Добавить статью
2:24, 6 марта 2012 12598

1993-жылдагы Конституцияга кайтсак кандай өзгөрүүлөргө туш болобуз?

Төмөндө 1993-жылдагы Конституцияга кайтуу кандай негизги өзгөрүүлөргө алып келери көрсөтүлөт.

1. Президенттин ыйгарым укуктары кескин түрдө көбөйтүлуп, Жогорку Кенеш менен Премьер-министрдин ыйгарым укуктары азайтылып, бийликтин балансы бузулат.

Кайрадан бир эле адам катары менен эки мөөнөт Президент боло алат. Аткаруу жана сот бийлиги негизинен Президент тарабынан тузулот.

2. Жогорку Кенешке депутат болуу укугунан 21 жаштан 25 жашка чейинки жаштар, чет өлкөлөрдө жашап келген жарандар ажырайт.

3. Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо кайрадан бир мандаттуу округдар (мажоритардык система) аркылуу шайлоо жургузулот.

4. Жогорку Кенештин депутаттарынын саны 120 эмес, 105 болуп калат.

5. Конституцияда парламенттик оппозицияга берилген кепилдиктер алынып салынат.

6. Сот бийлиги көз карандысыз болбой калат. Судьяларды Президент тандап кызматка сунуштайт, дайындайт, кызматтан бошотот.

7. Адам укуктарын жана эркиндиктерин коптогон чектоолор киргизилет. Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес деген жобо алынып салынат. Соттун чечимисиз эле турак-жайды тинтүүго жол берилет.

8. Өлүм жазасы кайра киргизилет.

9. Кыргыз Республикасынын жараны башка мамлекеттердин жараны боло албайт.

10. Орус тили расмий тил статусунан ажырайт.

11. Жер жеке менчикте жана муниципалдык менчикте болбой калат.

12. Шаарлардагы аткаруучу бийликтерди (мэрияларды) мамлекеттик администрациянын башчысы жетектеген мамлекеттик жергиликтуу администрация, айылдарда жана поселкаларда аткаруучу бийликти тийиштуу кенештердин төрагалары ишке ашыра баштайт.

13. Ош шаары республикалык маанидеги шаар статусуна ээ болбой калат.

14. Эсептөө палатасы, Акыйкатчы (Омбудсмен) институту жоюлат.

15. Жогорку Арбитраждык соту, облустук кенештер кайра калыбына келтирилет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×