Добавить статью
8:43, 2 апреля 2012 27377

“Бирдиктүү эл – кубаттуу эл”

“Улуттун улуулугун тааныганда

Улуттун урмат-сыйын байкаганда

Жүрөктөн чыккан сөздөр келет кайра”

Жашоо ыргагы жаныбарларды, адамды өзүнө баш ийдирет. Жан-жаныбарлар, табият Кудайдын мыйзамына ылайык кубулуп, өзгөрүп, жашоо улантат.

Кызыгына батып, тереңин ачкан адам анын себебин айта алат. Акылдын тереңине жетпей, кубулуштарды баалабай жашаган адамдын турмуш шартынан жана жашоо ыңгайынан кубулуштардын сырын ачып, ыргагын тааныган, ырысты баалаган адамдардын жашоо шарты, турмуш ыңгайы, акыл азыгы, жашоо деңгээли, жашоо мыйзамы, жашоо тирдиги айырмаланып, кубаттуураак болуп, аң-сезими таза, бийигирээк болот.

Жашоонун шартын, мыйзамын, жашоонун тереңин байкаган, сырын алган эл жашоо мыйзамды кармай билет, тең салмакта жашай билет, шайкештикти бузбаганга аракет кылат. Шайкештик бузулганда адамга оорчулук келээрин сезе билет, баамдай алат.

Кыргыздын кыялында, туюмунда, аң-сезиминде, акылдын катмарында жашоонун баалуулугун иргеп, тыянакка келген билим жашап келет. Бул – убал, сооп, кесир, кемтик деген түшүнүктөр менен бирге адал, арам, ак-ниеттик, акылмандык, айкөлдүк, тазалык, кең пейилдик, улуулук жашап келет.

Акылман адам акылды баалай билет, түшүнө билет. Акыл адамга жуга бербейт. Акылды алыш үчүн көңүлкош болбоосу зарыл. Көңүлкоштук адамда болсо, көп учурда айтылган сөз, акыл жуга бербейт.

Мезгилдин ыргагы менен, мезгилдин суулары менен адам өзгөрүүгө дуушар болот. Бирок да өзгөрүү адамдын кубатына кубат кошпой, баалуулугуна таасир бербей, көп мезгил өткөн. Бирок да таасирлүү сөз адамга көп учурда таасирин тийгизет. Ошондон улам сөздү баккан, тааныган адамдар үчүн таасирин бербей койбойт.

Ар сөздүн өзүнүн баасы, салмагы бар. Сөз баалуу болсо, салмагы өтө чоң. Салмактуу сөздү көп адам көтөрө билбейт, анын баасына жете билбейт.

Бул салмактуу сөз баасын билген адамдарга багыт, максат жана иш. Элиме кызмат кылам деген адамдар үчүн гүлазык, суусундук.

Акылга ширелген сөз адамдын жан дүйнөсүн байытат, тазалайт, дем берет. Акылга ширелген сөз акыл берет, тереңдетет, издегенин таптырат, тереңдикти баалатат. Кайсы мезгил болбосун пайдасын бере алат.

Акыл сөз, акыл кеңеш адамдарга бийик үмүттү тартуулайт, жол көрсөтөт.

Адамга бул жашоодо эң баалуу эмне? Көп адам өз баалуулугуна жараша жоопту айтат.

Бирине жетишкендикке жеткен өмүр баалуу. Жетишкендик ал үчүн бакыт-таалай. Бакыттын ичине ал бийликти, мансапты (үй, машина, акча, кызмат) камтыйт.

Кээ бирине бакыт – бул сүйүү, жакшы жар, күчтүү тукум.

Кээ бирине бул жетишсиз. Аларга атак-даңк, элге кызмат кылуу, ошону менен жарык из калтыруу.

Кээ бирине чоң ачылыштарды жасоо жана ушул сымал уланып кете берчү тизмек.

Адамга эмне баалуу болсо, ошону менен анын деңгээлин таанып билсе болот. Акылды баа туткан адам мансапка көп кызыкпайт. Жарык из калтырайын деген адам түгөнгүс түйшүктө болот. Чоң ачылышка жетем деген адам изилдөөдө болот.

Бул жашоо кыймылы, жашоо ыргагы.

Акыл адамдын кубатына, тең салмактуулугуна негиз берет. Акылдын, ойдун, максаттын ыргагы жашоонун саймасын чийдирет. Жашоонун саймасын кандай деңгээлде чийгенин анын басып өткөн изи, кылган кызматы, келечекке болгон ой-тилеги, жан дүйнөсүнүн тереңдиги көрсөтөт.

Демек, ар бир адамдын бул жашоодо калтырган жашоо саймасы негиздүү, адамдын көңүлүн тарткан, суктандырган сайма болсун!

Урпактар ал саймадан үлгү алсын, аны менен сыймыктансын.

Жашоонун кубатын тааныш үчүн, жашоонун негизин тааны.

Кыргыздын дүйнөтаанымы анын салтында, билиминде, адебинде, адатында.

Акылдын нуру менен айкалышкан салт элди биримдикке чакырат, тууралыкты таанытат, карматат, сактатат.

Анын күчү – тамырында жаткан билим. Анын кубаты – төптүгү, айкалышы: өмүр менен, өсүү менен, күчтөнүү менен.

Жашоо – бул айкалышты билүү, колдонуу.

Жашоо – бул өсүү, өнүгүү.

Жашоо – бул негиз табуу.

Жашоо – бул үрөн, тамыр, өзөк.

Үрөндөн тамыр байлайт, өзөк өсөт.

Бул мыйзам, жашоо негиз.

Тамыры жок эч нерсе жок. Тамыры күчтүүнүн өзөгү күчтүү, өзү күчтүү. Өзөгү кубаттуу болсо, ал бекем, туруктуу, мөмөлүү. Мөмөдөн улам ал көбөйөт, өсүп, өнүгөт.

Бул жашоо мыйзамы. Тамырына доо кетсе, өзөк ооруйт, соолуйт, жашоо токтойт же кубаты кетет.

Ошондон улам тыянак чыгарып, жашоодо колдоно билген оң. Өзөккө аяр мамиле жасабаса, ал да алдан таят, мөмө бербейт.

Биримдик азыркы учурда өтө керек экенин сезип, бирок да ага кантип жетүүнүн жолун таппай турган маал.

“Билгилер бириккенде күч топтолот” дегендей, жол табыш керек деген ой толгоо ар бирибизде кубаттуу болсо, сөзсүз түрдө жол табылат.

Акылга акыл ширеп, акылдан жол таап, ой козгоп, тереңине жетип, бир тыянакка келсе болот. Андан соң иш түзүмүн түзүп, мээнеттенсе, ал өзүнүн үзүрүн берет.

Бүгүнкү мезгилдин талабы – кыргыз кыргыз бойдон сакталабы. Ар бир элдин тилеги - өсүү, өнүгүү. Ал үчүн эл күчтүү, кубаттуу, биримдиктүү же болбосо бирдиктүү болуш керек.

Бирдиктүү эл – бул дүйнөтаанымы, баалуулуктары, ой-мүдөөсү, көз карашы, көксөгөнү, тилегени төп келген эл.

Бирок мындай бийик сапатка кандай эл жетет, кантип жетет, деген ой түйшөлтпөй койбойт.

Көп жашаган эмес, көптү көргөн көптү билет, дегендей турмуштун ысык-суугуна күйүп, өйдө-төмөнүн көрүп, ак-караны таанып, жашоонун негизин түшүнгөн эл гана бийик сапатка жете алат.

Азапты көрүп, акмакты көрүп, запкыны тартып, адашууда болуп, жаңылууну көрүп, ошондон улам тууралыкты издеп, чыйралып, бекемделип, күчтөнүп, биригип, анан барып бирдиктүүлүккө жетет.

Кыргыз убагында бирдиктүүлүккө жеткен элдин бири болгон.

Тээ байыртан эл эл болуп түптөлгөнү эмнени баалап келди, эмнеге жетти, эмнеден кем болду, эмнени жоготту? Бул суроолор кыргыздын уюткусу болгон билгилердин ой тизмегине кирип, жооп таптырбай жаткан учурбу?

Адамдын адамдык сапаты кандай, аны кантип тутат, кантип багат? Деги койчу суроо, суроо, жооп кайда?

Акылы тунук адам бул суроого жоопту табат, аны негиздейт жана акылды башкага айтат. Ушул тапкан жооптон тыянак чыгарып, аны турмушка ашырат.

Эзелтен келаткан баалуулук биз үчүн карманаар багытыбыз, изилдээр мурасыбыз. Мурасты мурас кылып сактадыкпы, булгабадыкпы?

Мына ушул суроолордун баарына жооп табалы. Ой толгообуз менен бөлүшүп, бир тыянакка келип, аны ишке ашыралы. Өзүбүздүн салымыбызды чын дилден кыргызга арнайлы.

Деги биздин баалуулуктарыбыз кандай болгон, эмнени туу тутканбыз, эмнеге байыр алганбыз? Бул суроого мындай деп, иликтөө кылдык.

Кыргыз тууралыкта жашаган, тууралыкты туткан.

Тууралык – бул Кудайдын мыйзамын таанып, жалгыз Кудайга сыйынып, жаратылыштагы шайкештикти бузбай, таразаны тең кармап, акыйкатты таанып жашоо.

Бул ыргак адамдын ой толгоосунда, пейилинде, дилинде, кызматында, алакасында, дүйнөтаанымында, адамдын алдындагы милдетинде.

Акылга толуп, эс тарткан чактан баштап бул баалуулукту кыргыз баласы өзүнүн турмушунда мыйзам тутуп жашап келген.

Мисалы: кыргыз баласы жер-сууну эч убакта булгаган эмес. Эл башы болгуча, суу башы бол, деп кыргызда айтылып, сууга кор мамиле жасалчу эмес. Аккан сууга таштандыларды таштабай, суу боюна кир жууп же өздөрү жуунушкан эмес. Эгер жууна турган болсо, анда сууну идиштерге алып, топурактуу же чөптүү жерге барбастан, кумдак же таштак жерге барып жуунушчу жана кир жууган сууларын да ошол таштак жерлерге төгүшчү. Анткени тополуу жерге кир суу төгүлгөндө, ал жерде өсүп турган (же өсүп чыккан) чөп-чарды өздөрү баккан малы же башка жандыктар келип жеши мүмкүн, алардын азыгынын булгануусун каалашкан эмес. Ал эми кумга, ташка сиңип кеткен кир суунун эч зыяны жок да. Ушуну менен жердин да тазалыгын, суунун да тазалыгын, жан-жаныбарлардын, малдын да тазалыгын сактаган, өздөрүнүн ден-соолугуна да кам көргөн. Ушундан улам кыргыз баласы табиятты булгабастан, аны менен шайкеш жашоону “жер-сууну ыйык тутуу” деп, салтка айландырып жашап келген. Бекеринен батыштын окумуштуулары кыргыздын ушул салтынын тереңдигин изилдеп билгенде, таң берип айткан эмес да: “Биз дүйнөнү багындырып, өзүбүздүн маданиятыбызды башка элдерге жайылтып, өндүрүштүн, илимдин туу чокусуна жеттик деп мактанганыбыз менен, ушунча жөнөкөй, бирок жашоонун тереңине жеткен кыргыздын улуулугуна жетпептирбиз”, деп. Себеби батышта эле эмес, көп элдер аккан суунун боюна мончолорду куруп, кир жууп, агын сууну булгап жашап келет. Кыргызга болсо бул жат көрүнүш.

Бул кыргыздын бир эле салтындагы билим менен тууралыктын айкалышы. Айта берсек тизмек бүтпөйт. Эң маанилүүсү, кыргыздар бир убакта, карысы да, жашы да, каны да, беги да, жоокери да, баатыры да, өнөрпосу да, дыйканы да, устаты да, шакирти да, айтор баары бул баалуулукту бирдей тутуп, бирдиктүүлүктө жашаган.

Дагы кандай баалуулуктары бар эле, деген суроого биз айтмакчыбыз: кыргыз сөз кадырына жеткен эл болчу.

Сөз кадырын таануу – бул билгичтикке жетүү. Терең менен тайызды ылгап, асыл менен жөндү билип, пастык менен бийиктикти таанып, ушунун баарын кырдап бөлүп, сындап айтып, сапатын таанып, тереңине сүңгүп, жукасын билип, кемтигин байкап, сөлтүктөн арылып, сөздүн кудуретин, күчүн, касиетин таанып, аныктап, бышыгына жетип, көркөмдөп, саймалап, иликтеп тааныса болот.

Кадырына жеткенде, сөздүн кубатын, касиетин, күчүн сезет, колдоно билет жана аны асырайт.

Сөз кадыры көп адамды түйшөлткөн, аны муундан-муунга, кылымдан-кылымга өткөзүп келаткан акылдын кени, асылдын уясы болгон калың катмар элдин билими.

Улуулукту баалаган, ызаатты сактаган, жашоонун тереңин ачкан кубаттуу сөз.

Сөз – бул касиет, кубат, нур, алкак.

Сөз менен адам өсөт, өнөт, өлөт.

Ушул сөздү баалаган, байыткан, казына кылган – эл.

Кубатка кубат кошкон, асылдык тартуулаган, терең ойго чөмүлткөн, жашоо канча көп кырдуу болсо, ошонун баарын камтыган кыргыздын дастандары, макал-лакаптары, учкул ой тизмеги, не деген кылымдарды карытып бизге жетти.

Кыргыз сөзгө турган. Сөз чебери чечени болобу же жөнөкөй эле сөзгө чоркок адам болобу, кыргыз үчүн айткан сөзүнө туруу өмүрүнөн да кымбат болчу. Кан эки сөздүү болбойт дегендей, кан эмес, карапайым кыргыз да сөзүн эки кылган эмес, “сөзүм өлгүчө өзүм өлөйүн” деп, сөзгө бек туруп, ушунусу менен туруктуулукту бекемдеп жашап келген. Дал ушул баалуулук ар бир кыргыз баласынын көкүрөгүндө куттай уюп, бирдиктүүлүктү кармап келген.

Кыргыздын баалуулуктары жөнүндө сөз башталганда, кыргыздын улуулугу жана жөнөкөйлүгү, даанышмандыгы жана көрөгөчтүгү, асылдыгы жана касиети бизди улам бир жаңы өңүттөн кароого жана иликтөөгө түртүп, ойлондурбай койбойт.

Биздин элдин дагы кандай баалуулугун сыймыктануу менен айтсак болот?

Кыргыз эзелтен ар-намысты бийик туткан эл болгон!

Ар-намыс – бул абройду, наамды таза, бийик тутуу, ага шек келтирбөө.

Кыргыз эзелтен өзүнүн аброюн таза, бийик сактаган. Аброюна, намысына шек келтирсе, ал үчүн өтө чоң сокку болгон.

Ар-намыс өтө чоң, ыйык баалуулук болгон. Бул баалуулук жашоо негизин түзгөн.

Кыргыздын ар-намысы улам кийинки муундарына тарбия аркылуу берилип, кыргыз атына татыктуу болуусуна эң бир күчтүү талап катары бааланып келген. Кыргыз баласы уруусуна, жашаган аймагына, кылган кызматына карабай, ар бири намыска бек, ардуу болуп, элдин биримдигин, жердин бүтүндүгүн сакташкан. Эс кирген баладан тартып карыларга чейин кыргыздар намыс үчүн өлүмгө даяр турганы баарыбызга белгилүү.

Мына ушул жогоруда айтылган асыл сапаттарга жетип, аны баалуулук катары ыйык тутуп, кыргыздар күчтүү, кубаттуу жана бирдиктүү эл катары дүйнөгө таанылган.

Бүгүн бизде ушул баалуулуктар барбы?

Бүгүн баалуу нерсе баасыз болуп, баасыз нерсе баалуу болуп турган кезде кыргыздын өзүнүн түпкүлүктүү асыл баалуулуктарына келтириш үчүн эмне кылуубуз керек?

Ойгон кыргыз!

Ойлон кыргыз!

Иште кыргыз!

Билги бол кыргыз!

Эгерде биз бөтөн элдин баалуулугуна тамшанбай өзүбүздүн баалуулуктарыбыздын негизинде биримдикке келип, башкалар суктангыдай күчтүү, кубаттуу эл болсок, колубузда кушубуз сайрап, төрүбүздө кутубуз көкөлөп, сапатка, дөөлөткө толот элек.

Бир болсоң эгер бүтүндүк болот

Бүтүндүк анан кубаттап коет

Кубаттуу күчтүү эл болсоң эгер

Берилет дөөлөт, берилет сөөлөт

Жетишсиз жериң тез барып толот

Толуктоо болот жакшыга дайым

Кемип бир турат жаманы дайым

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×