Добавить статью
8:09, 8 мая 2012 32475

Ө.Бабановго кайрылуу

Кайрылуу

Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!

Биз Ош шаарынын жерге муктаж болгон 31 миң адамдын атынан кайрылып жатабыз. Себеби өзүңүзгө белгилүү 2010-жылы Кең-Сай жана Ачы конушунан турак жай куруу үчүн өкмөт тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Кең-Сай конушунан 3500 кишиге жер тилкеси мыйзамдын негизинде бөлүнүп, берилген. Азыркы кезде ошол берилген жер тилкелерин Жапалак айылы талашыпбиздин үй куруубузга токоолдук кылууда. Ал эле эмес ошол жерде канал куруп, жол салып жаткан техникалардын ишин да токтотууда.

Эгерде ушул маселе өз убагында чечилбесе, эртеңки күнү Гүлбаар айылы жана Ачы конушунун ээсимин деп Мады айылы да көтөрүлүшү мүмкүн.

Бул маселени чечип берүүсүн талап кылып, Ош шаарынын мэри жана Ош областынын губернаторуна бир канча жолу кайрылсак, алгылыктуу жооп бере албай жатышат. Карапайым калкты саясатчылар шайлоо убагында өздөрүнүн пайдасы үчүн элди курал кылып пайдаланышат да? Эл маселесин чечүүгө келгенде эч нерсе билмексен болуп четке чыгышат.

Ошондуктан бул маселени кечиктирбестен, тез аранын ичинде чечип, алынган жерлерге токтомду чыгартып берүүңүздү талап кылабыз.

Эгерде талабыбыз 2012-жылдын 11-майына чейин аткарылбаса биз 2010-жылы Ош шаарынын батыш кичи районунун Ишкаван айылынын суулуу тегиз басып алган жерибизди, кайрадан басып алууга мажбур болобуз.

Сизди урматтоо менен Ош шаарынын жерге муктаж жарандары

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×