Добавить статью
8:50, 5 апреля 2012 27851

КР ЖК депутаттарына кайрылуу

Урматтуу калайык-калк!

Урматтуу эл шайлаган депутаттар!

КР Президенти Алмазбек Атамбаев быйылкы жылды «Үй-бүлө, тынчтык, ынтымактык жана өз ара кечиримдүүлүк жылы» деп жарыялап, аны турмушка ашыруунун айкын жолдорун аныктагандыгы баарыбызга маалым. Азыркы учурда коомубуздагы жат көрүнүштөргө каршы күрөш жүргүзүү, ысырапкорчулукту жоюу боюнча жалпы коомчулук менен биргеликте чогуу иш алып баруу зарылчылыгы келип чыгууда.  Анткени элибиздин турмушунда каада-салтка жат көрүнүштөр орун алып, ашыкча чыгымдарга жол берилип, өлкөбүздүн экономикалык-социалдык жактан өсүп-өнүгүүсүнө, финансылык кризистен чыгуусуна тоскоол болуп, карапайым калкты жакырчылыктын сазына тартып жатат. Облустун аймагында каада-салттарды, ырым-жырымдарды, үрп адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү максатында көп жылдардан бери бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келүүдө. Элдик жыйындар өткөрүлүп, жоболор иштелип чыккан, бирок бул багытта атайын мыйзамдын жоктугунан, аны толук кандуу иш жүзүнө ашырууга мүмкүн болбой жатат. Мындай мазмундагы маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай жарыяланууда. Элдин пикиринде жергиликтүү чектөөлөрдү бийликке, байлыкка чиренген айрым чиновниктер, бизнесмендер бузуп, карапайм калктын эсебинен коррупциялык жол менен байлыкка ээ болгону аз келгенсип, нукура каада-салттарыбызды көз көрүнөө бурмалап жатышат. Ошондуктан бул көрүнүштөрдү иретке келтирүү, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалы гана эмес, келечеги үчүн чоё мааниси бар улуттун көйгөйлүү маселесин чечүү максатында мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары иштеп чыгып, кабыл алмайынча бул багыттагы иштер чийки боюнча калып, ысырапкорчулукту чектөө кыйын болуп кала берет.

Жогорудагылардын негизинде Ош облусунун активи жана коомчулук республиканын жалпы калайык-калкына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына  кайрылат:

‑ мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдардын, аксакалдар жана аялдар кеңештеринин, жаштар комитеттеринин, жалпы коомчулуктун ашыкча каадаларга жол койбоо, ыксыз ыгым-чыгымдарды кыскартуу, майрамдарды, аш-тойлорду тартипке келтирүүнү көзөмөлгө алуу багытындагы иш-аракеттерин андан ары  күчөтүү;

- КР «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын 2-беренесине ылайык айылдык жана райондук кеёештердин алдында түзүлгөн коомдук диний  комитеттердин иштерин жандандыруу;

- жалпы билим берүүчү мектептерде, жогорку жана атайын орто окуу жайларында улуттук каадалардын, ырым-жырымдардын жана үрп адаттардын баалуулугун даңазалаган, ыксыз ырырапкорчулукту сындаган иш-чараларды өткөрүү;

-айылдардын социалдык-эконмикалык абалын көтөрүүгө терс таасирин тийгизген ысырапкорчулукка, баш-аламандыкка жол бербөө, ар бир жарандын ыймандуу, адептүү жүрүш-турушун камсыз кылууда ата-энелердин жоопкерчилигин арттыруу,  укук коргоо, дин уюмдарын тартуу;

- каада-салттардагы ашыкча ысырапкорчулуктун алдын алуу менен жашоонун жаёы образын ачуудагы көрүнүштөрдү чагылдырган, тынчтыкка, биримдикке, ынтымакка, өз ара кечиримдүүлүккө үндөгөн түрдүү формадагы иш-чараларды коомчулук менен биргеликте өткөрүүгө маданият кызматкерлерин тартуу;

жалпы эл тарабынан колдоого алынган жана жактырылган актуалдуу мааниге ээ болгон мыйзамдын долбоорун кабыл алууну КР Жогорку Кеңешине сунуштоо. Бул көйгөйлүү маселени бир ууч топ, саналуу адамдар, бул же тигил аймак чече албайт. Ал республиканын жогорку жетекчилиги, калайык-калкы, жалпы коомчулук колдоого алганда гана өз максатына жетет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×