Добавить статью
7:22, 4 апреля 2012 5757

Аткаминерлердин аштоосун азайтуу эмнеге керек?

Өлкөбүздө саясатчылар менен мамлекеттик кызматкерлер эмнегедир мамлекеттик бюджетти көбөйтүү керектигин белгилеп келишет, ар дайым бюджеттик каражаттын аздыгын жүйөөлөп турушат. Казнадан сарптаганды катуу үйрөнүп алышканбы, айтор жылдан жылга мамлекеттик бюджеттин көлөмү өскөндөн өсүп, анын сарптоолорду каржылоонун жетишсиздигин күнүмдүк көрүнүшкө дагы айланды. Ойлонуп көрөлүчү, эмне үчүн бизге чоң бюджет керек? Алып көрсөк, бул сарптоолордун болгону 30 гана пайызы мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин аткарууга жумшалып келет.

Эгерде айлык акыларды жана пенсияларды жогорулатуу ниети чын болсо, анда көбөйүп келе жаткан бюджетке түшчү каражаттар, жогорудагы максаттарга сарпталмак. Бирок, алардын бир бөлүгү гана социалдык керектөөлөргө жумшалат да, ошол эле учурда мамлекет буга жамынып алып, бюджеттин көлөмүн жогорулатып келет. Мунун акыры деги эмнеге алып келет? Бийлик өзүнүн бюджетин жогорулатып, чыгымдарын төмөнкү нерселерге жумшап баштайт:

Саясатчылардын таасирин жана шарттарын жогорулатуу;

Популисттик чоң масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу (мисалы: Камбар-Ата);

Бюджеттик каржыга көз каранды болгон адамдардын санын көбөйтүү;

“Берешен жана алмаштырылгыс жакшылык көрсөтүүчү өкмөттүн” беделин куруу;

Жана, чоң суммадагы бюджеттик каражаттарды ачык эмес жана максатсыз пайдалануу – бул бөлүкчөсүз ушул тизме толук болбой калат.

Жогоруда аталган бөлүкчөлөр – башка макала үчүн өзүнчө тема катары кароого болот. Ал эми бул макалада болсо биз чоң бюджеттин кереги барбы жана экономикабыз үчүн ал жыргалчылыкты жарата алабы аттуу суроолорго жооп табууга аракет кылабыз.

Биздин экономикабызда белгилүү бир көлөмдөгү акча бар – аны жалпы акча деп атайбыз. Эгерде мамлекеттик бюджеттин көлөмү чоңойсо – бул экономиканын жеке секторундагы акчанын көлөмүнүн азайгандыгын билдирет. Акча – бул экономиканын эң негизги бөлүгү, эгерде мамлекет жеке сектордон бюджеттин пайдасы үчүн чоң көлөмдөгү акчаларды ала берсе, анда анын акырындык менен жок болуусуна жол ачып берет.

Акчаны кайсы жакта колдонуу пайдалуу? Калкты тамак-аш, кийим-кечек, жабдуулар жана башка экономикалык пайдалуу жыргалчылыктар менен камсыз кылган натыйжалуу жана үзүрдүү жеке сектордобу, же болбосо калкты коопсуздук, билим берүү жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү сапаттуу базалык кызматтарын көрсөтө албаган мамлекеттик сектордобу?

Эгерде жеке сектордун каражаттарынын баарын алып, аларды мамлекетке берсек, мамлекеттик кызматтын сапаты жакшырабы? Буга менин көзүм жетпейт. Мамлекет ушул кездеги 90 млрд. сомдук бюджеттин милдеттерин так аткара албай жатат, анда 200 млрд. сомдук бюджеттен эч кандай жакшылыкты күтүүгө деле болбойт. Эскерте кетсем, 2000 жылдан тартып бюджет 8 эсеге өскөн. Ошол убактан бери мамлекеттик кызматтар жакшырдыбы? Сизге көрсөтүлгөн кызматтар, сизди дале канааттандырбайт, бирок канаатандыраарлык кызмат алуу үчүн көбүрөөк акча төлөөңүздү талап кылышат. Маанисиз жагдай түзүлүүдө. Бюджетти жогорулатуу жөнөкөй жарандардын акчасынын негизинде жүргүзүлөт, себеби, салык жыйноолорду жогорулатуу керектөөчүгө көрсөтүлгөн кызматтардын жана товарлардын кымбаттоосуна алып келет.

Казынада канча каражат болушу керек? Мамлекеттик бюджет үчүн Ички дүң продукциянын (ИДП) чектелген гана бөлүгү мыйзам чегинде аныкталышы керек – ал 20% жогору болбошу керек. Мындай учурда, төмөнкүдөй ийгиликтүү жыйынтыктарды күтүүгө болот:

Өкмөт тарабынан экономикага болгон терс таасирлер жана кийлигишүүлөр чектелет;

Өкмөт түздөн-түз ишкерлер үчүн жакшы шарттарды түзүп бергенге кызыкдар болот, анткени бюджеттин өсүүсү ИДПнын өсүүсүнөн көз каранды;

Бюджеттик каражаттарды багытсыз жана натыйжалуу пайдаланбаса да, мамлекет экономиканын өсүүсүнө жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууда олуттуу деле терс таасирин тийгизе албайт;

Акча каражаттарынын көп бөлүгү жеке сектордо калат, бул ар кандай терс экономикалык жагдайларга карабастан өлкөдө жаңы жумуш ордуларын түзүүдө, өндүрүштү өнүктүрүүдө, жабдууларды жаңылоодо ийкемдүү болгонго көп пайдасын тийгизет;

Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатат. Бийлик салыкты көтөрүү менен бюджетти жогорулатуудагы популисттик максаттарына жетип, узак убакыттык мөөнөттөгү бизнес-климатты начарлатпагандыгы инвесторлордун ынануусу үчүн өтө маанилүү;

Өкмөт чектелген ресурстардын негизинде өзүнүн ишин сапатын бекемдөөгө умтулат.

Аз өлчөмдөгү мамлекеттик сарптоо принцибин Гонконг, Сингапур, Малайзия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөр колдонуп келишет. Төмөндөгү графиктен бул мамлекеттердин 20 жылдык тарыхында алардын мамлекеттик чыгымдарынын ИДПнын 25% ашпаган динамикасын көрө аласыздар (Дүйнөлү Банктын маалыматынын негизинде).

Бул мамлекеттерде адам башына эсептелген ИДПнын көрсөткүчү 37 миң доллардан ашат. Ал эми Кыргызстан бул көрсөткүч болгону 900 долларды түзөт.

Коңгуроо кагышыбыз керек! Акыркы жылдары бюджетти жогорулатууда ыкчамдатылган тенденция орнотулуп калды, бул экономикага терс таасирин тийгизет. 2010 жылы мамлекеттик чыгымдардын саны тез өстү, анда ИДПнын 29% түздү, ал эми 2011 жылы жалпы чыгымдар ИДПнын 30% дагы ашып кетти. Ал эми өкмөттүн кыска мөөнөттөгү өнүктүрүү программасы негизделбеген чыгымдардын өсүүсүн пландаштырып келет.

Эгерде өкмөттүн чыгымдарын ИДПнын 20% бөлүгүн түзө тургандай мыйзам аркылуу чек койсок, анда бизнеске болгон кысымдар жана жогорку салык төлөмдөрдү талап кылуу токтомок. Мындай учурда өкмөттүн негизги иш-аракети ИДПны, башкача айтканда баарыбыздын кирешебизди жогорулатууга багытталат. Аз өлчөмдөгү мамлекеттик чыгымдар салыктардын ставкаларынын төмөндөөсүнө алып келе алса, анда ал экономиканын жандануусуна таасирин тийгизет эле. Бүгүнкү күндө биз бюджетти кыскартсак, ал социалдык милдеттенмелерге жана өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун коргоп жаткан органдардын ишине эч кедергисин тийгизбейт, анткени каражаттар кыйла жетишээрлик. Бирок, негизсиз чыгымдарды, анын ичинде бюджеттин 44% түзүүчү мамлекеттик аппаратты кыскартуу зарыл.

Албетте, чыгымдары жана салыктары жогору болгон европалык өнүккөг өлкөлөрдү эстөөгө болот. Бирок, ал мамлекеттер салыктарын жана чыгымдарын өздөрү бай өлкөлөргө айлангандан кийин гана көтөрүшкөн. Мурда алардын өсүү темптери абдан тез болуп келсе (ал учурда салык ставкалары жана мамлекеттик чыгымдары төмөн болуп келген), азыр алардын экономикасынын өсүүсү төмөндөй баштады. Европаны каптаган карызга батырган кризис, Еврозонанын тарашына коркунуч туудуруп келе жатат – бул кризиске жогорку деңгээлдеги мамлекеттик чыгымдар себептүү. Ал эми биздин өлкөдө мамлекеттик чыгымдардын жогорулашы – тышкы карызыбыздын өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет, келечекте ал карыз биздин жана биздин балдарыбыздын моюнуна илинет.

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфрастуктура чөйрөлөрүндө базар ыкмаларын кое берүү үчүн, өкмөт жеке экономикалык агенттерге жөнгө салуу укугун берип, жогорудагы чөйрөлөргө жол ачуусу зарыл. Өкмөттүн чыгымдарынын жогорулашынын зарылдыгы жок. Эгерде мамлекет өзүнүн чыгымдарын, салыктарын азайтса, анда базар ыкмалары толук кандуу иштеп, жарандардын болуп көрбөгөндөй кирешеси көбөйүп, алардын жашоо шарты жакшырат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×