Добавить статью
9:16, 30 марта 2012 16324

Кыргызстандык эмгек мигранттарынын көйгөйү жалпы элдин көйгөйү

Мен “Акыйкат Жолу” коомдук бирикмесинин жетектеп, эмгек мигранттарынын укугун коргоп иштеп жатканыма быйыл мына 12 жылдын жүзү болду. 2012 – жылдын 19 – мартында өкүмөт үйүнүн алдына 100дөй эмгек мигранты чыгып, өз укуктарынын одоно бузулуп жаткандыгын айтып кайрылышкан.

Бирок өкүмөт тарабынан өкүлдөр чыгып аларды кабыл алып, силерди “Бүтүн Кыргызстан”саясий партиясы уюштуруп жатат деген доомат койгондугуна ыза болгон Казахстандын Алматы шаарындагы убактылуу иштеп жана жашап жаткан жердештерибиз “Акыйкат Жолу” коомдук бирикмесинине кайрылышып миңдеген эмгек мигранттарынын атынан массалык маалымат каражаттарына кайрылуу жазып алардын укуктарын коргоп талаптарын Жогорку Кеңешке, Өкүмөткө жеткирип берүүнү өтүнүштү.

Алардын көз жашын көрүп, муңун угуп келгенден кийин эң оболу эмгек мигранттарынын укуктарын коргоп, коопсуздугун камсыз кылуунун ордуна, алардын укугун одоно бузуп, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына буруп, жаны кейип, көрбөгөн кордукту көрүп жаткан кыргызстандын жарандарын саясий курмандыка чалып, өлгөнгө көмгөн кылып жаткан саясатсыларга жана мамлекеттик кызмат өкүлдөрүнө наалат айтуу менен бирге, эмгек мигранттары саясаттан таптакыр алыс экенин жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясына таптакыр тиешеси жок экендигин эскертип коюууну туура таптым.

Азыркы учурда адам тагдырын ар кандай саясий нукка буруп өзүнө саясий упай топтоп, бийлик, байлыкка жетүү максатын көздөгөн саясатсыларга жана мамлекеттик кызмат өкүлдөрүнө кайрылып, эскертип койчу үч орчундуу маселе:

1. Бийлик талашуу саясаты менен адам укуктарынын жана эркиндиктеринин айрымалап билүү жана аны өздөштүрүү жоопкерчилиги ;

2. Коомдогу көйгөйлүү маселени чечүүдө тигил партиянын же болбосо тигил президенттин кишиси деп бөлүп жаруу популистик методдорду колдонбой, тескерисинче ошол көйгөйдү чечүүгө жоопкерчилик менен мамиле кылуу;

3. Эмгек мигранттарынын укутук маселесин чечүүдө аларды кемсинтип, кайсы партия силерди уюштуруп жатат деп сурап, психологиялык жактан басым көрсөтпөстөн, өз милдеттерин аткаруу;

Мына ушул үч масалеге мамлекеттик кызматкерлер жана саясатчылар абдан тыкыр көңүл буруп иштесе албетте көптөгөн коомдук көйгөйлөрдү, айрыкча эмгек мигранттарынын оор абалын жеңилдетүүгөө жана биргелешип чечүүгө болот эле деп ойлойм.

Казахстандын Алматы шаарындагы убактылуу иштеп жана жашап жаткан жердештерибиз атынан “Акыйкат Жолу” коомдук бирикмесинин төрайымы Арстанбекова Бүбайша.

Кайрылуунун толук жазмасын кийинчээрек сиздерге сунуштайбыз. Сиздердин пикир сунуштарды күтөбүз!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

03-09-2012
Куттуу  Кыргыз
4572

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×