Добавить статью
7:36, 3 марта 2012 23014

Ат-Башы районундагы кайгылуу окуя

2012-жылдын февралында Ат-Башы районунда кайгылуу окуя катталды. Дал ушу күнү болжол менен саат 14:00дөр чамасында Карыбек уулу Акматалы атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу, 1994-жылы туулган Курманбек кызы Айдай өз үйүндө муунуп өлгөн. Анткени, өлөөр күнү сабакта аны Камчыбекова Гүлзада Жекшеновна деген мугалим келин классташтарынын көзүнчө аябай кордоп, «оозуна ак ит кирип, кара ит» чыгып кемсинтип тилдеген. Ушул себептен арданып өз жанын өзү кыйган.

Ал тургай чөнтөгүнөн кат да табылган. Анда деле эжейине нааразы болгондугу жазылган деген кеп бар. Буга чейин аталган мектепте далай ызы-чуулу окуялар болуп келген. Окууучулар арасында бири-бирин сабамай, тономойлор болуп, оор жаракат алгандары да болгон. Бирок мектеп жетекчилиги директору Иманбердиев Төрөбек эч жыйынтык чыгарган эмес. Эмне үчүн алардан жоопкерчилик суралбайт деп эл нааразы болууда...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×