Добавить статью
7:58, 27 марта 2012 13435

Жоомарт Оторбаевге жана өкмөт мүчөлөрүнө ачык кат

Урматтуу Жоомарт Каипович!

Ушул жылдын 22-мартында сиз бизге, Көпүрө-Базар айылына, Өкмөттүн атайын расмий өкүлү катарында келип кеттиңиз. Сиз бизге, биздин айылга жакын жайгашкан Андаш кенин иштетүүгө элдин ой-пикирин билүү максатында келдиңиз.    

Бирок ошентсе да жолугушууда, биз баарыбыз чыгып өз оюбузду билдиргенге мүмкүнчүлүк болгон жок. Талас районунун акими Байрак Сейдибалиевич, ким чыгып сүйлөөрүн жана сүйлөбөсүн жеке өзү гана чечип койгон. Тизмеде биздин да фамилияларыбыз бар болчу, бирок буга карабастан бизди керек болсо микрофонго да жакын жолотпой коюшту. Ал гана эмес кенди иштетүүнү колдоочулардын бири Төрөбай Бекбоевду, ал сүйлөөчүлөрдүн тизмесин алып бара жатканда, аны жөн гана залдан нары түртүп чыгарып салышты. Муну сиз дагы көрүп турдуңуз. Ал эми Байрак Сейдибалиев болсо тартипти сактоого же экинчи тараптын ой пикирин укканга да аракет кылып койгон жок. Жолугушууну тартипке салып же токтотпостон, тескерисинче ал жөн гана эч нерсе болбогонсуп уланта берди. Өкүнүчкө карай сиз дагы муну жөн эле байкап карап отурдуңуз. 

Ошондуктан биз азыр Бишкекке келдик. Көрсө сизге кайрылууну биздин айыл өкмөттүн жыйындар залында, сиздин жаныңызда үч метр аралыкта отуруп жасагандан көрө журналисттер аркылуу кылган оңоюраак экен. Ошентсе да биз сизге өз оюбузду билдиргенге абдан ынтызарбыз.   

Эмнеге биз кендин иштешин колдоп жатабыз?

Себеби 25 жыл мурун биздин айыл кандай болгону дагы да болсо биздин эсибизден кете элек. Ал кезде Каракол колхозу Эмгек кызыл туу ордени менен сыйланган. Жана биз анын азыр кандай абалда экенин дагы жакшы билебиз. Азыр биз өзүбүз менен өзүбүзбүз. Айылдын жартысы эптеп-септеп тапкан акча менен жан бакса, жартысы пенсия пособия менен күн көрүп келүүдө. Бизге жаңы жумуш орундары керек, жана биз жакшы айлык акы жана мындан ары да айылдын өнүгүшүн каалайбыз. Эгерде рудник ачылса анда бизде таптакыр башкача жашоо башталат.  

Баарынан да бизди ойлонткон нерсе бул, азыр чечимдердин өтө чечкиндүү кабыл алынып жаткандыгы. Биз корккон нерсе бул жалпы ишенбөөчүлүктүн жана кыжырдануунун артынан Көпүрө-Базар айылынын келечегине түбөлүк балта чаба турган чечимдин кабыл алына тургандыгы. (Бирок) Бул чечим жалган таасирдин негизинен кабыл алынмакчы. 

Бул жерде жаратылышты коргойбуз деген сөз жөн гана шылтоо. Себеби Андаш кени башка Жерүй, Кумтөр кендеринен эч кандай деле айырмасы жок, алар деле суу башаттарында жайгашкан. Же сиз эмне бизди экология жана өз ден-соолугубуз тууралуу кам көрбөйт деп ойлойсузбу? Биз дагы, биздин балдар дагы так ушу айылда жашап калабыз.

Эгер компания тууралуу айтсак, анда ар бир компания экологиялык талаптарды бекем сакташат жана эмне үчүн анда анын иштешине тыюу салуу керек? Андаш долбоору үчүн атайын көз каранды эмес комиссия түзүңүз, адистерди чакырыңыз, шашылыш чечим кабыл албаңыз!  

Сиз азыр жөн гана үстүртөн көрүп жатасыз. Бош челек, толтура челекке караганда катуурак калдырайт. Мас адамдын айкырык-кыйкырыгы, соо адамдын айткан сөзүн басып кетет.

Ошондуктан сизден суранаарыбыз бизди да угуп көрүңүз, биздин көз карашты четке какпаңыз. Биз сиздин айткан сөзүңүз, чыгарган чечимиңиз адилеттүү жана таза болооруна толук ишенебиз.  

Чыгып өз оюн сизге айта албай калган адамдардын атынын

Көпүрө-Базар айылынын тургундары

Төлбашиев Андакул,

Батырбаев Акберди,

Долодиярова Венера,

Эшалиева Батмакан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×