Добавить статью
10:04, 4 мая 2012 63101

Президентке жасаган кайрылуусу

Ош шаарындагы Макаренко атындагы мектеп-гимназиясында билим алган балдардын ата-энелердин атынан Ош шаарынын тургуну, Ооган согушунун ардагери Бердибай Саматовдун президентке, өкмөт башчысына кайрылуусу.

Наристелердин жерин тартып алган Мухтар Орозбеков министрдин орун басары болуп иштөөгө акысы жок.

Биз, Ош шаарындагы №6 Макаренко атындагы мектеп-гимназиясында балдары окуган ата-энелердин атынан кайрылып отурабыз. 2006-жылдары Мухтар Орозбеков   ОшМУда ректору болуп турган кезинде Макаренко мектеби ОшМУнун балансында болчу. М.Орозбеков кызмат абалынан пайдаланып ошол кездеги шаар жетекчилери менен жең ичинен сүйлөшүп, мектептин аймагынан соода түйүнүн курганга жерди жакын жердештерине каттатып менчиктештирип алган. Шаардын чок ортосунан орун алып, соода кылганга ыңгайлуу жер болгондуктан мектептин короосу Орозбековдун көзүн кызарткан болсо керек. Мамлекеттик билим берүү мекемелеринин жерлери жөнүндөгү мыйзам актыларын да, коомчулук пикирин да, жаш балдар билим алып жаткан жерге соода жайын курганга болбостугун да  көзгө илип койбой Орозбеков өз билемдик менен ал жерлерге эки заңкайган 3 кабаттуу имараттарды куруп алган. Азыр ал жерлерде ар кандай соода кылгандар арендага алып иштеп жатышат. Имараттардын бири Макаренко мектебинин спорт аянтында болсо, экинчиси чоң актылык залына туташып курулган. Мындай өкүмзорлук, элди, мамлекетти сыйлабастыкка кантип карап, буга окшогон кишини дагы жогорку кызматтарда кармап турууга болобу?..
Орозбековдун дагы бир кыйдылыгына көңүл буруңуз! Макаренко мектебинин жерин өздүк кылып алгандан кийин эле университеттин практикалык базасы эсептелип,  ОшМУнун балансында турган №18 А.Навои жана №6 Макаренко орто мектептерин жана балдар бакчасын ар кандай шылтоолорду айтып, шаардык билим берүү башкармалыгынын карамагына өткөргөнгө шашкан. Антпесе мектептин жерин менчиктеп алган Орозбековдун жоругу кызуу талкууга алынып, коомчулуктун назар бутасына илинип калган болчу. Байлык жыйноо жолунда эч нерседен кайра тартпаган ынсапсыздык Орозбековду наристелер билим алып жаткан мектеп аянытына да көз кызартканга чейин түрткөн.     
Азыр өлкөбүздө тазалануу, коорупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүрүп, жалаң эл эсебинен байып, кызмат абалынан кыянат пайдалангандар четинен тазаланып бара жатканы кимди да болсо кубандырбай койбойт. Шылуундар, эл байлыгын өздүк кылып алгандар, эски эсирген бийликтин табакташтары, таламдаштары толук тазаланды деп айтуу азыр эрте. Учурда билим берүү министринин орун басары кызматында иштеп жаткан Мухтар Орозбеков ашынган шылуундугу, суудан кургак  чыккан көз боемучулугу менен азыркы бийликтин да курамына кирип иштеп жатканы аны жакындан билген, өз көмөчүнө күл тарткан жоруктарына күбө болуп калышкан оштун элин таң калтырып эле келе жатат.
Биз бул макаланы жазуу менен өлкөнү оңдойм деп астейдил аракет кылып жаткан азыркы бийликке, президенттин, премьер-министрдин аракеттери, бир карын майды  кумалак чиритет болуп Орозбековго окшогон арты таза эмес кадрлар жогорку бийлик сересинде иштеп жатканы менен жуулуп жатканын эскертип койгубуз келип жазып отурабыз. Орозбеков жөнүндө буга чейин нечендеген чуулгандуу материалдар басма сөз беттеринде жарыяланган. Биз анын дагы бир жоругун коомчулук назарына таштамакчыбыз анын кандай киши экенин окугандар өздөрү таразалап алышаар.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!
Ош шаарындагы №6 Макаренко атындагы мектептин жерине курулган эки имаратты абдан кылдат текшертип көрүшүңүздөрдү суранабыз. Бул жер кандай жол менен берилген ким берген жана ким алган. Азыр Орозбеков бул эки имаратты тең башка адамдардын атына каттатып койгону анык. Бирок текшерүү калыс, кылдат жүргүзүлсө Орозбековдун өзүмчүл араттеринин бети сөзсүз ачылат.
Учурда бул Орозбековдун имараттарында спирттик ичимдиктерди сатуучу кафе, компьютердик оюндар жана башка жаш балдардын тарбиясын терс таасир берүүчү соода түйүндөрү болгондуктан эртең окуучулар менен байланышкан кандайдыр бир кокустуктар болуп кетеби деген кооптону бар. Ошондуктан бул ишти териштирип алдын ала чараларды көрүүңүздөрдү суранабыз.
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×