Добавить статью
5:55, 29 марта 2012 15068

Мухаммед пайгамбар тынчтык менен бейпилдиктин динин толугу менен көрсөткөн үлгүлүү инсан

571-жылдын апрель айында инсандардын эң мээримдүүсү, кайрымдуусу жана кадыр-барктуусу, эң мыктысы, бардык жаратылгандардын жаралышынын башкы себеби деп аталып жүргөн Азирети Мухаммед жарык дүйнөгө келген.

Анын жарык дүйнөгө келиши менен адамзат өз ордун билген, болумуштар да өз беделине ээ болгон. Ошондуктан, момун мусулмандар да, пайгамбардын жарык дүйнөгө келүүсүн өтө чоң нээмат катары кабылдап, жараткандын мындай чоң нээматына жооп иретинде ыраазычылык билдирип кубанышыбыз керек жана бул кубанычыбызды ар түрдүү жолдор менен көрсөтүүбүз зарыл. Төмөнкү аят Алла Тааланын момун мусулмандарга пайгамбар Мухаммедди мактоо, даңктоо жана урмат-сый көрсөтүү үчүн бир буйрук болуп эсептелет. Алла Таала Куранда минтип буйруйт. «Алар анын жакшылыгы, ырайымы, мына ушуга кубанышсын. Анткени, бул алар өздөрүнө чогулткандан жакшы». Курандын тили менен айтканда эң чоң жакшылык – бул Мухаммед пайгамбар болуп эсептелет. Ырас, Куранда «Биз сени бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк» деп буюрулат. Мына ошондуктан биз да Алла Тааланын буйругуна моюн сунуу менен бирге Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн дайыма тарыхый үйүт катары эскерүү максатында иш-чаралар менен пайгамбарды эстеп, анын жашоосун, адеп-ахлагын жана осуяттарын терең баамдап, андан соң башкаларга да жеткирүүгө аракеттенебиз. Алла Таала менен Анын элчисин таанып жана ислам динин үйрөнүп, түшүнүп жана аны жашоодо пайдалана албаган адам караңгылыктын сормо сазынан чыгалбаган адам болуп эсептелет.

Ислам дини ханиф (чыныгы, ак) дин болуп эсептелет. Башкача айтканда, тынчтык менен бейпилдиктин дини. Мухаммед пайгамбар жогоруда айтылгандай, тынчтык менен бейпилдиктин динин толугу менен ар дайым өз жашоосунда бизге кынтыксыз абалда көрсөткөн үлгүлүү инсан болгон.

Пайгамбардын эң чоң керемети – Курани Карим. Андан кийинки чоң керемети болсо «Шакку аль-камар» (айдын экиге бөлүнүүсү) да, «Мираж» (Пайгамбардын көккө чыгуусу) да эмес, анын өзү болуп эсептелет. Тактап айтканда, пайгамбардын ахлагы менен мүнөзү адеп-ахлактуулуктун туу чокусунда экендигин анын досторунун да, душмандарынын да бир пикирден кабылдашы. Эскерте кетчү жагдай, пайгамбардын көрсөткөн кереметтерин айтуу эмес, анын күндөлүк жашоосунда ар бир кадамынын, эл менен болгон мамилелеринин толук бойдон керемет экендигин түшүндүрүү.

Анын жөнөкөйлүгү

Анын күндөлүк жашоосунда көрсөткөн, бирок, толугу менен билинбеген, көңүл бурулбаган бир маселе да анын жөнөкөй жашоосу менен жупунулугу жана сезимталдыгы болуп эсептелет. Ал үйүндө турмуш-тиричиликтин майда-барат иштери менен дагы алектенген. Кээде Аз. Айшадан (р.а) пайгамбардын үйдө эмне кылып отургандыгы суралганда «Алланын элчиси да бир инсан ал үйүндө отуруп силер сыяктуу эле бут кийимин оңдойт, кийимин тигип жамайт, үй бүлөсүнүн иштери менен да алектенет, койлорун саайт, өзүнүн жумуштарын кылат, азанды угушу менен намазга барат» - деп жооп берген.

Ал бут кийимди жамап, тигип кийүүдөн эринбеген, катуу арпа нанды жегенден тартынбаган, үйүн тазалап, сөгүлгөн жерин тигүүнү уят көрбөгөн үлгүлүү жөнөкөй киши болгон. Кулдар арпа нан жегени чакырышса, чакырылган жерге сөзсүз барып, жолдо көргөн кичинекей балдарга да салам бере турган.

Эң төмөн катмардагы адамдар да пайгамбардын колунан кармап, аны каалаган жерге чейин ээрчитип барып, арзуу максаттарын айтып өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерине жооп алышкан.

Анын ибадат кылышы

Үлгүлүү инсандын эң чоң жана көзгө көрүнгөн өзгөчөлүктөрүнүн бирөөсү - Алла Таалага кылган итаат-ибадаты жана кулчулугу. Анын кулчулугу менен сезимталдыгын, жупунулугун көрсөткөн көптөгөн сөздөрү жана эскермелери бар. Куттуу хадистерде анын ибадаты жөнүндө мындай сөздөр айтылган: «намаз окуганда ыйлаганы үчүн анын көкүрөгү казан сыяктуу үн чыгарчу. Ыйлап, көзүнөн жашы төгүлгөндө, анын айланасындагы кишилерди мээримдүүлүккө, боорукерликке шыктандыраар эле. Кээде бир канча күн «савму висал» (иптарсыз орозо кармоо) орозо кармачу. Кээде таң атканча намаз окуп, буттары шишип чыкчу». Мындай жагдайды көп көргөн Аз. Айша «Өткөн жана келечектеги күнөөлөрүң кечирилген болсо да, эмне үчүн сен өзүңдү чарчатып кыйнайсың?» - деп сураганда, пайгамбар «Аллах Таалага ыраазычылыгымды билдирген (көп шүгүр кылган) кул болсом болбойбу?» -деп жооп берген экен. Ошондуктан, Мухаммед пайгамбар ар дайым Аллах Таала менен бирге болуп, зикир кылуу менен алектенген. Анын ибадатына көз жүгүрткөн киши, аны өмүрүндө башка иш кылбай, ибадат кылып эле жүргөн деп ойлоп калат. Жасаган иштерине караганда, ибадатка убакыт бөлбөгөн деп ойлоп калышы да ыктымал. Бирок, эң мыкты кул болгон Мухаммед пайгамбардын жашоо-турмушуна карап, көңүл бура турган нерсе  - аны кулчулуктун туу чокусуна жеткизген, ибадат жашоосу менен кыйынчылыктарды жеңе билген, дүйнө иштерин да таштап салбай, экөөнү тең бирдей алып жүрүшү.

Сезимталдыгы

Мухаммед пайгамбардын сезимталдыгы, мээрими, кайрымдуулугу жана сыпайылыгы өтө жогору даражада болгон жана ал башкалардын укугун тебелеп-тепсебестен урмат-сый көрсөткөн. Ошондуктан, бир канча жолу сахабаларына минтип эскерткен «Эгер силердин араңардан бирөө чогулуш болуп жаткан жерден үп калса аркасында же колунда ок бар болсо, октун темирден жасалган жагын колу менен кармасын, кимдир бирөөгө зыян берип койбосун. Эгер бирөөгө кындан чыккан кылыч берип жатса, анын колуна зыян бербей сабынан кармап ала тургандай кылып берсин». Дагы бир хадисинде «Эгерде сага бир чогулушта курма сунула турган болсо, досторуңдан уруксат албастан эки-экиден алып жебегин» - деп буйруган.

Анын дагы бир сапарда көрсөткөн сезимталдыгы, сезгичтиги болсо, адамдарды таң калтырган. Пайгамбар Худайбия сапарында, курмандык малдары союлганда, эт суроо үчүн келе жаткан тилемчилерди алыстан көргөн болчу. Ал эч унчукпаса да, алар беш-он мүнөттөн кийин келип эт сурайт эле. Бирок, Пайгамбар бир инсандын пастык менен тиленүүсүн каалабай, сый-урмат көрсүн деп, өзү аларды «Бери келгиле, эттен алгыла...» - деп чакырган. Мындай жүрүм-турумдар, албетте, кичинекей окуя. Мындай сыпайылыкка көңүл буруунун кажети жок дегендер да чыгышы мүмкүн эле. Бирок, пайгамбар ушундай теңдешсиз, кыраакы жана сыпайы көңүл бурган.

Мал жандыктарына болгон күйүмдүүлүгү

Анын боорукерлиги, мээрими, жарандар менен гана чектелип калбай, башка жандыктарды да камтыган. Бир күнү ал эс алып, ойлонуп, Ансардан бир сахабанын (Мединалык мусулман) курма багына киргенде, ал жерде байланган төөнү көрөт. Төө да пайгамбарды көрөөрү менен боздой баштайт жана адамдын ыйлаганына окшоп көздөрүнөн жаш агат. Пайгамбар төөнүн жанына барып анын көз жашын арчып, бир аз сылап-сыйпаган соң төөнүн ээсин табат да, ага «Алла Тааланын сага мүлк катары берген бул төөнү карабайсыңбы? Алладан коркпойсуңбу? Карасаң, бул мага арызданды. Сен бул төөнү көп иштетип, чарчатып ачка калтырат экенсиң» - деп, анын төөгө кылган мамилеси көңүлүнө жакпагандыгын билдирет. Анын ырайымдуулугу чексиз болгон. Анткени, койлорду сааган маалда алардын эмчектерин оорутпоо максатында саанчылардын тырмактарын алуусун буйруган.

Жыйынтык пикир

Жогоруда айтылгандардын баары пайгамбардын чыныгы кул жана теңдешсиз инсан катары, сахабаларына берген таалим-тарбиясы аркылуу мусулмандарга берген үлгүсү болуп эсептелет. Бир канча томдук хадис китептериндеги куттуу хадистери менен мусулмандарга үлгүлүү таалим-тарбияны, бардык ишке болгон кылдаттык менен сыпайылыкты үйрөткөн пайгамбардын  жупунулугу, ошондой теңдешсиз адеп-ахлагын жараткандын ага ыроологон бир белеги катары кабылдоосу жана «Жаратканым! Мени амалдар менен адеп-ахлактуулуктун эң мыктысы тарапка багытта. Алардын эң мыктысына сенден башка эч ким багыттай албайт. Ошондой эле, мени жаман амалдар менен ахлаксыздыктан өзүң сакта. Анткени, андай жамандыктардан өзүң гана сактай аласың» - деп дуба кылуусу болуп эсептелет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×