Добавить статью
3:29, 15 марта 2012 48990

КР премьер-министри Ө.Т.Бабановго кайрылуу

Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!

Сизди Мамлекеттин башында турган жооптуу жана түйшүктүү ишиңизге ийгилик жана оомат, өзүңүзгө бекем ден-соолук каалоо менен «Республика» саясий партиясынын Жалал-Абад областындагы район-шаарларындагы бөлүмдөрүнүн координаторлору жана жалпы мүчөлөрү сизге төмөнкүдөй өтүнүч кат менен кайрылабыз:

Биз, өкмөттүн коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан иш-чараларын колдойбуз. Бирок, мына ушул коррупция менен күрөшүүдө ар кандай чагымчыл күчтөрдүн аракети басымдуурак кылып, күнөөсү толук далилденбестен, айрымдардын кызыкчылыгы үчүн коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кылтагына илинип калууда.

Мисалы, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салымын кошуп келген жана сиздин саясатыңызды жүргүзүүдө опол-тоодой эмгеги бар КРнын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Кыргыз агропродкорпорациясынын башкы директору Мамасалиев Дүйшөн Мамасалиевич азыркы учурда мыйзамсыз аракеттердин курмандыгы болууда. Тактап айтканда 2006-жылы Жалал-Абад шаарынын аймагынан 4 гектар жерди 24 үй-бүлөөгө мыйзамсыз бөлдүрүп берген деген бир жактуу айып тагылууда. Бирок, аны Д.Мамасалиев өзүм билемдик менен бөлүп берген эмес. Шаардык кеңештин сессиясынын чечиминин негизинде, мэриянын алдындагы турак-жай комиссиясынын макулдугу менен берилген. Мэриянын токтому азыркы кезде күчүндө. Сот тарабынан токтом туура эмес деп табылган эмес. 24 үй бүлөө жер тилкелерине турак-жай куруп жашап жатышат. Ошого карабастан тергөө органдары мыйзамга каршы аракеттерди жасап, кылмыш жаза жоопкерчилигине тартып жатат.

Дүйшөн Мамасалиев 2010-жылы парламенттик башкаруу системасын колдогон адамдардын бири. Тактап айтканда, парламенттик шайлоодо ЖКнын депутаттарын шайлоо учурунда «Республика» саясий партиясынын Жалал-Абад областы боюнча штабын жетектеп, анын жетекчилик жана уюштуруучулук жөндөмү менен биздин партия областта кадыр-барк алып, шайлоодо «Республика» саясий партиясы алдыга чыгып Жогорку Кеңешке биздин областтан алты талапкер депутат болуп шайланган.

Ошондуктан областтын аймагында кадыр-баркы жогору, тажрыйбалуу жетекчи Дүйшөн Мамасалиевичтин мыйзамсыз кармалып суракка алынышы жер-жерлерде нааразычылыктарды пайда кылууда.

Мамасалиев Дүйшөн Мамасалиевич ата-энесинен эл үчүн кызмат кылуу тарбиясын алган инсан. Ал алгачкы эмгек жолун Жалал-Абадка келип, 1977-жылдан 2006-жылга чейин Жалал-Абад шаарындагы «Нур» заводунда катардагы инженер-технолог кызматынан аталган заводдун башкы директорлугуна чейинки жолду басып өткөн. Бир канча жолу шаардык, областтык кеңештерге депутат болуп шайланган.

2006-жылдын 1-апрелинен Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, ошол эле жылы 16-майда шаардын мэрлигине шайланган. Дүйшөн Мамасалиев иштеген жылдардын аралыгында Жалал-Абад шаары бир топ өнүгүп, анын уюштуруучулук аракети менен Жалал-Абад шаарынын 130 жылдык мааракесине карата 130 объект курулуп, эл үчун пайдаланууга берилген. Андан кийин ар жактан артта калып, социалдык-экономикалык абалы оор делген Таш-Көмүр шаарынын жетекчилигине которушуп, аталган шаарды алдыга жылдырууда шаардын эли менен тыгыз иш алып барган.

2010-жылы жогоруда айтылгандай өлкөдөгү эн жаш партиялардын бири «Республика» саясий партиясынын түптөлүүсүнө чоң салымын кошкон.

Эл үчүн кызмат кылган, ак дил, ак эмгек менен иштеп келген мындай көзгө көрүнөөрлүк уулдарыбызды ушинтип жок кылып алганыбыз бул Жалал-Абад областынын мыкты жигиттеринин бирине саясий куугунтуктун башталышы же 1937-38-жылдардагы Сталиндик репрессия деп биз, областын тургундары нааразы болуп жатабыз.

Урматтуу Өмурбек Токтогулович!

Сизден көптөн-көп суранаарыбыз мамлекеттин өнүгүүсү үчүн Дүйшөн Мамасалиев сыяктуу эл уулдарына ишеним көрсөтүп, коргоп, колдоо көрсөтүңүздү суранабыз.

Сизди терең урматтоо менен, «Республика» саясий партиясынын Жалал-Абад областынын район-шаарларындагы бөлүмдөрүнүн координаторлору жана мүчөлөрү:

Арпабаев Асылбек – «Республика» партиясынын Жалал-Абад областты боюнча координатору,

Мамаев Тыныч - «Республика» партиянын мүчөсү

Саматова Феруза - Жалал-Абад шаардак бөлүмүнүн координатору

Абдыллабеков Манас - «Республика» партиясынын мүчөсү

Сайпидинов Жоробай - Ноокен району боюнча координатору

Мырзаев Максат - Базар-Коргон району боюнча координатор.

Артыкбаев Эркин – партиянын Сузак району боюнча координациялык кеңештин тең төрагасы

Божиев Азим - партияныны Базар-Коргон району боюнча координатору.

Кайрылууга бардыгы болуп 110 адам кол койгон.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×