Добавить статью
9:30, 6 апреля 2012 19859

Талас - апрель революциясынын карлыгачы

Мындан туура эки жыл мурун ушул маалда өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин өкүм зордук, ачкөздүк жана адилетсиз саясатына Кыргызстанда жашап жатышкан жалпы элдин нааразычылыгы бышып жетилип, ал элдин терең кыжырдануусуна жана толкундоосуна алып келди. Бул ирет Айкөл Манас ата жердеген Талас жергесинин эли элдик революциянын карлыгачы болду. Анткени 2010-жылдагы революция Таласта башталган.

Эгемендүү эркин республикабыздын жаңы тарыхында экинчи жолу революциянын чыгышына эмне себеп болду деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Тоталитардык эски бийлик элди катаалдык менен коркунучта кармап, жарым кулчулукка моюн сундуруп, өлкөнүн байлыгын, элдин ырыскысын ач бөрүлөрдөй талап жеп, ач көздүк, алдым-жуттум аракетин уланта берген. Бул аз келгенсип электр энергиясынын, коммуналдык тейлөө кызматтарынын тарифтик акыларынын эбегейсиз жогорулашы жалпы журтка катуу сокку болду.

«Эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылат» деген бакиевдик ураандын тамтыгы чыгып, иш жүзүндө бардыгы тескерисинче болду. Коррупция болуп көрбөгөндөй күч алып, эски бийлик криминалдык топтор менен коюн-колтук алышып, кызарган жерлерди баса калып менчиктештирүү, пара алып, пара бермей жосунсуз салтка айланып калды.

Ошентип экинчи элдик революциянын учкуну Талас жергесинен тутанып, ал алоолонгон өрткө айланып, бүт республикага тарады. 2010-жылдын 6-апрель күнү Талас шаарынын борбордук аянтына 4-5 миңдей адам чогулуп, алар ошол кездеги бийликтин адилет болуусун, кыйналып жаткан калкка жардам берип, каралашып, жок дегенде электр энергиясынын, коммуналдык кызмат акылардын бааларын төмөндөтүп берүүсүн сурап тынчтык митингин өткөрүү үчүн келишкен.

Бирок элдин талабын бийлик уккан жок. Ал тургай борбор жактан тик учактар менен ошол кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев баш болгон спецназдын 500 гө жакын адамдары келип, тумчуктуруп, көздөн жаш агызуучу гранаталар, желим ок атуучу куралдар менен тынчтык митингин таркатууга аракет кылышкан. Мындай аракеттер элдин кыжырдануусун ого бетер күчөтүп, октон тайманбаган жигиттер Таластагы эски бийликтин кетишине зор салым кошушту.

Ошондой болсо дагы эки жүздүү бийлик борбордо олтуруп алып, Таласта бардыгы тынч, эл күч органдарынын көзөмөлүндө турат деп борбордук телекөрсөтүү жана радио аркылуу тынымсыз берип жатышты. Бул карандай калпты көргөн Талас элинин кыжырдануусу күч алып, жаңы элдик бийликтин орношуна шарт түздү.

Ошондуктан Талас эли бүгүн кайрадан облустун борбордук аянтына келишип, эскерүү митингисин уюштуруп, апрель революциясында курман болгон элдик баатырлардын Талас шаарында орнотулган эстелигине гүлдөрдү коюшту. «Ата-Мекен» партиясынын жаш мүчөлөрү борбордук аянтка чейин желектерди, лозунгдарды көтөрүп, жөө жүрүш жасап, шаардын борбордук аянтына келишти. 6-апрелде Таласта башталган апрель революциясынын урматына митинг реквием өткөрүлдү. Митинг-реквиемге Кыргыз Республикасынын эл депутаты Ширин Айтматова, Кыргыз Республикасынын жаштар министри Алиясбек Алымкулов, Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча куратору Камчыбек Кускаков, Кыргыз Республикасынын транспорт жана байланыш минстринин орун басары Шералы Итибаев, Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева катышып апрель революциясынын максаты, маани-маңызы жөнүндө сөз сүйлөштү.

Андан соң апрель революциясына арналган иш-чара Талас шаарынын борбордук стадионунда улантылып, революциянын баатырлары ошол кыйын кезеңде элдин башында туруп, эски бийликтен жалтанбай революциялык кайра жаралуунун башында турган Болот Шерниязовго, Койсун Курманалиеваларга ыраазылыктарын билдирип жатышты. Талас шаарынын стадионунда бүгүн ордо, күрөш, бокс, валейбол боюнча спорттук оюндар уюштурулуп, анын баш байгесине Болот Шер 100 миң сом, жаштар министри Алиясбек Алымкулов өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан 10 миң сом байге коюшту.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×