Добавить статью
7:31, 8 мая 2012 15468

Улуу Жеңиш күнү менен куттуктоосу

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, жана ооруктун катышуучулары!

Сиздерди Улуу Жеңиштин 67 жылдык майрамы менен куттуктайм!

Сиздер жараткан кайратман эрдик менен эбегейсиз эмгектин аркасында мурдагы СССР, анын тутумунда Кыргыз Республикасы өз эркиндигин сактап калды жана келечек муундар тынчтыкта жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Азыркы өз алдынча өр таянган Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары кайра түзүлүшүнө да Сиздердин дал ошол тарыхый эрдигиңер уңгу болгону талашсыз.

Ардактуу ардагерлер! Кылымдарга калган баатырдык окуяңар жаштарды улуу духта тарбиялоодогу айныксыз үлгү катары кала берери талашсыз.

Өлкө бийлиги Сиздердей нарктуу адамдары менен сыймыктанат жана татыктуу жашоо турмушту камсыздоо үчүн бардык аракетин кылат.

Ушул Улуу Майрам күнү Сиздерге узун өмүр, бекем ден-соолук каалап, үй-бүлөңүздөр, эл журтуңуздар менен бакубат жашашыңыздарды чын жүрөктөн тилейм!

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери

Чыныбай Турсунбеков

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×