Добавить статью
6:33, 24 апреля 2012 15645

Аксакалдар жамаатынын президент жана парламентке кайрылуусу

 

Автор: Муфтият

Бисмиллаахир Рахмаанир Рахиим!

Кыргыз Республикасынын Президенти А. АТАМБАЕВге

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.ЖЭЭНБЕКОВго

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.БАБАНОВго

Жогорку Кеңештин ДЕПУТАТТАРЫна

Президенттик администрациянын Аппарат жетекчиси

Ж.САТЫБАЛДИЕВге

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы

Ш.АТАХАНОВго

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын

директору А.ЖУМАБАЕВге

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Асилбек Шарипович, Өмүрбек Токтогулович!

Урматтуу депутаттар жана мамлекеттик жооптуу жетекчилер!

Биз Кыргызстандын ажы, намазкөй мусулман аксакалдарынын жамааты Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин антикоррупциялык саясатын бекем колдойбуз, аны туура турмушка ашырып жаткан Азирети Муфтий Чубак ажы Жалиловдун реформалык иштерине ыраазычылык билдиребиз. Анткени, коррупция бир эле учурда өлкөнүн бүт тармагын каптап, мамлекетти да, элди да, динди да кыйын абалга алып келген болчу...

Биз намазкөй, ажы мусулман аксакалдар катары Кыргызстандын эгемендикти алган 20 жылдык тарыхында ар жылы ажылыктан чоң чырлар чыгып, элдин массалык тынымсыз нааразылыгына күбө болуп келгенбиз:

2006-жылы биздин 2008 ажыга баруучулар калып кетип, ордуна чет элдик жарандар кетип, чуусу жыл бою басылган эмес. Кайсы бир жылы жүздөгөн ажыга барган биздин жарандар Түркияда, Сирияда калып кетип, мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар министрлиги ташып берген. Ал эми, 2009-жылдагы ажылыкта 292, кийин 2010-жылкы ажылыкта 650 чет элдик жарандар ажылыкка Кыргызстан аркылуу кеткени белгилүү болгон. Ошол жылдары Мамлекеттик дин комиссиясы ажылыкты уюштура коюп, коррупциялык жол менен Иранга 140 «виза» жең ичинен сатылып, «Манас» эл аралык аэропотунда бажы кызматы тарабынан кармалган факт бар.

Биз мусулман аксакалдар катары дин тармактагы ал терс көрүнүштөргө уят болуп: «өлкөбүздө жок дегенде дин тармагы таза болсо, анын шарапаты менен Жараткан Аллах-Тааладан бизге ырайым кылып, элге ынтымак-ырыскы берип, өлкөбүз, жерибиз өсүп өнүгөт эле!» – деп эңсейт элек.

Элдик апрель революция мамлекеттик коррупцияга катуу балта чапканда, мусулмандар да дин тармактагы коррупцияга катуу таасир берип, 4 ай ичинде адилетсиз жол менен келген татыксыз 3 экс-муфтийди (Кулов Сүйүндү, Нарматов Абдишүкүрдү, Жумагулов Русланды) кызматтан кууп чыккан эле. Ошондон көп өтпөй ошол учурдагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Б. Абдырахмановдун жетекчилигинде, коопсуздук жана күч органдарынын өкүлдөрүнүн, биздин катышуубузда Уламалар Кеңешинде жашыруун жабык добуш берүү менен адилет шайлоо өтүп, ошондо Азирети Муфтий Чубак ажы Жалилов 70% уламалардын колдоосу менен азыркы жогорку кызматка шайланган.

Ошондуктан, Чубак ажы Жалиловдун Азирет Муфтийлик кызматы КМДБ уставы боюнча легитимдүү болуп саналат, ага асылган көрө албастар, эски коррупция тараптар анын кызматын «легитимсиз» деп кууланып жүрүшөт. Ал Аллах-Таалага жага турган такыба аалым, Жараткандын каалоосу экен шайланды. Учурда ал жалпы мусулмандар, эл, бийлик ишенимин Кудай акы так аткарып келүүдө. Жогорку Кеңеш тараптан «ажылыктагы ар жылкы ызы-чууну, тартипсиздикти, уурулукту, коррупцияны токтотуу максатында чыгарган реформалык мыйзамдар, токтомдор толук ишке ашууда. Өткөн жылда ажылык жакшы өтүп, элдин, мусулмандардын алкоосуна, Өкмөттүн «Ардак Грамотасына» татыктуу болду. Билгичтик менен ар жылкы ажылыктагы уюмдашкан мамлекеттик, эл аралык деңгээлдеги коррупцияны жойду – бул оңой-олтоң иш эмес.

Азыр ага асылган Кудайдан коркпостор, ошол эски коррупциялык системанын, схемалардын элементтери, саркындылары, «крышалары» экенин унутпоо керек. Азыркы Муфтиятка нааразы бузукулар реформа аркылуу учурда жоюлуп жаткан, мурда мамлекеттик чиновник «крышалар» жардамы менен сырттан кирген: «ашпозчу», «чайканачы», «алып сатар» ж.б. шылуундар. Аларды колдоп коррупционер «крышалары» да аларга кошулуп Муфтият реформасына каршы чабуулга өтүү алдында турат.

Урматтуу өлкө жетекчилери, учурда Муфтияттын реформасы Президенттик жана парламенттик колдоого муктаж, Сиздерди реформаны коргоого чакырабыз!

Адилет, таза бул реформага бут тосуу, каршы болуу, кыйын кезеңде ага кол кабыш кылбоо – бул Кудайга, ислам динине, элге, мусулмандарга, Президенттик антикоррупциялык чоң саясатка, өлкөгө, келечекке душмандык кылуу болуп саналат!

Сиздерди урматтоо менен, Кыргызстандын ажы, намазкөй мусулман Аксакалдарынын атынан:

Пазыл ажы Жайчыбеков, Эшмухаммед ажы Дүйшөнов, Токтобай Назаралиев, Молдоахун Жапарбаев, Калыбек Турпанов, Баатырбек Толобеков, Үмөткул Иманкулов, Нарынбек Ботбаев, Эшполот Өсөров, Жолдошалы Мамбеткулов, Шайлоо Өмүралиев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-12-2012
Ислам Кыргызстанда маанилүү роль ойнойт
11752

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×