Добавить статью
11:17, 26 марта 2012 75904

Трактордук бригада Ноокенде 100 га жерди 1 миң 500 сомдон айдады

2012-жылдын 23-март күнү «Кабар» маалымат агенттигине «Жалал-Абаддагы дыйкандарга бөлүнгөн тракторлордун 9у Мариям ишканасына берилип кетти» деген темада жарыяланган маалымат бир жактуу жана «Республика» партиясынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Б.Төрөбаевди каралоо максатында жазылган деп эсептейбиз жана айрым тактоолорду билдирип коюуну туура деп таптык.

Жашырганда эмне буга чейин канчалаган тракторлор алынып, бирок ишинин натыйжасы деле көрүнбөй кумга сиңген суудай болуп жок болуп кетип жатат. Ал эми трактор ала тургандар деле ар кандай бут тосууларга туш болушуп, облустук администирациянын айыл чарба бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жана бөлүм башчылары тарабынан жең ичинен берилип келгендиги тууралуу да дооматтар бар. Ушул кенемтени колго алып жыйырма жылдан бери кооператив, техсервис түзүү саясаты жүргүзүлүп, бирок толук ишке ашпай келе жаткан ишти ишке ашыруу максатында «Өнүгүү» кыймылы түзүлүп «Мариям» ЖЧКсы «Айылбанк» аркылуу Беларусь МТЗ-82 тракторлору мыйзамдын негизинде насыянын талабына ылайык баардык жоопкерчиликтерди мойнуна алып, Жалал-Абад облустуна атайын элдин кызматын кылуу максатында атайын трактордук бригада түзүлүп, учурда Ноокен районунда элдин жерин 1 миң 500 сомдон айдап жатат. Ал эми азыркы мезгилде башка тракторчулар Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда бир гектар жерди айдап берүү кызматы 2 миң 700-3 миң сом, ал эми трактордук бригада бул сумманын тең жарымына айдап берүүдө. Тактап айтканда, ал тракторлор «Мариям» ун комбинатынын жумуштарына кызмат кылган жок. Пайда көрүү үчүн баасын асмандатып жергиликтүү базар баасы менен элге кызмат көрсөткөн жок. Ошондой эле Б.Төрөбаев өзүнүн жеке максатын көздөп, тракторлорду Чүйгө алып барып иштетет экен деген маалымат да жалган. Бул маселени ар кандай саясий интрагага айландырган адамдардын эмне максатты көздөп жаткандыгы түшүнүксүз. Алардын ишке ашыруу колунан келбей элдин кызыкчылыгында иштеп жаткан демилгени ар кандай ыкмалар аркылуу көрө албастык кылып, бурмалаганы туура эмес. Ишенишпесе, Ноокен районунда Достук айыл округунун Кызыл-Туу айылына барып жергиликтүү дыйкандардан сураса болот. Бул элдин кызыкчылыгына каршы кылган аракет жана демилгеге бут тосуу деп эсептейбиз.

Трактордук бригада учурда Ноокен районунун аймагынан 100 гектар жерди 1 миң 500 сомдон айдады, дагы 900 гектар айдалат. Алдыда дагы Базар-Коргон, Сузак райондорундагы 1000 гектар жер жогорудагы арзан баада айдалып берилет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×