Добавить статью
7:14, 3 мая 2012 19555

Президент А.Атамбаевге кайрылуу

Урматтуу Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев!

Урматтуу Кыргызстандын укук коргоо органдары, менин сиздерге мажбур кайрылуумдун себеби, мени 2012-жылы 25-апрель күнү Ош областынын губернаторунун 1-орун басары Кушбак Тезекбаев себепсиз жерден түшүнбөй көпчүлүк элдин алдында обладминистрациянын 1-кабатында жардамчы баласы экөөлөп ур-токмокко алызып, зордук-зомбулук көрсөтүштү. Ош шаардык ооруканасынын башкы дарыгерин пайдалануу менен мени дарылантпай тоскоолдук жасап 27-апрель күнү түнкү саат 21:15те мажбурлап ооруканадан чыгарышты. Бүгүнкү күнү да кызмат абалынан пайдаланып, менин үстүмөн кара пиар уюштуруп, документ даярдап, иш козготуу үчүн далбас уруп жатат. Менин укук коргоо органдарынан тиешелүү кызматтардан К.Тезекбаевдин менин үстүмөн куугунтуктоосун токтотуусун талап кыламын жана прокуратура тарабынан кылмыш ишин козгоп, жоопко тартып берүүңүздөрдү талап кыламын. Бул адамдын мамлекеттик кызматта иштөөгө моралдык укугу жок.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×