Добавить статью
2:28, 9 марта 2012 10857

Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга кайрылуусу

4-мартта Орусияда президенттик шайлоо өттү. Бирок шайлоонун жыйынтыктары бүтүп бүтпөй эле кээ бир адамдар нааразычылыгын билдирип каршы чыгууда. Элди кошо козутуп, анын ичинде мигранттарды да өз максаттарында колдонууну көздөөдө.

Кыргызстандан кеткен 400 миң адам Орусиянын жарандыгын алып жана 600 миңи жарандыгын албай, баш аягы бир миллионго жакын биздин калк бул боордош мамлекетте өз ырыскысын таап иштеп жүрөт.

Орусияда болгон шайлоо бул алардын ички иши. Биздин милдет ынтымакты жана тартипти сактоо. Биз Орусиянын мусулмандары менен кылымдар бою жакшы мамиледе жашап келдик, бул ынтымак дагы да улана берсин деп тилек кылабыз.

Биз азыркы шайланып жаткан Владимир Путиндин өзүн да колдойбуз. Президенттике талапкер болгон башкалары “Орусия орустар үчун!”, “Азияттар Азиясына кетсин!” деген ураандары менен бизге кандай мамиледе экенин көрсөтүп жатышпайбы.

Биз ызы-чуу, калктын көтөрүлүүсү дегенди көрдүк жана башка эч бир элге андайды каалабайт элек. Бөтөн мамлекеттер келип өлкөнүн ички саясатына кийлигишүүсүнүнүн кесепеттерин Араб өлкөлөрүндөгү токтобой жаткан толкундоолордон да көрүп турабыз.

Урматтуу, Орусияда эмгектенип жаткан бир туугандар! Тынчтыкты, тартипти сактаңыздар. Бири бириңер менен телефон, смс, интернет аркылуу байланышып ыйманга, ынсапка жана сабырдуулукка чакырып туруңуздар. Шыкакчылыкка жол бербей, ар бир нерсени “Жети өлчөп бир кес”, “Жакшы болуш аста аста жаман болуш бир паста” менен тескеп турсаңыздар.

Аллахтын сиздерге тынчтыгы, мээрими жана берекеси болсун!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×