Добавить статью
10:12, 4 апреля 2012 50630

Казынаны толтурушту башка булактардан издеш керек

Өлкөгө сырттан ташылып келген ун азыктарынын 2 тоннага чейини бажы төлөмүнөн бошотулган. Эми ага министирлик бажы төлөмүн киргизүүнү сунуштап жатат. Ага себеп четтен ун азыктары көп ташылып келгендиктен Кыргызстандын 100дөй ун комбинаттары ага туруштук бербей жатат. Эгерде бажы төлөмүн киргизсек ун комбинаттар иштеп казынага бир топ салык түшөрүн жана жумушчу орундар түзүлөөрүн айтып түшүндүрүшүүдө.

Эгерде Экономиканы жөнгө салуу министирлигинин сунушу Кыргыз Өкмөтүнөн жана Парламенттен колдоо тапса, ун азыктарына болгон бааны турукташтырууга Кыргыз Өкмөтүнүн күчү жетпей калат жана унга болгон баа кескин жогорулайт. Биз унга эле эмес кылкандуу дан азыктарына да Казакстанга көз карандыбыз. Мындайча айтканда 100 дөй ун комбинаттын кубаттуулугуна ылайык келгидей жана аларды кылкандуу дан менен камсыз кылганга Кыргызстанда мүмкүнчүлүк жок. Кыргызстанда 10 миңдеген тонна кылкандуу дан табуу кыйын кайра эле Казакстандан будай ташыганга тукра келет. Казынаны толтурабыз дегенибиз менен инфляцияны өстүрүп, элдин капчыгына зыяныбыз тийип калышы мүмкүн. Бажы төлөмүн киргизсек, анда элди азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо кыйындайт. Ансыз деле Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндерин айдап себүүдө үрөн, күйүүчү май, жер семирткич, айыл-чарба техникалардын, шаймандардын жетишсиздиги кедергиси тийип кылкандуу дан эгиндерин айдап себүү өткөн жылдарга салыштырмалуу 50%га жакын айдоо аянттары кыскарып кткенин да эске алып, казынаны толтурууну башка булактардан издөө керек.

Ата Мекендик ун комбинаттарды колдошубуз керек ал үчүн өлкөбүз жетиштүү деңгэлде дан азык менен камсыз болгондо жана айдап себилгенде өлкөнүн дыйкан фермерлери тарабынан өндүрүлгөн дан, азык түлүк камсыздоо араң 40% жетип турса, министирликтин сунушун колдоо азыркы убакта эртелик кылат. Максатсыз жүргүзүлгөн жер жанаагрардык реформасынын кесепети Ата-Мекендик айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнү, өнүктүрүүнү, талкалап салды. Тактап айтканда Кыргызстандын эли 5 миллон болсо, ага канча тонна ун, жашылча жана башка керектелерин тактап ошого жараша гана өндүрүшүбүз керек.

Бүгүнкү күндө пахта буласы арзан болуп, сатылбай турса, картошка 7-8сомғ сабиз 5 сомго түшүп элдин керектөөсүнөн 3 эсе көп өндүрүлгөндүктөн дыйкан кеткен мээнетин эмес, чыгымдалган күйүүчү майын да актабай калууда же аны кошуна өлкөлөр да албай жатат.

Айыл чарбасын көтөрүүнүн бирден бир жолу «Агропромдорду» уюштуруп Кыргызстан анын ичинде облус, район, айыл элинин санына жараша азык-түлүк керектөөсүн аныктап, ошого жараша өндүрүп, ашыкча өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын өндүрсө аны ким сатып алат канча сомдон же кайсыл өлкөгө экспорттолот такташыбыз керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×