Добавить статью
11:59, 20 апреля 2012 11547

Чет мамлекетте жашаган кыргыздардын дилин сактоого, көмөк көрсөтүүгө милдеттүү эмеспиз

Кыргыз мектептеринин аты эле болгону менен заты өзбек мектеп.

Өзбекстандан келип жогорку билим алган жаштар өз мекенинде жумушка орношууда. 3-жылдан бери азап тартышууда. Тактап айтканда Кыргызстандан билим алгандарды жумушка орношуу үчүн Ташкентке барып 3-айлык кошумча билим алып,андан соң атайын конкурстан өтүшсө гана жумуш берилип жатат. Эгерде конкурстан өтпөгөндөр болсо жумушсуз калышууда. Ал эми Өзбекстанда бей расмий маалыматка караганда 2 миллонго жакын кыргыздар жашайт. Кыргыздар жашаган айылдардагы кыргыз мектептеринде болсо кыргыз-тили мугалими да жок болууга аз эле калды. Кыргызстандан билим алган кыргыз тил мугалим да Ташкенттен 3-айлык кошумча билим алууга жана атайын конкурстан өтүүгө милдеттүү. Мындан сырткары, Кыргыз мектептеринин аты эле болгону менен заты Өзбек мектеп болуп калган, мындайча айтканда кыргыз мектептери ар жылы биринчи класска 3-4 класс кабыл алса анын бири гана кыргыз класс болуп жатат. Буга себеп башталгыч билим берүү тармагында Кыргыз тилдүү китептердин жоктугу, болсо да 300-400 сомго чейин ошондо бир балага кыргыз сому менен эсептегенде 2000-3000 сомго жакын акчаны ата-энелери таба алышпай балдарын өзбек класска берүүгө аргасыз болушууда. Буга чейин китеп, окуу куралдарын Кыргыз өкмөтү тарабынан камсыздалып келген. Эгерде кыргыз өкмөтү көмөк көрсөтүп жардам бербесе кыргыз мектептери да жабылып Өзбекстандагы кыргыздар кыргыз тилин билбей калышы толук мүмкүн. Башка мамлекетте жашаган кыргыздардын тилин, дилин сактоого жана көмөк көрсөтүүгө биз милдеттүү болушубуз керек. Ансыз деле БУУ тарабынан жогулуп кетүүчү эки миң тилдин тизмесинде кыргыз бекеринен киргизилген эмес.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×