреттүү иштин жоктугун айтсак болот. Маселен, союз заманында техникалык коромжу деген эч качан 4-6 пайыздан ашкан эмес. А азыркы тапта эмне үчүн ушул коромжулар 25 пайызга чейин чыгып жатат. Бир эки мисал. Нарынга 220 киловольттук линия тартылып келди. Бирок ал өзүн актабастан, тескерисинче андан келген электр энергия кандайдыр бир өлчөмдө коромжуга учурап жатат. Себеби ал кургак иштеп, от алдырып койгон унаадай абалда деп салыштырсак жарашат. Анткени Нарын облусуна 110 киловольттук эки линиядан жана Ат-Башы ГЭСтен чыккан электр эле жетиштүү болмок. Экинчиси Торугартта 1600 кВа өлчөмдөгү ТП бар экен. Ага барган электр тогунун көпчүлүгү өзүнөн өзү жок болуп талаага кетүүдө. Себеп, ал жерге анчалык кубаттуу ТПнын зарылдыгы жок. 160тык ,эч кур дегенде 630тук ТП коюлса деле андагы элди, мүлдө Торугартты камсыз кылмак. Мындай көрүнүштөр көп.

үчүнчүсү, бул жанакы контролёр дегендер менен элдин биргелешип уурдоолору»,-дейт Нарын шаарынын ардагер энергетики Турдакун Сапарбаев аксакал. Береги пикирге аталган тармакта 27 жылдан бери үзүрлүү иштеп келе жаткан адис Керим Насыров кандайдыр абалда кошулат.

-«Тармак 2001-жылдын 1-июль күнүнөн тарта бөлүндү. Бирок абал кыйындап бөлүштүрүүчү компаниялар алдыга жылганды мындай кой, эптеп эле акча чогултуу менен алектенип калдык. Жоготуулар 45-50 пайызга чейин чыкты. Анын болгону 60 пайызы араң жыйналчу. Азыр эми кудайга шүгүр оңолуу жолуна түшүп бара жатабыз. Бирок жеке көз карашымда тармакты майдалап бөлүү туура эмес болгон. Экинчиси тарифтерди мамлекет боюнча бирдей баада кылуу дагы чоң каталардын бири болууда. Мисалы мен ушул система боюнча «Чыгышэлектр» АКнын Нарын филиалын жетектеп турган учурумда АКШга барып келгем. Ал өлкөдө ар бир штатта эле эмес, ар бир шаарда электр баасы өзүнчө аныкталат экен. Ар кардарга төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша келишим түзүлөт. Бардык аракет чыгымды болтурбоого жасалат. Мисалы биз барган бир компаниянын кызматкерлери бир эле кабинетте олтурушкандыгын көрдүк. Төр жагында жетекчиси, жанында кызматкерлер. Биздикиндей катчы, айдоочу деген түшүнүк жок. Сиздер абдан бай мекеме турбайсыңарбы дешти. Мен айттым да, айдоочум, катчым, эки кызматтык машинам, жалпысы үч орун басарым, алардын орун басарлары бар деп. Эми болсо бул бир кабат кеңсе жетпей дагы кошумча эки кабаттуусун салып жатабыз»,-деп кеп кылат К.Насыров мырза.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
141463

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
70769

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
70961

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
97187

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
63768

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
44207

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
58300

29-11-2013
Жамиланын талаасы
58889

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
33300

21-11-2013
КИЖКны жеңүүчү ким?
25477

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×