Добавить статью
5:31, 6 марта 2012 41495

Аймактын атын чыгарган айымдар

Аялзаты кыргыз элинде ар дайым урматталып, коомдо татыктуу орун ээлеп келген. Кыргызстанда аялдардын саясатка аралашуусу үчүн эч кандай чек да коюлган эмес. Аялзатынын бул укугу мыйзамдар менен да корголгон. Бирок, ал мыйзамдар дайыма эле аткарыла бербейт. Айрыкча, карапайым калк менен түздөн-түз иштеше турган жергиликтүү бийлик органдарында аялдар аздык кылат. Мисалы, Кыргызстан боюнча облус деңгээлинде бир эле аял губернаторлук кызматты аркалоодо. Райондук деңгээлде аял-аким болгон жок. Кыргызстанда 450дөн ашык айыл өкмөттөрү болсо, анын 20 чактысында гана аял заты жетекчиликте турат. Акимдерди шайлоого токтоло турган болсок, Жогорку Кеңештин «Ар Намыс» фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева акимдикке көрсөтүлгөн талапкерлердин арасында аялдар жок экенине нааразы болуп, талапкерлер тизмесинде гендердик баланс сакталбаганын сынга алды. Ал Кыргызстан калкынын 52 пайызы аялдар экенин айтып, акимдик кызматка көрсөтүлгөн талапкерлердин үчтөн бири аялдар болушу керектигин белгилейт.

Ушундан улам Ө.Текебаевдин курсу менен бараткан А.Атамбаев менен Ө.Бабановдун бийлигинин жүзү ачылып, тең сакталбаганы көрүнүп турат. Союздун учурунда жана андан кийин аймактан чыккан жана иштеген Роба Абсаматова, Зеби Кутманова, Айкөкүл Мырзакаримова, Асылгүл Абдырехменова, Бөпө Каримова, Зуура Нурматовалар эсте калды. Жалалабаддыктар Жаңыл Түмөнбаева жөнүндө да жакшы сөздөрдү, кылган кызматын айтып жүрүшөт. Аялдардан Ж.Эгембердиева Чаткалда районунда аким, Бүмайрам Мамасейитова Майлуу-Суу шаарында мэр болгонун эл унута элек. Кара-Көлдө мэр жана Жалал-Абад областында губернатордун орун басары болуп иштеген Равшан Абытканованын жетекчилик ордун, адамгерчилигин көп айтышат. Областтык эң таасирдүү ММКны да аял–Бактыкан Ажымаматова башкарып, ЖТРде үч жолу жетекчи болду. Ноокен районунда акимдин орун басары болуп көп жыл иштеп, акимдерден кем эмес кадыр-баркы бар, учурда эс алууда жүргөн Тажикан Самидинова эженин эмгегин унутпашыбыз керек.

Өкүнүчтүүсү алардын айрымдары азыр арабызда жок, бирок алардын эмгектери, таланттары эсте калды. Биз Курманжан датканын атын өчүрбөй эл журтуна ак кызматын кылган жана ал эмгегин улантып жаткан айымдарга таазим кылабыз.

Убагында Жалал-Абад областында губернатордун орун басары болуп иштеп кеткен айымдар азыр да мекен жүгүн аркалап, жооптук ызматтарды аркалоодо. Алар-Жылдыз Жолдошева Жогорку Кеңеште «Ата Журт» партичсынан шайланган депутат, Жаңыл Түмөнбаева, Кыргызчтан элдери ассамблеясынын төрайымы, Равшан Абытканова –Кара-Көл шаарында банктын жетекчиси, Камила Талиева Жогорку Кеңеште «Ар-намыс» партиясынан депутат, Дамира Алимжанова Кыргызагропрод корпорациясынын Биштектеги жоопту кызматкери. Жалал-Абад областтык статистикалык башкармалыгынын маалыматынан алынган маалымат боюнча аймактагы гендердик абал төмөнкүдөй:

-Жалал-Абад областынын калкынын жалпы саны 1 млн 30 миң. Анын ичинен 517 762си аялдар болуп 44% түзөт.

-Жумуш менен камсыз болгон аялдар 37869 болуп 48,3 % түзөт.

Областтта жергиликтүү кеңештерге -1388 депутатат анын ичинен 159 аял болуп 11% түзөт.

-Жетекчи аялдар 33,4 пайызды түзөт.

-12 район-шаардын мамлекеттик администрация башчыларынын, мэрлердин орун басарларынын 11–аялдар.

-Өнөр жайда иштеген аялдар -14,5% түзөт

-Айыл чарбасында иштеген аялдар 20,6 % түзөт.

-Билим берүү тармагында иштеген аялдар 74,2% түзөт

-Медицинада 30,1 % түзөт.

-Калкка кызмат көрсөтүүдө 45,4% түзөт.

-Айыл округунун башчысыларынан 2өө аял.

-Аялдар үчүн кризисттик 1 борбор бар.

-76 аялдар кеңеши иштейт.

-Көп балалуу энелер- 8105 («Баатыр эне» медалынын ээси -5746, «Эне даңкы» медалынын ээси – 2359

Учурда Жалал-Абад областынын ар кайсы тармактарда камчы салдырбай өз ишин алдыга жылдырган айымдарыбыздын жоон тобу бар. Алар: Жумагүл Эгембердиева, Асылкан Раманкулова, Зирекан Батырбекова, Шахзада Баймурзаева, Гүлзат Аширова, Гүлзат Алимбаева, Чолпон Эргешова, Сейил Аталиева, Кадича Пратова, Алиман Аманова Айнура Осмонова, Зымрат Матанбаева, Мубара Абдулатипова, Клара Тапкеева сыяктуу жетекчи айымдар.

Ал эми эч кандай бийлиги жок бирок, өнөрү менен таланты менен таанылып, элдин эсинде жашап жаткан аймактын айымдары көп. Алар аймакта жүрүп, атагы Кыргызстанга таанылган маркум Азада Бегимкулова, Жалал-Абаддын брендиси болгон Шахра Талипова, Дилкумар Жолдошева, Чынара Дооронова, Назира Мырзабаевалар жана башкалар.

Ал эми «Аялзат» тобу 2009-жылдын 8-мартында уюшулган. Топ Сузак районундагы Багыш айыл округунун жашоочуларынан элүүдөн эңкейген, алтымыштан ашкан, жетимишке жетейинчи деген байбичелерден куралган. Топтун көркөм жетекчиси Багыш айыл округунун аялдар комитетинин төрайымы «Аймира» коомдук фондунун жетекчиси Анаркүл Машаева.

Топтун репертуарында эски мукамдуу элдик ырлар, Р.Абдыкадыровдун, А.Атабевдин, К.Тагаевдин,Б.Букалаевдин, А.Айталиевдин чыгармаларынан чыгармаларынан бар.

«Аялзат» фольклордук тобу 2009-жылы Нооруз майрамына карата уюштурган конкурста 1-орун, 2010-жылы Бишкекте өткөн айыл таланттары республикалык фестивалынын катышуучусу. 2011-жылы 31-августта Бишкекте өткөн Эгемендүүлүк күнүнө Жалал-Абад областынын атынан келип катышкан. 2011-жылы 28-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнүнө карата Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Энелер тынчтык үчүн» аттуу концерт берип келишкен.

Ош коогалаңынан кийин «Энелер тынчтыкты каалайт» аттуу концерттик программасы менен Ош,Жалал-Абад областтарында,тагыраак айтканда Ошто, Он-Адырда, Шейит-Дөбөдө, ХБКда ошондой эле Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Сузак райондорунда улуттар аралык мамилени бекемдөө үчүн концерт коюп чыгышкан.

Ысык-Көлдүн туристтик сезон убагында көлдү кыдырып жергиликтүү элге жана чет элден келген туристтерге концерт берген.

«Аялзат» тобунун курамы жалаң байбичелерден турганына карабастан, жаштар аткара албаган жумуштарды аткарып жатат. Кыскасы, республикабызда гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча көп иштер аткарылып жаткан менен кемчиликтер, тынчсыздандырарлык көрүнүштөр да аз эмес.

Жаз мезгилинин келиши менен, жер жарыла чөп чыгып, желин айрый сүт чыгып, жаздын жылуу деми тирүү жандыктын баарына илгери үмүт берсе, Сиздердин 8-март майрамыңыздар ар бирибизге дем-күч берип, жарык маанай тартуулап турат.

Майрамыңыздар менен мээримдүү мекендеш айымдар!

Бар болгула, аймактын асыл айымдары!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-06-2013
Майлы-Суу шаарында мэр менен төраганы шайлоодо бир пикирге келе албай жатышат
60393

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×