Добавить статью
6:17, 14 марта 2012 48282

Кайрылуу

Урматтуу кыргызстандыктар!

Жалпы журт жакшы билгендей, 2012-жылдын 4-мартында Ош шаардык кеңешине шайлоолор болуп өттү. Бул жарышта эптеп жеңишке жетишүү үчүн «Республика» жана КСДП партиялары административдик ресурсту кеңири колдонуп, жергиликтүү элдин эркине каршы иш жүргүзүшкөнү маалым. Бирок көпчүлүк шайлоочулардын колдоосу менен «Улуттар Биримдиги» саясый партиясы ишенимдүү жеңишке жетишип, 23 депутаттык орунга ээ болду. Бул тууралуу Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын алдын ала чечими чыккан эле.

Тилекке каршы, борбордук бийлик «Улуттар Биримдиги» саясый партиясын алсыратуу максатында Оштогу бир нече шайлоо участкасындагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Натыйжада «Улуттар Биримдиги» саясый партиясынын добуштары уурдалып, жетишкен ийгилиги одоно бурмаланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык, «Улуттар Биримдиги» партиясынын эки депутаттык мандаты башка партияларга «энчиленип», устукан сымал тартылып кетти. Бийликтин мындай караөзгөй чечими карапайым калктын кыжырына тийип, элди толкутууда!

2012-жылдын 1 мартында Ош шаарында өткөн тынчтык жана ынтымак митингинин катышуучулары борбордук бийлктен шайлоонун таза, ачык жана мыйзам чегинде өтүшүн талап кылышкан. Тилекке каршы борбордук бийлик отуз мин элдин бул талабын көз жазында калтырды.

Биз, Ош шаарынын көп улуттуу калкы, «Улуттар Биримдиги» саясый партиясынын жетишкен жеңишин кайрып берүүнү Борбордук шайлоо комиссиясынан талап кылабыз! Адилеттүүлүктү орнотуу үчүн, биз сот органдарына кайрылууга даярбыз. Бирок, бийликтин көзү менен тең айланган соттордон адилеттүү чечим чыкпашын да жакшы билебиз.

Биз, Оштогу митингдин катышуучулары, борбордук бийликтин мындай чечимине кескин түрдө каршы экенибизди билдиребиз! Элдин эрки менен эсептешпеген бийликтин келечеги жок экенин дагы бир ирет Ак Үйдөгү аткаминерлерге эскертебиз. Борбордук бийликтин мындай эки жүздүү саясаты Ош шаарындагы саясый абалды кескин курчутуп, жарандык биримдикке чоң доо кетирери шексиз! Бул талаптын аткарылышы үчүн биз мөөнөтсүз каршылык акцияларын уланта беребиз.

Бизге Кыргызстандын тынчтыгы абадай зарыл! Бакубат, бирдиктүү жана күч-кубаттуу Кыргызстанды куруу биздин асыл максатыбыз. Андыктан республикадагы бардык саясый күчтөрдү Оштогу шайлоо боюнча адилеттүү ак сөзүн айтууга чакырабыз!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×