Добавить статью
9:01, 6 марта 2012 46275

М.Мырзакматов шайлоочуларын жеңиши менен куттуктады

Автор: Ош мэриясы

Урматуу Ош шаарынын шайлоочулары!

Кадырман калайык калк!

Мен Сиздерге 4 -март күнү болуп өткөн Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгына болгон шайлоодо «Улуттар биримдиги» элдик партиясын колдоп өз добушуңуздарды бергендигиңиздер үчүн терең ыраазычылыгымды билдиремин.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мурда болуп өткөн шайлоолордон бул шайлоонун өзгөчөлүгү, партиялык системада өткөрүлдү. Шайлоочуларга тигил же бул партиянын Программасын, анын алдыга койгон максаттарын, андагы тизмеге киргизилген талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп, өзү тандаган партияга добуш берүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Тилекке каршы, мен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси катары айтып коюга милдеттүүмүн, айрым саясый партиялар тарабынан административдик ресурсту ачыктан ачык колдонуу, көптөгөн мыйзам бузууларга жол коюу учурлары болду. Албетте, мунун терс таасири 2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин, көптөгөн иш-аракеттердин негизинде стабилдүүлүк камсыз кылынып, туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн көп улуттуу бир тууган элибиздин биримдикте, ынтымактуулукта жашоосуна кедергисин тийгизди десем жаңылышпайм. Айрым жетеленме, элдин бейпил турмушунан өз кызыкчылыгын жогору койгон аткаминер жетекчилердин коркутуп-үркүтүүсүнөн өз оюн эркин билдире албаган шайлоочуларыбыз болбой койгон жок.

Эң негизгиси, урматтуу шайлоочулар, көпчүлүгүңүздөр, шаардагы, жалпы Республикадагы учурдагы абалды туура түшүнүп, кылымдарды карыткан ордолуу Ош шаарбыздын элине тынчтыктан, биримдүүлүктөн кымбат эч нерсе жок экендигин туура түшүнүп, «Улуттар биримдиги» элдик партиясын колдодуңуздар. Жыйынтыгында бул партия, алдын ала эсептөөлөргө караганда белгиленген 45 мандаттан 23 мандатка ээ болуп отурат. Бул чоң жетишкендик. Бирок бул ийгилигибизди бурмалоого аракеттенген күчтөр жок эмес. Ош шаарынын шайлоочулары өздөрүнүн жетишкендиктерин коргоп калаарына шек жок.

Учурдан пайдаланып, мен дагы бир жолу урматтуу шаардыктар, Сиздерге жана өлкөбүздүн булуң бурчтарынан «Улуттар биримдиги» элдик партиясын чын жүрөктөн колдоп турган жарандарга жүрөктөн чыккан терең ыраазычылыгымды билдиремин.

Шаарбыздын аткаруу бийлиги менен, өкүлчүлүк бийлиги бир максатты алдыга коюп, бирдиктүү иштегенде гана шаардын мындан аркы өсүп-өнүгүүсүнө, андагы жашаган элдин турмуш шартынын оңдолуусуна кеңири шарт түзүлөт. Бул шайлоодо чындык, акыйкаттык жеңди. Ошондуктан, бул жеңиш - сиздердин жеңишиңиздер урматтуу шаардыктар!

Жеңишиңиздер менен!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-02-2012
Ош мэриясы шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде өткөрүүнүн аракетинде
54387

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×