Добавить статью
8:03, 20 апреля 2012 104289

Басма сөз эркиндиги

Басма сөз эркиндиги. Ал эмне үчүн жана кимге керек?

Кыргызстанда басма сөз эркиндиги болуп келген, азыр да бар, кийин да боло бермекчи. Бирок, ал эркиндиктин кызматын ким көрүп жатат? Бул жагынан алганда ойлоно турган маселелер бар.

Басма сөз эркиндиги жана журналистика

Басма сөз эркиндиги деген түшүнүк Кыргызстанда эгемендик жылдарынан баштап модага айланып кеткен. Кыргызстандын Борбордук Азияда демократиянын “аралчасына” айландырган да ушул сөз жана басма сөз эркиндиги болду. Албетте, бийликтер менен айрым массалык маалымат каражаттарынын ортосунда чыр-чатактар болуп, куугунтуктар уюштурулуп, бирок ал чаралар жалпы эркиндикке олуттуу таасир тийгизе алган эмес. Айтыла турган сөз айтылып эле келет.

Бирок, ушул күнгө чейин басма сөз эркиндигинин нукура маңызы тууралуу кеп боло электиги кызык. Дайыма ММКлардын бийликтерден көз каранды болбостугу, көз караштардын эркин берилиши, журналисттердин коопсуздугу тууралуу кеп жүрөт да, ошону менен токтоп калат. Демек, басма сөз эркиндиги дегенибиз ушул элеби? Демек, бийликтер журналисттерди бош коё беришсе, биздикилер оозуна келгенин “оттой” беришсе, журналисттин коопсуздугуна эч ким коркунуч келтирбесе – биз басма сөз эркиндигине ээ болуп калабызбы?

Басма сөз эркиндигинин базалык принциптери дал мына ушуларга барып такалганы менен чынында басма сөз эркиндиги тууралуу андан да тереңирээк карашыбыз, чыныгы басма сөз эркиндигин калыптандырып, анын натыйжаларын жалпы коомго багышташыбыз керек болуп турат. Тилекке каршы, азыркы учурда Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги деп аталган нерсе ошол биз аздектей турган эркиндиктин нак өзү эмес, болгону проекциясы гана.

Бүгүн эл аралык коомчулук Кыргызстанда сөз эркиндиги кыйла камсыз болуп калганын белгилеп жатат. Ошол эле кезде азыр Бишкектен чыккан кыргыз тилдүү эркин басылмаларды карап көрүңүз – аларды окуган алыскы элеттин окурмандары мыйыгынан күлүп, баш чайкашууда. Кала берсе, өлкөбүздө мактанган ОТРК, “5-канал”, ЭлТР сыяктуу жалпы журттун маалымат муктаждыгына шам жаккан телерадиокомпанияларды алып көрүңүз: саясий өңүттөн маалымат таркатууда дайыма чабалдык кылышат да, кайсы бир жактын кызыкчылыгын билгизбей гана коргоп калгылары келишет. Муну эл билип эле турат.

Бардык гезиттер кайсы бир саясатчынын этегин кармап оокат кылып жатышат. Өзүнүн кожоюнун жерге-сууга тийгизбей, анын саясий атаандаштарынынын күлүн көккө сапырышат. Жогоруда аталган телерадиокомпанияларды караңыз: кайсы бир аймактык “көк бет” жетекчи бир сөздү балп эттирсе, өлкөнүн учу-кыйырын дүрбөлөң салып, ызы-чуу көтөрүшөт, ал эми өлкө башчылары көк мээлер айтпай турган сөздү айтып жалпы улутту уят кылып турушса, көрмөксөн-билмексен болушат. Кайсы ММК кимдин ырын ырдап жатканы, кайсы обонго салып кошок айтаары баарыга маалым.

Мунун баары журналисттердин бүгүнкү деңгээлинен, Кыргызстандын маалымат айдыңындагы рыноктун деңгээлинен кабар берип турат. Эгер журналисттердин кесиптик деңгээли, кесиптик-этикалык принциптери, ММКарды башкарып турган жетекчилердин журналистикага болгон көз карашы эч болбогондо бир сөөм бийик болгондо азыркыдай ашмалтай журналистика алдыбызда турбайт эле. Ошондо сындап койосоң “Мен сага эмне жамандык кылдым” деген провинциалдык таарынуулар да болмок эмес.

Гезиттерден ушакты, аргументтелбеген, далилденбеген комментарийлерди, саясий кызыл кулактык менен кайсы бир жакка жантарткандыкты гана көрөсүң. Азыркы журналисттердин көпчүлүгү трайбализм, саясий сойкулук, жанбагарлык жана пастык менен гана алектенип жатканын көрүп жатабыз. Обьективдүүлүк, чынчылдык жана жантартпастык деген принциптер бизде али боло элек, болорун да Кудай билет. Бишкекте журналистика жаатында деңгээли жагынан Кокон хандыгы өкүм сүрүп жатат. Качан заманбап журналистикага өтөбүз?

Кептин баары – азыркы кыргыз журналистикасындагы кемчиликтер басма сөз эркиндигинин түпкү миссиясын жокко чыгарып жатканында. Англиялык утстат журналист Дэвид Рэндаллдын “Универсалдуу журналист” аттуу атактуу китебинде бир белгисиз автордун мына мындай нускасы келтирилген: “ Газеталарга жеке адамдар жана корпорациялар ээлик кылышат, бирок басма сөз эркиндиги элге таандык”.

Көрдүңүзбү, басма сөз эркиндиги элге гана таандык болушу керек экен. Башкача айтканда, басма сөз эркиндиги жалпы элге кызмат кылышы зарыл. Басма сөз эркиндигинин натыйжалары, демек, жалпы коомдун өсүшү, элдин жыргалчылыгына алып келиши керек. Мунун өзү журналистиканын жалпы коомду жакшыртууга көмөк көрсөтүү деген улуу миссиясын моюнга алгандык.

А бизде басма сөз эркиндиги өкмөткө, саясатчыларга, байларга, айрым бир топторго кызмат кылып жатат. “Бул ит жалпы коомго кызмат кылат” деп жарыялап, бирок аны ким-бирөөнүн короосуна байлап койгондон эмне өзгөрөт? Итке ким тамак берсе, ит ошонун кызматын кылбайбы? Ошентип, журналистиканын “жалпы коомдун короочу дөбөтү” деген принцип биздин Кыргызстанда талаада калды.

Мына ушунун кесепетинен азыркы кезде кыргыз журналистикасындагы басма сөз эркиндиги жаатындагы абал жакшы болуп калды, өзүбүздү эркин сезип калдык дегенибиз менен бул эркиндиктин чыныгы маңызынан алып караганда абал жакшы эмес. Элге пайдасы тийбеген эркиндиктин кимге кереги бар? Бир ууч топкобу?

Эмне кылуу керек? Ырас, азыркы модага салып айтканда реформа жасоо керек. Ал кандай реформа? Аны ким жасаш керек?

Өкмөттүк ММКлар болбосун

Кыргызстанда бийлик алмашты, коомдо өзгөрүүлөр жүрдү. Ушундай эле өзгөрүүлөр массалык маалымат каражаттары системасында да болушу керек эле. Болуп жатпайбы дешет. Бир гана ОТРКны коомдук деп атап койгон менен баары бүтүп калбайт. Бул маселеге системалык мамиле керек, локалдуу маселе чечүү менен реформа жасоого мүмкүн эмес.

Апрелден кийин, айталы 2011-жылы айрым белдүү, абройлуу журналисттер кыргыз өкмөтүнө бир катар сунуштар менен кайрылышкан (алардын уруксаты болмоюн ким экендиги тууралуу айтпай турайын). Алардын сунушу боюнча кыргыз өкмөтү бир телерадиокомпанияны жана бир гезитти өзүндө калтырып, калган бардык бюджеттен каржылануучу массалык маалымат каражаттарынан баш тартышы керек болгон.

Демек, бир телерадиокомпания жана бир гезит өкмөттүн маалымат саясатын жүргүзгөнгө толугу менен жетишет, өкмөттүн коомчулук менен байланышуу жаатындагы бардык иш-чаралары ушул каражаттар аркылуу жүргүзүлө берет. Өкмөттүн токтомдору, мыйзамдар жана башка расмий актылар гезитте жарыяланып турат. Андан сырткары, өкмөттүн басма сөз кызматы да турбайбы, ал башка бардык массалык маалымат каражаттары менен иштеше берет.

Мына ушундай болгондо жергиликтүү бийликтердин колундагы саны бар, бирок сапаты жок өлүмүш басылмалар, телекомпаниялар мамлекеттин акырынан жем жебей, өз алдынча оокат кылышмак да, бюджетке азыноолак жеңилдик жаралмак. Эң негизгиси, ММКлардын көпчүлүгүндө жалпы эркиндик болуп, түзүлгөн бирдей шарттын негизинде атаандаштык күчөмөк. Бирок, өкмөт бул кадамга барбады, балким алдыда турган саясий салгылаштар үчүн анын кызыкчылыгы башкача болгондур.

Бирок, ММКларды реформалоонун дагы башка жолу бар. Бул радикалдуураак, бирок натыйжалуураак болушу мүмкүн. Кыргыз өкмөтү бүтүндөй ылдыйкы структуралары менен кошо өзүнүн ММКларынан баш тартышы керек, бирок ошол эле кезде өзүнүн маалымат саясатын жүргүзүү үчүн бюджетте атайын статья менен каражат карашы зарыл. Ошентип, өкмөттүк структураларда ММКлар болбойт, бирок маалымат саясаты үчүн каражат болот.

Өкмөт жана анын структуралары жылына бир жолу маалымат саясатын жүргүзүү үчүн ММКлар арасында тендер жарыялашы лаазым. Ар бир ММК өзүнүн долбоору менен тендерге катышып, ал долбоор өкмөттүк, коомдук, эсперттик жамааттардан түзүлгөн комиссиядан өтөт. Эң мыкты долбоор мурдатан атайын иштелип чыккан критерийлер менен тандалып алынат да, кийинки жылы өкмөт же өкмөттүк кайсы бир структура өнөктөш катары иштеше беришет.

Мындан эмне утабыз? Биринчиден, өлкөдөгү бардык ММКлар бирдей мүмкүнчүлүктө болушат: бирөөсү элдин акчасын алып, жарытылуу иштебейт да, башкасы өз караты менен коомго кызмат кылышы керек, бул ММКлардын карама-каршы эки лагери жоюлат.

Экинчиден, ММКлар арасында чыныгы атаандаштык башталат: өкмөттүк каражатты утуп алуу үчүн ММКлар өздөрүнө чыныгы кесипкөйлөрдү чогултат, техникалык жана материалдык жактан жакшырышат, жада калса ар бир журналист үчүн ачылып иштеп жаткан майда нускалуу гезиттер биригишет. Эң негизгиси, ММКларда сапат жагына көңүл бурулуп, ушак-айың жана деңгээли төмөн материалдар жоголот. Журналисттерде өздөрүнүн кесиптик деңгээли үчүн аракет кылууга мотивация пайда болот: профессионал болсо – иштейт, болбосо – борттун сыртында калат. Дагы бир пайдасы, ММК өкмөттүн үй күчүгү эмес, анын өнөктөшү катары иштеп, ишинин сапаты, стандарттары, принциптери кыйла өзгөрөт. Кыргызстандагы ММКларда жана журналистикада кыйла динамикалуу оң өзгөрүүлөр жүз берет, кадрларды даярдоо чөйрөсүндө иштер жакшырат.

Биз дайыма ММКларга жакшы кадрлар келсин дейбиз, бирок алар келбейт. Мунун Кыргызстан үчүн универсалдуу себеби бар: ар ким өз тууганын, жакынын, досун, пикирдешин, партиялашын же кызыкчылыгы бир кишини жумушка алып келет, профессионалды эмес. Эгерде биз ММКлар системасында кардиналдуу реформа жасасак, ушул нерселерден тезирээк кутулмакпыз.

Коомубуз кардиналдуу өзгөрүшү керек, аны үчүн коомду жетелеген коомдук институттар өзгөрүүгө тийиш. Ал институттардын ана башында азыркы маалымат жана коммуникация доорунда ММКлар жана башка маалымат таркатуу каражаттары турат. Журналисттер өзгөрүшү үчүн ошол жааттагы системаны өзгөртүү керек. Ошондо чыныгы журналисттик аң-сезим, тилектештик, кызыкчылык жогорулап, басма сөз эркиндиги бир ууч гана топтун же бирөөнүн кызыкчылыгына эмес, жалпы коомдун өнүгүшү үчүн иштеп калат.

Азыр эмне болуп жатат? Бишкектеги кыргыз тилдүү көпчүлүк басылмалар базардагы ушакчы жеңелердин деңгээлинен өйдө көтөрүлгөн жери жок. Ал эми жергиликтүү басылмалар, башка да ММКлар эптеп “жашап” жатышат. Алар коомду алга жетелемек турсун, коомдун артынан калбай жүргөнгө чамасы калбаган. Профессионализм, талаптагы деңгээл жок. Бир гана кайгы: жан бакмай.

Ошентип, Кудай берген басма сөз эркиндиги колдо турганда аны менен мактана бербей, аны өз миссиясы менен, максаты менен пайдалана билүү, журналистиканы, демек, коомду алга жылдыруу зарыл. Өз убактысы келгенде баары болот деген шайтан философиядан кетип, өзгөрүүнү бүгүн баштоо керек. Эгер бүгүн кыргыз журналисттери оң жагына, өргө карай өзгөрбөсө, колдо турган эркиндиктин, тагдырда бир келчү мүмкүндүктүн талаада калганы ошол.

Илгертен келген чындык бар: эркиндик гана өнүгүүнүн өбөлгөсү боло алат, өз эркине ээ болбогон адам өзүн да, коомду да өнүктүрө албайт. Эркин адам умтулат, атаандашат, жол издейт, чындыккка чыгармачыл мамиле жасайт. Ошондуктан, өкмөт тарыхый өзгөрүүлөргө барып, бардык ММКларды бирдей шартка, бирдей критерийлерге, бирдей негиздерге коюшу абзел. Өкмөт ММКлардын кожоюну эмес, өнөктөшү болгон коомдо эркиндик көп болот да, чыныгы коомдук баалуулуктар асманга көкөлөйт. Өкмөт буга барабы же жокпу? Мындай кеменгерликке ал даярбы? Муну көрө жатарбыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×