Добавить статью
7:33, 8 мая 2012 10695

 9-май – Жеңиш күнү менен куттуктоосу

Урматтуу Улуу Ата - Мекендик согуштун ардагерлери!

Сиздерди “Биримдик” парламенттик көпчүлүк коалициясынын жана жеке өзүмдүн атымдан улуу Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Экинчи дүйнөлүк согушта жеңип чыгуубуз биздин мамлекет үчүн жеке эле боштондуктун белгиси болбостон жалпы Кыргыз Республикасы катары мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуубуздун да белгиси десек жаңылышпайбыз.

Мекен коргоочусу катары, өз жанын аябастан, күндөн күнгө жеңиш күнүн жакындатып, чыныгы патриотизм менен Ата Мекенге берген күрөшүңөр түгөнгүс сый- урматка ээ.

Ошондон улам, бул майрам күнү Сиздерге чың ден – соолук, узун өмүр, талыкпас күч- кубат жана ийилгис кайрат каалайм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×