Добавить статью
5:59, 12 апреля 2012 35659

Ош шаардык кеңешинин тегерегиндеги кырдаал тууралуу билдирүү

“Замандаш-Современник” партиясынын Саясый кеңеши Ош шаардык кеңешинде “СДПК, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Ата-Мекен” партиялары тарабынан түзүлгөн көпчүлүк коалициясына кирүү чечими тууралуу билдирет.

Биздин тандообуз бийлик алдындагы саясый уюмдарга баш ийип берүү максатын көздөбөгөндүгүн баса белгилейбиз. Негизги максатыбыз - тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап, инфратүзүлүштүк долбоорлорду ишке ашыруу менен, Кыргызстандын түштүктөгү борборун өнүктүрүү болуп саналат. Ошол себептен, биз шайлоонун жыйынтыгы боюнча жарыштын абсалюттук фаворити болбогон партиялар менен коалиция түзүүгө багыт алдык.

Учурдагы мэрдин позициясы бекем экендиги белгилүү, ал жетектеген “Улуттар биримдиги” шайлоодо биринчи орунга ээ болгон, андыктан саясый баллансты сактоо жана муниципалитеттин жетекчилигинин эффективдүү иштеши үчүн жогоруда аталган партиялар менен альянска кирүү чечимин кабыл алганбыз.

Бийликтин жергиликтүү органдарына кенен жана күз карандысыз көзөмөл жүргүзүү аркылуу алардын толук кандуу жана адилеттүү иштешин камсыз кылууга болот. Ошол эле маалда, мамлекеттеги бийлик ордунда отурган адам анын ишине баа бере турган адилеттүү күч бар экендигин так сезиши керек.

Тилекке каршы, биздин партия да көшөгө артындагы интригалардан алыс боло алган жок. Партиянын тутумунда шайлоочулардын ишенимин сатып, Саясый кеңештин чечимине макул болбогон адамдар пайда болду. “Замандаш-Современник” партиясы максатыбыз - Ош шаарынын өнүгүүсүнө салымын кошуп, бакубат саясый климат түзүү экендигине көңүлүңүздөрдү дагы бир жолу бурабыз. Албетте, Саясый партиянын аталган чечимин шайлоочуларыбыздын көпчүлүгү колдоого алышты.

Азгырыктарга каршы тура албай, саясый интригалар менен алектенип кеткен жарандар жана биздин партиянын атынан көрсөтүлгөн депутаттыкка талапкерлер боюнча жакын арада адилеттүү чечим кабыл алынат жана алар тууралуу биз коомчулукка сөзсүз түрдө маалымдайбыз.

Тартип, принципиалдуулук жана чынчылдык – бардык партиянын негизи болуп саналат. Түзүлгөн кырдаалдан негизинде “Замандаш-Современник” партиясы партиянын уставын жана тартибин бузган мүчөлөрдү уюмдан чыгаруу маселесин коюу укугуна ээ.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×