Добавить статью
11:00, 28 марта 2012 12475

Т.Мамаевдин дооматтары негизсиз

Т. Мамаевдин 2012-жылдын 23-марты күнү «Кабар» маалымат агенттигине «Жалал-Абаддагы дыйкандарга бөлүнгөн тракторлордун 9у Мариям ишканасына берилип кетти», - деген темада жарыяланган маалыматына тактоолор.

«Жашырганда эмне буга чейин канчалаган тракторлор алынып, бирок ишинин натыйжасы деле көрүнбөй кумга сиңген суудай болуп жок болуп кетип жатат. Ал эми трактор ала тургандар деле ар кандай бут тосууларга туш болушуп, облустук администирациянын айыл чарба бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жана бөлүм башчылары тарабынан жең ичинен берилип келгендиги тууралуу да дооматтар бар», - деп билдирген Т.Мамаев.

Ошондуктан областтык мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн «Айыл товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди, товардык материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү боюнча» комиссиясынын аткарып жаткан иш аракеттери боюнча маалымат берүүнү тура деп таптык.

Комиссия, областтын райондоруна айдоо аянттарынын көлөмүнө карата пропорциялык негизде айыл чарба тармагына келген кредиттерди, товардык материалдык ресурстарды (айыл чарба техникалары, кредиттер, минералдык жер семирткичтер , үрөөндөр, дизелдик отундар ж.б.у.с.» райондорго бөлүштүрөт жана анын район-айылдык округдарда тура бөлүнүшүн көзөмөлдөйт.

Кытай эл Республикасынан келген тракторлор дал ушундай жол менен бөлүнүп берилген. Комиссиянын чечимдери протокол менен бекитилген жана областтык мамлекеттик администрациясынын жалпы бөлүмүндө сакталып турат.

Ушул убакка чейин комиссиянын чечимдерине эч бир айылдык округ же райондук мамлекеттик администрациялар, райондук агрардык өнүктүрүү башкарамалыктары тарабынан келишпестиктер боло элек. Себеби: комиссиянын негизги принциби субъектердин айдоо аянтынын көлөмүнө жараша келген кредиттерди, товардык материалдык ресурстарды бөлүнүп берилиши. Ошондуктан Т. Мамаевдин дооматтары негизсиз деп билдиребиз.

Ал эми сөз болуп жаткан Беларусь МТЗ-82 тракторлору «Айылбанк» аркылуу берилген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×