Добавить статью
4:33, 16 апреля 2012 34231

БШКнын өкүлүн тамак-аш менен сыйлоо

Атын атагысы келбеген шаардык кенештин депутаты

13-апрелде Балыкчы шаардык Кенешине кайра шайланган депутаттарга мандат жана төш белги тапшыруу аземи болуп өттү. Бул салтанатка Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси Султанов Марат Сейитбаевич өзү келип, төш белги жана мандаттарды депутаттарга ыйгарды. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясынын Балыкчы шаары боюнча атайын өкүлү Сабекова Айнагүл айым 6-7 адамды сый тамакка алып жөнөдү.

Бул жерден айта кетчү нерсе, Айнагүл айым ал сый тамакка жаңы шайланган депутаттардан 1000 сомдон чогултуп алган. Марат Сейитбаевичке айталы дегенибиз анын урматына союлган кой, форель балыктары, дасторкон жайнаган түрлүү тамак-аштар, коробкага салынып берилген устукан, арак-шараптар депутаттардын каражатына алынганын билсе экен.

Ушундай майда чиновниктер үчүн уюштурулган сый эле канчалаган акчаны талап кылууда, ар бир чиновник ушундай сыйда жүрсө анан кантип Кыргызстан коррупциядан чыгат. Карапайым элди ким ойлойт? Элдин эсебинен жан-сактоо дагы эле уланууда, деги эле Кыргызстандын келечеги барбы? Же БШК атайын өкүлдөрүн өзүлөрүн сыйлоо үчүн гана дайындап алышканбы деген ой туулат. Бул жерден «Жоону сайса эр сайды аты калды Манаска» демекчи депутаттардан акча чогултуп алып өзүнүн атынан сыйлаган Айнагүл айымга жол болсун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×