Добавить статью
6:21, 17 апреля 2012 23858

Кайрылуу

Ош шаарындагы «Эл уулдары» коомдук бирикмесинин демилгеси менен өткөрүлгөн мамлекеттик тил маселесине арналган жыйындын катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргызстандын калкына кайрылуусу!

Урматтуу Жогорку Кенештин депутаттары! Урматтуу Кыргызстандыктар!

Учурда өтө актуалдуу көйгөйгө айланган мамлекеттик тил маселеси жана ЖКнын депутаты Урмат Абдилашимовна Аманбаева тарабынан сунушталып жаткан КРнын «Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам долбоору коомчулукта чоң талкууну жаратты.

Мамлекеттик тил мыйзамы 1989-жылы кабыл алынып, 2004-жылы кайрадан оңдолгону менен анын бир катар талаптары толук аткарылбай келүүдө.

Анын бирден-бир себеби катары мыйзамдын өзүндө орун алган айрым мүчүлүштүктөр.

Мыйзамдык талаптагы көпчүлүк учурда экинчисине артыкчылык берген ”же” байламтасы мамлекеттик тилде же расмий тилде болушу мүмкүн деген сыяктуу арасаат абалга алып келүүчү жагдайлар анын өнүгүшүнө жана мамлекеттик деңгээлде колдонулушуна тоскоол болуп келгени жашыруун эмес.

Мамлекеттик кызматчылар расмий тилде сүйлөшүүнү жана иш кагаздарын расмий тилде

жүргүзүүнү артык көрүшүп, мамлекеттик тилди пайдаланууга умтулушпай жатышат.

Кыргызстандагы мамлекеттик тилдин азыркы кейиштүү абалы кыргыз элине улут жана этнос катары жоюлуп кетүү коркунучун туудурат. Кейиштуу абалдан чыгуу учун КРнын Жогорку Кенешине жана Кыргызстандын калкына кайрылабыз!

Урматтуу Жогорку Кенештин депутаттары! Урматтуу Кыргызстандыктар!

Биз, Ош шаарындагы мамлекеттик тил маселесине арналган жыйындын катышуучулары мамлекеттик тилди онуктуруунун чараларын кучотуу учун томонку сунуштарды беребиз:

1. Баш мыйзамдан расмий тилди алуу.

2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жонундогу» мыйзамда аны ишке ашыруу механизмдери так иштелип чыкпагандыгына байланыштуу мыйзамды жузого ашыруу жагы кыйла аксап калды. Андыктан, укутук-ченемдик жагынан мамлекеттик тил мыйзамын нукура мамлекеттик тил мыйзамына айландыруу учун “мамлекеттик тил жонундогу” мыйзамды жаныча иштеп чыгып, буткул элдик добуш берууго коюлсун.

3. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улутук комиссия мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын козомолго алып жана аны бузгандар учун жоопко тартуу жагын колго алсын.

4. Мамлекеттик тилибизди онуктурууго атайын улуттук программа иштелип чыгып, мамлекеттик тил бала-бакчадан тартып окутулуп, мамлекеттик иш кагаздар 2013-жылдан тарта толугу менен мамлекеттик тилге откорулсун.

5. Мамлекеттик тилди билбегендер кызматка алынбасын, катуу чаралар корулсун.

6. Орус тилдуу ММКлары кыргыз тилине болгон басымды, сындоону токтотсун ММКлардагы 50% дык мыйзам сакталсын.

7. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка уюм, мекемелерде мамлекеттик тилди пайдалануу, иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилди колдонуу жана онуктуруунун чаралары жакшы жолго коюлcун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×