Добавить статью
3:14, 29 марта 2012 25624

Президенттик расмий катка жооп кат

Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш. Атамбаевке

Урматтуу Алмазбек Шаршенович

«Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонддун 2011-жылдын 29 декабрындагы № 14 катында акыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты тарабынан даярдалган документтерде «мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган ислам» («светский ислам») деген сөздөр пайда боло баштаганына, мындай жаңы түшүнүктөр Ислам динин бурмалай тургандыгына Сиздин көңүлүңүздү бурууга аракет жасалган эле.

Ал катта эзотерикалык билимге ээ болгондор тарабынан Конституцияда «светский» деген сөздүн «мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган» болуп которулгандыгын эске алып, «шариат» менен «мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мыйзамдардын (светским законодательством)» өз ара айырмасына толугураак түшүндүрмө берилген.

Мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мыйзамдар Мамлекетти тейлейт жана кишинин үчүнчү көрүнүшү болгон анын дене-синин (тыкыс материясынын) кызыкчылыгын көздөйт. Караңгылыкка кызмат кылган энергетикалык жандуу нерселердин кызматтагы кишилердин аң-сезимине жасаган басымы менен мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мыйзамдарда материалдуулукту материалдык эмес жагынан атайын бөлүп турушат деп айтылган.

Ал эми Шариат болсо Динди тейлейт, Дин болсо кишинин биринчи жана экинчи көрүнүшү болгон Рух менен жан-дын кызыкчылыгын көздөйт. Чыныгы Шарият материалдуулукту материалдык эмес жагынан ажыратпай чогуу караары тууралуу айтылган эле.

Андан сырткары, эгерде «Мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган» деген сөз диндин карама каршысы деген түшүнүктү берсе, анда «мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган ислам» деген сөздөр эмнени түшүндүрөт? - деген суроо Сизге берилген болучу.

2011-жылдын 29 декабрындагы № 14 эзотерикалык катта «Коррупция жөнүндө кванттык деңгелдеги ой жүгүртүү» («Квантовое мышление о коррупции») деген орус тилинде жазылган эзотерикалык макаланын айрым саптарына токтолуп, ал макалага ылайык төмөнкүлөр айтылган эле:

«Коррупция жөнүндө фактыларды, коррупцияны жоготуу жөнүндө жана мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы жасаган иш аракеттерин айтаардан мурда, коррупциянын келип чыгуу себептерине көңүл буруу максатка ылайык болот. Мындай себептерди таап чыгуу өтө эле кыйын болот. Анткени калыптанып калган дүйнөлүк көз-караштар, ой-жүгүртүлөр кишилерге коррупция жөнүндө туура түшүнүктү жана элести берүүгө жол бербейт. Коррупция жөнүндө туура түшүнүктү жана элести алуу үчүн кишилерге Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билимди алууга жол ачылышы керек».

«Коррупция деген ой болот, ошону менен бирге мамлекеттин ашыкча материалдык жана акча ресурстарын өзүмдүк кылып алуунун негизинде байып кетүүгө багытталган кишинин жасалма рухунун талабы болуп саналат. Демек, коррупция энергия болуп саналат, ал материалдык эмес жана кишинин физикалык көзүнө көрүнбөйт, анын тамыры жана кыймылга келтирүүчү күчтөрү Кишинин денесинин материалдык эмес көрүнүшүндө жайгашкан.

Коррупцияны жоготуу үчүн катуу чараларды колдонуу керек деп бардыгы ойлошот. Бул чоң жаңылышкандык болуп эсептелет... Кишилердин материалдык эмес көрүнүшүн эске албай туруп коррупцияны жоготуу боюнча кабыл алынган масштабдык иш чаралар мамлекеттик бийлик системасында коррупциянын катышып турушун жок кыла албайт. Жогоруда түшүндүрүлгөндөй, коррупциянын тамыры жана кыймылга келтирүүчү күчтөрү кишинин материалдык эмес көрүнүшүндө жайгашкан, ушул себептүү коррупция эч кандай бузулуу процессине душар болбойт. Дин менен Мамлекет кишилерге Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билимди алууга жол ачышмайынча, дин кызматкерлери тарабынан ойлонуп чыккан диний догмалар менен кишилер иштеп чыккан мыйзамдардан «жашыруун» деген сөздөр алынып салынмайынча коррупциянын абалын бузууга болбойт». Тескерисинче, коррупция бийликтин бардык түрү менен сиңишип, ар кандай деңгелде жүргүзүлгөн иш чаралар менен чаташып, ээн эркин өнүгүп-өрчүй берээри тууралуу ал эзотерикалык катта кененирээк айтылган болучу.

Урматтуу Президент! Орусча жазылган эзотерикалык катка Президенттин аппараты тарабынан 2012-жылдын 16 январында кыргызча жазылган чыгыш №10-73-16860 расмий кат келди. Каршы болбосоңуз эми Президенттик расмий кат тууралуу сөз козгойун.

Президенттик расмий катта ойду – тоонун бары аралышып жазылган. Президенттик расмий катты жазган киши да, расмий катка макулдук берген административдик кызматтагы кишилер да аң-сезимдүү тиричиликтен таптакыр кабарлары жок экендигин, ал турмак кишинин түзүлүшү жөнүндө да эч нерсе билишпестигин жогоруда көрсөтүлгөн Президенттик расмий кат ачык айкын айгинелеп турат.

Кыргыздардын алыскы ата-бабалары «ойду –тоону» деген сөздөрдү колдонушканда, алар «тоо» дегенди физикалык көз менен көрүүгө болоорун, ал эми «ой» деген физикалык көзгө көрүнбөгөн нерсе экенин жакшы билишкен. Кишинин түзүлүшүнөн кабарлары бар алыскы ата-бабаларыбыз «ой» деген «энергия» болорун, ошон үчүн кишилик денедеги энергиялардын тең салмагын сактап жүрүш зарыл экендигин алар түшүнүшкөн.

Кудайдын ой-түшүнүгү боюнча ар бир сөз бир гана мааниге ээ болоору жана бир эле элести берээри акылы тунук кыргыздын алыскы ата-бабаларына белгилүү болгон. Тиричилик эки түрлүү көрүнүштөн тураарын (физикалык көзгө көрүнгөн жана физикалык көз менен көрүүгө мүмкүн эмес көрүнүштөрдөн), жашоо бар жерде ушул ал эки түрлүү көрүнүш бири-биринен ажырабастан ар дайым чогуу жүрөөрүн да алыскы ата-бабаларыбыз билишкен. Ушул себептен акылы тунук алыскы ата-бабаларыбыз «ойду –тоону» деген сөздөр менен чогуу жүргөн эки түрлүү көрүнүштүн элесин кыргыз элине берип келишкен.

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чынгыз Айтматов 2006-жылы Москва шаарында «ХХI кылым: миң жылдык жана доордун көйгөйлөрү» («ХХI век: вызовы и угрозы») деген журналдын ачылыш салтанатында «Өткөн замандарда кыргыздар ат үстүндө жүрүп, Ааламдын уйун саашып, Ааламдын уйунун сүтүн ичип жүрүшкөн» деген архивдик материалдан үзүндү келтирген. Ал Ааламдын уйунун сүтүн саап ичишкендер жашоо бар жерде бири-биринен ажырабай чогуу жүргөн эки түрлүү көрүнүштөн кабарлары бар, Караңгылыктын күчтөрүн башкарып келишкен акылы тунук кыргыздын алыскы ата-бабалары болушкан.

Бурмаланган сөздөрдү, эки манилүү же экиден көп манилүү сөздөрдү колдонуп сүйлөөнү кыргыздардын жакынкы ата-бабалары башташкан. Алар кишилик денедеги энергиялардын тең салмагын бузуп алышкандан кийин, «Окшош окшошту тартат» деген Космикалык Мыйзам күчүнө кирип, ага ылайык энергиялардын тең салмагы бузулган жерде Караңгылыктын күчтөрү кишиге үстөмдүк кылышып, кишилердин үстүнөн бийлик жүргүзө башташат.

Кишинин аң-сезимин тарытыш үчүн Дин менен Илимге жаңы парадигма киргизилип, кишилердин жаматтык ой-жүгүтүүлөрүнүн багыты өзгөртүлөт. Кудайдын ой-түшүнүгүн бузушуп, жашоо бар жерде Тиричиликтин бири-биринен ажырабай ар дайым чогуу жүргөн эки түрлүү көрүнүшүн атайылап экиге бөлүшүп, бийликтин күчү менен кишилерге физикалык көзгө көрүнгөн бир көрүнүшүн гана таңуулай башташат. Кудайдын жана Космикалык Мыздамдарга каршы келген адамзатынын мыйзамдары бийлик тарабынан иштелип чыга баштайт. Президенттик расмий катта айтылгандай Караңгылыктын Улуу күчүн «көөдөнүндө ыйык тутуп жүргөндөрдүн» кийинки муундарына бурмаланган жашоо-тажрыйбаны жеткириш үчүн жаңы каада-салттар ойлонулуп чыгып, алар да бийликтин күчү менен элдин маданиятына киргизелет.

Алыскы ата-бабаларыбыз айтышкан «ойду –тоону» деген сөздөрдүн маңызы бурмаланып, Президенттик расмий катта түшүндүрүлгөндөй, Караңгылыктын күчтөрүнүн таасири менен «ой» деген сөз менен кыргыздардын көз алдына чукур жердин элеси бериле баштайт. Президенттик расмий катта басым менен айтылган, кишинин материалдык эмес жагын унуттуруу максатын көздөгөн жана Динден жогору болуп кабыл алынган жаңы каада-салттар Караңгылыктын күчтөрүнүн таасири менен бара-бара «элдин тарыхый жана маданий мурас байлыгына» айланышат. Кишилердин аң-сезимдерин тарытууга түрткү берген көп манилүү сөздөрдү сүйлөөгө кыргыз элин мажбурлоо башталат.

Арадан убакыттар өтүп, бир нече муундар алмашкандан кийин тирүү жандуу жаратылгандардын денеси эки денеден: көзгө көрүнгөн жана физикалык көзгө көрүнбөгөн денелерден тураарын айткан киши бийлик тарабынан ата-бабалардан калган салт-адаттарды урматтабаган, «журтту бириктирип, баардыгын ээлеп, бийлеп турган дили бузулбаган башчы»-га каршы турган болуп каралат. 2012-жылдын 16 январында кыргызча жазылган чыгыш №10-73-16860 Президенттик расмий кат ушул айткандарыма далил боло алат.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, эгер намыс көрбөсөңүз, чындыкты бурмалабай айтанымды дагы улантайын. Акылы тунук киши ушул бир жарым барактан турган Президенттик расмий катты аягына чейин кунт коюп окуп чыкканча, анын акылы булганып калары талашсыз. Анткени Президенттик расмий каттын негизин бурмаланган сөздөр түзөт, андан сырткары бул кат окуган кишинин көңүлүн дин тууралуу бурмаланган түшүнүктөргө багыттап турат. Карапайым кишинин сөзү менен айтканда, Президенттик расмий катты жазган киши өзү деле түшүнбөсө керек эмне айткысы келгенин жана расмий катты кайсы тилде жазганын.

Президенттик расмий каттагы бурмаланган сөздөр.

Кыргыздын «Кудай» деген сөзү карапайым кишиден тартып, мамлекетте төбөсү көрүнгөндөрүнө чейин бир эле түшүнүктү жана бир эле элести берет. Кыргыздын ушул «Кудай» деген бир эле сөзүн түшүндүрүш үчүн Президенттик расмий катта көп сөздөр алмак-салмак колдонулган. Жогоруда айткандарымдын маңызын түшүндүрүү максатында ушул Президенттик расмий каттын ичинен «Аллах Таала», «Улуу Жараткан» жана «Улуу Күч» деген үч сөздү бөлүп алып, ал сөздөргө кененирээк токтолойун.

Ушул үч сөздүн бурмаланганын түшүндүрүш үчүн «Глоссарий»-ге таянууга туура келет. Анткени, «Глоссарий»- бул орусчадан кыргызчага туура эмес которулган же кыргыздарда түшүнүгү менен элеси таптакыр жок болгон орусча эзотерикалык терминдерге кыргыз тилинде берилген түшүндүрмөлөрдүн жыйындысы болот. «Глоссарий»-де айтылгандар, кишиден терең ой жүгүртүүнү талап кылат жана окурмандардын энергетикасына жараша, аларга терең ой жүгүртүү үчүн атайын убакыттын бөлүнүшүн да талап кылат. «Глоссарий» болсо «Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндөгү китептин кол жазмасынан үзүндү болот. «Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндөгү китептин кол жазмасы азыркы кыргыз элине белгисиз, бирок Кыргызстанга алгачкы эпкини жеткен, башкачаланып сүйлөөчү эзотерикалык адабиятка кирет. Бул кол жазманын орусчасы «Рукопись книги о единстве миров: Физического и Тонкого «Утерянные мысли» деп аталат.

◘ «Аллах» деген сөз бул араб элинин сөзү болот, кыргызчага «Кудай» деп эле которулат.

Кыргызда философиялык мааниси чоң макал бар «Киши ооруну жашырса, өлүм ашкерелейт» деген. Эгерде бийликти сактап калыш үчүн административдик жана саясий мамлекеттик кызматтагы «Киши6»-лер (мындан ары сан менен берилген сөздөрдү түшүнүү үчүн Глоссарийди караңыз), ээлеген кызмат абалынан пайдаланышып, өз элинен чындыкты жап-жашыра беришсе, анда алар өз элинин тагдырын татаалдаштырып коюшат, өздөрү да жыргалдын ырахатын көрө алышпайт. Анткени, жыргал менен кишинин «жан13»-ынын абалы түздөн түз байланышкан. Эгерде кишинин жанынын абалы жакшырса, анда жыргалдын деңгели да жогорулайт.

Тилекке каршы, азыркы кишилердин маданияты менен жашоо-мүнөздөрү кишинин «жасалма рух4»-унун бардык талаптарын аткарууга жана «жасалма рухтун» абалын гана жакшыртууга багытталган. Кишилердин азыркы маданияты менен жашоо-мүнөздөрү кишинин жанынын абалын оорлотушуп, жанды кыйноого салып турушат. Азыркы учурда орун алган маданият менен жашоо-мүнөздөрдүн таасири астында кыргыздар «жасалма рух» менен «жан»-дын айырмасын ажырата билишпейт, ошондуктан азыркы кишилер «жасалма рух»-ту кишинин «жан»-ы катары кабыл алып жүрүшөт. Кишилерге «жан» тууралуу толук маалымат эч жерде берилбегендиктен, мамлекет башчылары менен дин кызматкерлери кишилерге «жан» тууралуу өздөрүнүн бурмаланган түшүнүктөрүн берип жүрүшөт.

Өз элине жалганды чындык катары таңуулаган көрүнүш кызматтагы кишилердин жандары туткунда экендигинен кабар берет жана алардын жасалма рухтары «Эки чылбыр, бир тизгинди» колдоруна катуу кармап турушканын билдирет. Андай кишилер «аң-сезим7»-дүү тиричиликтин үстүнөн үстүртөн гана ой жүгүртө алышат, физикалык жол менен көрүп-уккандары менен гана чектелишет, кишинин материалдык эмес жагын көз алдына келтире алышпайт. Алар кишинин көзгө көрүнбөгөн бөлүгү тууралуу уккулары да келбейт, алар Кудайды молдолордон уккандары боюнча гана көз алдына элестете алышат.

Азыркы молдолор аң-сезимдүү тиричиликтин үстүнөн терең ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп алышкан. Ушул себептүү молдолор «Кишинин денеси14» жети денеден тураарын айтышканы менен, жети дененин бир денеси физикалык дене экенин, калган алты денеси «Чыныгы рух5»-тук денеден турат деген ойду элге жеткиликтүү түшүндүрүп берүүчү билим азыркы молдолордо жок. Азыркы молдолор Кудайдын бир бөлүгү менен Чыныгы рухтук дене да физикалык денеге окшоп күнү-түнү киши менен ардайым чогу жүрөөрүн эл алдында ачык айта алышпайт. «Аллах» деген араб сөзүн попугайдай кайра- кайра кайталай беришсе, мындан кыргыздын «Кудай» деген сөзү жоголбойт, болгону кыргыздарга бурмаланган түшүнүктөр менен элестерди берген сөздөр көбөйө берет.

◘ Кудай болсо тиричиликти «жараткан Кудай» жана материяны «жасаган Кудай» болуп бөлүнөрү Ыйык китептерден белгилүү.

Жогоруда айтылгандай Кишинин денеси эки денеден турат: физикалык денеден жана чыныгы Рухтук денеден. Физикалык дене эң тыкыс болгон дене (материя) болуп саналат. Физикалык денени киши физикалык көз менен көрөт. Физикалык дене «жасаган Кудай» тарабынан жасалган жана убактылуу жашайт. Ал эми чыныгы Рухтук денеде кишинин жаны менен Руху бар, ушул себептүү чыныгы Рухтук денени киши физикалык көз менен көрө албайт, эфирлик көз менен гана көрөт. Чыныгы Рухтук дене «жараткан Кудай» тарабынан ааламдагы карама каршы келген энергиялардын бөлүкчөлөрүнөн жаратылган, өзү алты денеден турат жана түбөлүккө жашайт.

Кишинин физикалык денеси ишке жараксыз болуп калганда кишиге физикалык өлүм келет. Ошондо кишинин чыныгы Рухтук денеси физикалык денеден ажырайт. Бирок өлгөн кишинин жашоосу токтобойт, анын жашоосу бөлүкчөлөр менен башка ченемдерде жана башка көрүнүштөрдө бир дене менен улана берет.

Физикалык дене жок болсо, анда «киши» да болбойт, бар болгону энергетикалык жандуу нерсе гана болот. Ошол эфирлик көзгө көрүнгөн энергетикалык жандуу нерселердин жашаган дүйнөсүн кыргыздардын алыскы ата-бабалары «Кылдат дүйнө18»- деп айтышкан. Физикалык дүйнө менен Кылдат дүйнө, БИР БҮТҮН дүйнөнүн эки башка бөлүгү болушат, киши тирүү кезинде бул бир бүтүн дүйнө эч качан бөлүнбөйт жана аны бөлүп кароо сокурчулукка жатат.

Эгерде хирург кишинин бир колун кесип ыргытып жиберсе, анда Физикалык дүйнөдө гана ал кишинин бир колу жок болот. Ал эми Кылдат дүйнөдө ал кишинин эки колу тең бүтүн бойдон кала берет, ал киши Кудайдын алдына чыныгы Рухтук денеси менен гана барат. Жандын жердеги өнүгүп-өсүүсүнө талдоо жүргүзүлгөндөн кийин чыныгы Рух менен Жан жашоолорун башка ченемдерде (планеталарда, системаларда) улантышат. Ушул себептен Мухаммед пайгамбар мусулмандарга кайрылып, силер өлгөндөн кийин бардыгыңар Кудайдын алдына жылаңайлак, жылаңач болуп жана эркектик мүчөөңөр кесилбей барасыңар деп айткан.

Киши болуш үчүн сөзсүз Жерде гана жашоо керек жана кишиде сөзсүз эки дене болуш керек: физикалык дене жана чыныгы Рухтук дене, киши сөзсүз өзүнүн материалдык жана материалдык эмес көрүнүштөрүн бириктирип, өз жанын Жердин жаны менен байланыштырып жашоосу керек. Ошондо гана киши өзүнүн затына жараша жашаган болот.

Эгерде азыркы мамлекет башчылары менен дин кызматкерлери өз аң-сезимдеринин деңгелдеринин чегине ылайыктап, бардык тирүү жандуулардын материалдык жагын карап, алардын чыныгы Рухтук жагын ажыратып-бөлүп салууну улантышпаганда, анда «жан»-дын абалын жакшырта турган жаңы маданият менен жашоо мүнөздөр кайрадан элде да пайда болмок. Анда кайрадан эркек менен аял киши биригишип, «Бириккен энергетикалык дене8»-ни түзүш үчүн баш кошушмак. Ошондо жакынкы ата-бабалар тарабынан «Казан аяк кагышат» деп адамзатына таңууланып келген ой жасалма рухтун ою экенин жана бул ойдун башааты шайтанга тиешелүү экенин кишилер өздөрү түшүнүп-билишмек. Ошондо азыркы адамзаттын өнүгүп-өсүүсү туура эмес багытта баратканын да кишилер өздөрү ачык айтышмак.

Массалык маалымат каражаттардын басымдуулугу Физикалык дүйнө менен Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн бузуп караган бир жактуу материалдарды өз элине беришет. Бул бир жактуу материалдар кыргыз элинин Кылдат дүйнөсүндө орун алган өзгөрүлбөс процесс жөнүндө элдин билбей калышын камсыздоочу форматтар аркылуу таратылат. Бир жактуу материалдар кыргыз элинин аң-сезиминин абалын тарытуу максатын көздөйт. Азыркы массалык маалымат каражаттары тезирээк байып кетүү максатын көздөгөндүктөн жана мамлекет жактан цензура орнотулгандыктан жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билимди кыргыз элине берүү мүмкүнчүлүгү жок. Тагыраак айтканда, эгерде Кыргызстандын азыркы массалык маалымат каражаттары ЖАҢЫ доордун талаптарына өз көңүлдөрүн бурушпаса, анда алар өз элине «маалымат3»-тарды бере алышпайт.

Ар нерсенин өз убактысы болот жана ар кимге өз энергетикасынын абалына ылайык өзү түшүнүп-биле ала турган билимдер Кылдат дүйнөдөн берилет. Мамлекет бардык кишилерге тегиз мамиле жасашы керек, жердеги аң-сезимге таандык билим менен кошо кишилерге жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билимди да берүү керек. Антпесе кишилер бир жактуу гана билим алышып, бир жактуу өнүгүүгө дуушар болушат. Эли бир жактуу өнүккөн мамлекеттин келечеги да жок болот. Анткени Кудай кишини6 өзүнө окшош «жараткан», өзүндөгү кудайдык сапатты кишиге толугу менен берген. Бул тууралуу Ыйык китептердин баардыгында айтылган, аны түшүнүш үчүн аң-сезимдүү тиричиликтин үстүнөн терең ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуш керек. Ошондо кишилер «жараткан» деген сөз менен «жасаган» деген сөздөрдүн маанилерине түшүнүшүп, Кудай кишинин кайсы денесин «жаратканын» жана кайсы денесин «жасаганын» өздөрү айта алышат.

Тилекке каршы, азыр акчаны Кудайдан жогору коюшуп, бийликке жана байлыкка умтулушкан кишилердин бир жактуу гана ойлору күч менен элге таңууланып жатат. Ал эми эки жактуу билимге ээ болгондорго болсо, массалык маалымат каражаттарынын бетинен орун бермек тургай, аларга дин бузаар же коом бузаар деген ойлорду кыстарган расмий каттар жиберилет.

Бардык кишилер билүүгө тийиш, качан жердеги аң-сезимге таандык болгон билимге кошуп, жерден тышкаркы аң-сезимге таандык болгон билимди алууга шарт түзүлгөн мамлекетте гана кишилер Чындык жөнүндө биле алышат. Андай мамлекетте кишилер аң-сезимдүү тиричиликтин үстүнөн терең ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, кишилер Жер планетасында өтүп жаткан азыркы жашоосундагы жетишкендиктеринин үстүнөн да ой жүгүртүшө башташат. Ошондо кишилердин мыйзамдарын Космикалык Мыйзамдардын талаптарына ылайыкташтыруу иш аракеттери башталат. Андан кийин гана кишилердин бир калыптагы өнүгүп-өсүү процессине жол ачылат.

Жаңы доордун талабына туура келген, азыркы кишилердин Кылдат дүйнөсүндө жүрүп жаткан өзгөрүлбөс процесске мамлекеттик деңгелде көңүл бурулушу керек. Кишилердин аң-сезиминин абалын кеңейтүүгө түрткү берүү үчүн, массалык маалымат каражаттарынын беттеринен Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндөгү материалдарга да орун берилиши керек. Президенттин администрациясында жана өкмөттүн курамында Кылдат дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүлбөс процессти элге түшүндүрүп бере ала турган эки жактуу билимге ээ болгон кишилер да иштеши зарыл.

Бир жактуу билими бар кишилер мамлекетте иштеп жаткан кишилердин мыйзамдарынын чегинен чыга алышпагандай эле, эки жактуу билимге ээ болгондор да кишилердин мыйзамдарына кошуп, космикалык мыйзамдардын чегинен да чыга алышпайт. Эзотерикалык билимге ээ болгондордун энергетикалык абалы, алар турган жердин, бөлмөнүн, алар менен ауралары тийишип турган кишилердин энергетикалык абалдарына өз таасирин тийгизет жана өзгөрүүсүнө түрткү болот. Анткени, алар жерден тышкаркы аң-сезимге таандык ар кандай деңгелдеги чыңалуулар менен термелүүлөрдүн таасирине душар болуп турушат. Мамлекеттик кызматта иштеген эзотерикалык билимге ээ болгондорго өзүнчө иш бөлмө бөлүп берүү талабын аткаруу бир жактуу билими барлардын коопсуздугун камсыздоочу чара болот. Мамлекеттик бийликтин башчылары эки жактуу билимге ээ болгон кишилердин ушундай өзгөчөлөнгөн касиетин эске алуулары керек.

Азыр экстрасенсордук жөндөмгө ээ болгондордун, аркы (Кылдат) дүйнө менен байланышы барлардын, чыныгы молдолук касиетке ээ болгондордун саны күндөн күнгө көбөйүп жаткандыгын жана алар калкыбыздын бардык катмарына ылдамдык менен тарап жатканын мамлекеттик деңгелде жаап-жашыруу, бул биздин элибизде мындай көйгөйлүү маселелер жок дегендикке жатпайт. Тескерисинче, жогоруда айтылган чоң философиялык мааниси бар «Киши ооруну жашырса, өлүм ашкерелейт» деген макалдын маңызын азыркы бийликтегилердин түшүнө албай жаткандыгы болуп эсептелет.

Анткени, материалдык эмес дүйнө менен тыкыс байланышкан жана материалдык эмес дүйнөнүн мүмкүнчүлүгүн өз кызыкчылыгына пайдаланып жүрүшкөн кишилердин ушул категориясы болсо, ЖАҢЫ доордун талабын туура түшүнүшпөй, өздөрүнүн аң-сезимдеринин абалын ЖАҢЫ доордун талабына ылайыкташтырышпай эле, алар өздөрүндөгү өзгөчө жөндөмдөрдү ачып алышкан. Ал өзгөчө жөндөмдөрдү элдин жүгүн жеңилдетиш үчүн пайдалануунун ордуна, алар Кудайдан бекер алып жатышкан энергияны элге акчага сатышып, байып кетүү максатын көздөшүп, туура эмес багытта өнүгүүгө өтүштү. Оору –бул энергия болот, энергетикалык таасирдин басымы менен бир кишиден экинчи кишиге өтө берет. Кишилерди чогултуп, бир бөлмөдө кароо бул чоң кылмыш экенин аларга түшүндүргөн эч ким жок.

Сырттан караган көзгө, азыр мамлекетибизде жалпы багыты бир, бирок бараткан жолдору эки башка, бир бири менен өз ара байланыштары жок болгон өзгөчө жөндөмгө ээ болгон кишилердин эки тобунун өнүгүп-өсүү процесстери жүрүп жатканы ачык айкын көрүнүп турат. Материалдык дүйнө менен тыкыс байланышкан өзгөчө жөндөмгө ээ болгон кишилердин тобун мамлекет колдоп жатат. Ал эми материалдык эмес дүйнө менен тыкыс байланышкан өзгөчө жөндөмгө ээ болгон кишилердин тобун мамлекет колдобогондуктан, алар болсо астралдык энергетикалык жандуу нерселердин колдоосуна умтулуп жатышат.

Жакынкы ата-бабаларыбыздын салтынын чегинен чыга алышпаган эки тарап тең бардык жерде материалдык жакты чыныгы Рухтук жагынан ажыратып карашып, ар кимиси өз тарабындагы арканды тартуу менен алек болушууда. Эки тарап тең аң-сезимдүү тиричиликтин үстүнөн терең ой жүгүртө алышпагандыгы, алар жүргүзүшкөн иш аракеттерден даана байкалат. Жөнөкөйлөтүп айтканда, эки тараптын алган жалпы багыты – кишилердин аң-сезимдеринин абалын тарытуучу багыт болуп саналат. Бул деген, Кудайдын осуяттарын бузуп, Кудайды нааразы кылып жашоо дегендикке жатат ...

◘ «Улуу Күч» бул Кудай эмес, материалдык да эмес, ааламдагы энергиялардын бир бөлүгү болуп саналат, өзү физикалык көзгө көрүнбөйт, өз денеси менен катышышпай эле, кишиге өз таасирин тийгизе алат.

«Кудай» деген Жогорку Аң-сезимдүү энергиялардын орун алган тепкич баскычтарындагы жогорку кызмат абал болот. Жогорку Аң-сезимдүү энергиялар орун алган тепкич баскычтары жөнүндө маалыматтар аң-сезимдин абалын космикалык аң-сезимдин абалына чейин кеңейтүүгө багыт алган кишилердин денесинин кабыл алуу даярдыгына жараша берилет. Аң-сезимдин абалын кеңейтүү үчүн, киши аң-сезимдүү тиричиликтин түбүн көздөй ой жүгүртүшү керек.

Кудайдын буйругуна ылайык ааламда жашагандардын арасынан бир гана Киши өз каалаганын ишке ашырууга укуктуу, калгандары Кишинин бардык каалоосун аткарууга милдеттүү. Кишинин каалоосу Кишинин денесинде жайгашкан күчтөрдүн бөлүкчөлөрүнүн бир түрүн өзүнө тартып алуучу магниттин кыймылын аткарат. Кишинин жакшы ойлордон турган каалоолорун Жарыктын күчтөрү иш жүзүнө ашырышат. Кишинин жаман ойлордон турган каалоолорун Караңгылыктын күчтөрү иш жүзүнө ашырышат. Иш аракетти Киши өзү жасайт. «Күнөөтүйүн12 жөнүндөгү» Космикалык Мыйзамга ылайык жамандыгы бар иш аракеттери үчүн Киши жоопкерчиликке тартылат.

«Күнөөтүйүн» деген бириккен сөздөрдүн курамы орустун «Карма» деген сөзүнүн туура түшүнүгүн жана элесин бер үчүн колдонулат. «Күнөөтүйүн» деген, бул - аң-сезимдүү энергиянын иштеп жатышын түшүндүрөт, ошону менен бирге «себептер менен натыйжалар жана кишини кылган иш аракетине жараша жазалоо жөнүндөгү» Космикалык Мыйзам болуп саналат.

Ньютондун баамдашы боюнча: ар бир аракетке тең келген, ага каршы аракет бар. Ушул себептен киши өзүнүн күнөөтүйүнүн, өзү толук чечип бүтмөйүнчө, күнөөтүйүндүн мыйзамы «жан»-ды кайра-кайра Жерге жашоого алып келе берет. Киши болсо, өз ойлорун, сезимдерин, айткан сөздөрүн жана кылган иштерин камтыган өзүнүн жасаган иш аракеттери менен, ушинтип эчен кылымдарды артка калтырып, өз тагдырын өзү чечип келе жатат.

Эгерде Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндөгү материалдар массалык маалымат каражаттарынын бетине басылып чыга баштаса, анда кишинин жаны кыңылдап төмөндөгүдөй ырдайт:

Оо эл-журтум билип жүр!

«Кудай кишинин денесин

эки денеден бириктирип жараткан.

Бир денеси көзгө көрүнсө,

экинчи дене көзгө көрүнбөйт»- деп,

бул чындыкты эч ким элге айтпаган.

Жердеги жашоо аяктаса,

кишинин денеси ажырайт эки бөлүккө.

Көрүнгөн бөлүгү жерге берилсе,

көрүнбөгөнү кетет көтөрүлүп көккө.

«Жаңы төрөлгөн баладай,

жылаңач болуп барат Алла-таалага,

кишинин көзгө көрүнбөгөн денеси»-деп,

айтып кеткен пайгамбардын сөздөрүнө,

бербеди элге, эч ким туура түшүндүрмө.

Оо эл-журт, дагы билип кой,

«кишини Кудай жараткан»- деп,

баардыгы эле айтышат чындыкты.

«Ал Кудайдын эрки менен,

баланы өз ата-энеси жаратат»- деп,

эч ким, элге айтпады мындай чындыкты.

Ата-эненин сезимдери, ойлору,

мүнөздөрү, алардын кыял-жоругу,

бар болот жаңы төрөлгөн балада.

Бала чоңоюп-торолот, бара-бара өзгөрөт,

өз ата-энесинин эки денесинде калыптанган,

алардын жашоо-мүнөздөрүнө жараша.

Койчуманов Тынчтыкбек Төлөнбаевич- «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонддун директири, «Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндөгү китептин кол жазмасынын автору.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-05-2013
Президенттин Аппаратына суроолор
21844

25-05-2012
Имамдардын эле билим деңгээли төмөнбү? (Уландысы)
40917

25-05-2012
Имамдардын эле билим деңгээли төмөнбү?
35034

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×