Добавить статью
9:23, 1 марта 2012 6621

Кайрылуу

Ош шаарындагы тынчтык жана биримдик митингинин катышуучуларынын

Кыргызстандын калкына кайрылуусу

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!

Бүгүнкү бийлик жүргүзүп жаткан саясаттын айынан республикабыздагы коомдук-саясый жана экономикалык абал кескин начарлап, калкыбыз оор кырдаалды баштан кечирүүдө.

2010-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы элдин үмүтүн актаган жок. Парламенттик башкаруу натыйжа бербеди, тескерисинче өлкөдө партиялык-кландык башкаруу күч алды. Андыктан акыркы кезде калк тарабынан 1993-жылкы Конституцияга кайтып келүү тууралуу талаптар курч коюла баштады.

Учурдагы саясый реформалар натыйжасыз болуп жатат. Бийлик бутактары ортосунда өлкө кызыкчылыгын алдыга койгон жалпы көз караш жок. Криминал бийлик менен коюн-колтук алышып кетти.

Жогорку Кеңеш саясый интригалардын, партиялар ортосундагы бийлик бөлүштүрүүнүн гана борборуна айланды.

Сот бийлиги туңгуюкка кептелди. Акыркы эки жылда сот системасын реформалоо деген шылтоого жамынып, аны «бийликтин колбаласына» айлантышты.

Премьер-министр Ө.Бабанов башында турган Өкмөт элдин кызыкчылыгы үчүн алгылыктуу иштей албай жатат. Өкмөттүн өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегиялык программасы жок. Анын «100 күндүк» программасы конкреттүү иш-чараларды камтыган эмес, популисттик гана маанайда түзүлгөн.

Кадрларды тандоодо алардын профессионалдык сапаты эмес, туугандык, партиялык-кландык жана жердештик жакындыгы чечүүчү факторго айланды. Өкмөттүн административдик реформасы мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу менен гана чектелди.

Ошондуктан бүгүнкү күндөгү экономикабыздын чабалдыгы, бюджеттеги эбегейсиз чоң дефицит, тамак-ашка жана күйүүчү майга болгон баалардын өсүшү Өкмөткө болгон элдин ишеничин кетирди. Кышкы чилдеде элибиз жарыксыз калып, бийликке болгон нааразычылыгы күчөдү.

Акыркы кезде коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бурган «Мегаком» уюлдук түйүнү, ууланган Кулан көмүрүнүн Кыргызстанга ташып келиниши жана күйүүчү майдын коңшу Тажикстанга контрабандалык жол менен өтүшүнө байланышкан чуулгандуу коррупциялык иштерге Ө.Бабанов башында турган Өкмөттүн түздөн-түз тийешеси бар экени анык.

Жер-жерлердеги улут аралык араздашууларды жөнгө салууга да бийликтин чамасы жетпей жатат. Өкмөттүн натыйжасыз иш-аракетинен улам акыркы мезгилде Баткендин Андарагында, Чүйдүн Жаңы-Жер жана башка айылдарында улуттар аралык чыр-чатактар чыкты. Өзгөчө Баткендин Андарагындагы чатакты иликтөөдө Өкмөт «эки жүздүүлүгүн» көрсөттү.

Бүгүнкү бийлик кетирип жаткан ушул сыяктуу кемчилдиктер мамлекеттик башкаруу толук бойдон талкаланып, учурдагы Өкмөттүн өлкөбүздүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмсүз экендигин ачык көрсөттү.

Ошол эле учурда жакында Ош шаардык кеңешине боло турган шайлоого «Республика» жана СДПК партияларын колдогон чоң чиновниктер административдик ресурсту кеңири колдонуп, жергиликтүү элдин эркине каршы иш жүргүзүшүүдө. Алар эптеп жеңишке жетишүү үчүн 2010-жылы июнда Түштүктө болуп өткөн улуттар аралык араздашуунун чогуна от үйлөгөнгө да даяр. Оштогу кандуу окуяны улутчул сепаратисттер менен көз кысышып, алардын добушун алуу үчүн «мышык-чычкан» ойногон Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү чыгарган. Биз шайлоонун шайтан оюндарын токтотуп, миң жылдап бирге жашаган кыргыз жана өзбек элдеринин ынтымагы жана ордолуу Оштун тынчтыгы үчүн элди бөлбөгүлө деп бийликке кайрылабыз!

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!

Биз, Оштогу Тынчтык митингинин катышуучулары, бүгүнкү оор саясый-экономикалык жана социалдык кырдаалды кескин өзгөртүү максатында расмий бийликтин алдына төмөнкү талаптарды коебуз:

1. Өлкөбүздүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши канаатандырарлык эмес деп таанылып, Өкмөттүн токтоосуз отставкасы талап кылынсын. Бул талапты аткарууга 15-мартка чейин убакыт беребиз.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинен жана Жогорку Кеңештен «Эл ишениминдеги профессионалдуу Өкмөт» түзүүнү талап кылабыз.

3. Бүгүнкү күндүн талаптарына шайкеш келген мамлекеттик башкаруу системасын түзүү максатында тез арада Башмыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык Жыйын чакырылсын деп Кыргыз Республикасынын Президентинен жана Жогорку Кеңештен талап кылабыз.

4. 2010-жылкы апрель-июнь окуяларына күнөөкөрлөр мыйзам алдында 2012-жылдын 7-апрелине чейин жазаланышын талап кылабыз.

5. 2010-жылы апрелде «Азияуниверсалбанктын» ячейкаларынан акча тоногондор мыйзам алдында жазаланып, жоопко тартылышын талап кылабыз.

6. Ош шаардык кеңешине, ошондой эле Каракол, Токмок шаардык жана жергиликтүү кенештерге шайлоодо мыйзам бузууга жол берилбей, шайлоонун таза, ачык жана элдин өз эрки менен өткөрүлүшүн Президенттен, Өкмөттөн жана Борбордук шайлоо комиссиясынан талап кылабыз. Эгерде бул талап аткарылбаса, биз ага чечкиндүү каршы турарыбызды билдиребиз.

УРМАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР!

Биз Адилет келечек үчүн өлкө ичиндеги бардык саясий күчтөрдү, активдүү жаштарды, коомдук уюмдарды жана жалпы жарандарды Кыргызстан калкынын улуттук биримдигин чыңдоого жана Адилеттүү элдик бийлик орнотуу үчүн чечкиндүү аракет жасоого чакырабыз.

Бакубат, бирдиктүү жана күч-кубаттуу Кыргызстанды куруу биздин асыл максатыбыз. Биздин келечек - Адилет келечек!

Ош шаарындагы Тынчтык жана Биримдик митингинин катышуучулары

2012-жылдын 1-марты

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×