Добавить статью
2:15, 9 марта 2012 19119

Жергиликтүү бийлик органдарына шайлоолордун жыйынтыгы тууралуу билдирүү

«Замандаш-Современник» саясий партиясынын жергиликтүү бийлик органдарына шайлоолордун жыйынтыгы тууралуу билдирүүсү

Ош, Токмок жана Каракол шаардык кеңештерине болуп өткөн шайлоодон кийин коомчулукта Кыргызстанда акыйкат жана таза шайлоо өткөрүлө тургандыгынан дагы бир ирет күмөн пайда болду.

Элдин нааразычылыгы жана башталган митингдер президентке, өкмөткө жана бардык саясий күчтөргө, саясий оюндар эмнеге алып бараарын терең ойлонушу керектиги туурасындагы белги болгондугу айкын. Өзүлөрүнүн талапкерлерин, тигил же бул талапкердин эл арасындагы популярдуулугун жакшы билген Токмок жана Караколдун тургундары үчүн шайлоонун алгачкы жыйынтыктары шайлоочулардын көңүл калуусун жана каршылыкты жаратты. «Замандаш-Современник» партиясынын өкүлдөру жогорудагы аймактарда болуп өткөн шайлоолордун жүрүшүндө көптөгөн мыйзам бузууларды жана бурмалоолорду, анын ичинде добуштарды эсептөө учурунда электр жарыгынын өчүрүлүшүн белгилешти.

Шайлоо жүрүшүндө болгон одоно кийлигишүүлөр жарыяланган жыйынтыктардын чындыкка дал келээринен шек туудурат. Токмок жана Караколдун көпчүлүк тургундары шайлоонун жыйынтыгын таанышпайт. «Замандаш-Современник» партиясы, сырттан болгон кийлигишүүлөр бурмалоолорго алып келди деп эсептейт. Мындай шайлоолорду таанууга бизде каалоо да, моралдык укук да жок. Түшүп бараткан рейтингин көтөрүү үчүн бурмалоо жана алдамчылыкка таянган бийликтин келечеги барбы?

Ал эми Ошто болуп өткөн шайлоо кампаниясы дагы бир топ күмөн саноону жаратат. «Замандаш-Современник» партиясынын облустук мекемесине, жүздөгөн нааразы шаар тургундары арыздары менен кайрылышты. Учурда биз арыздарды кабыл алып, мыйзам бузууларды каттап жатабыз. «Замандаш-Современник» партиясынын Оштогу бөлүмү Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына тартип бузуулар тууралуу билдирди. Кандай болсо да, алдын ала чыгарылган жыйынтыктар боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо» мыйзамынын 56-беренесине ылайык, «Замандаш-Современник» партиясы бир депутаттык мандат алуусу керек.

Биз болуп өткөн жергиликтүү бийлик органдарын шайлоодо «Замандаш-Современник» партиясын колдогондордун бардыгына ыраазычылык билдиребиз. Биз үчүн берилген ар бир добуш кымбат. Элдин каалоо-тилегин кагаз бетинде гана бурмаласа болот. Элдин жүрөк тандоосуна, колдоосуна татыган гана партиянын келечеги бар.

Чөнтөк партияларга айланган президентчил «Алга Кыргызстан» жана «Ак жол» партиялары дагы массалык бурмалоолор менен шайлоолордо жеңишке жетишкен, бирок алардын лидерлери добуштарды сатып алуу жана өз элин алдоо жакшылыкка алып барбастыгын кеч түшүнүштү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×