Добавить статью
5:14, 14 мая 2012 22023

«Кыргыз-Түрк Манас» университетинин студенттери орус тилинин расмий тил макамын алып салуу маселесин көтөргөн эмес

Университеттин басма сөз кызматынан билдиргендей, 20-апрелде «Кеменгер» клубу жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин Студенттик Кеңеши тарабынан уюштурулган өлкөнүн студенттеринин 1-курултайы өткөрүлгөн.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттарынан Равшан Жээнбеков, Нурбек Алымбековдор, Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Жогорку окуу жайлар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Съездбек Мамытов, университеттердин проректорлору, окумуштуулары, окутуучулары жана коомдук уюмдардан атайын өкүлдөр менен бирге өлкөнүн жети облусунан келген 377 студент катышкан. Курултайдын жоболоруна ылайык, бир катар маселелерге тиешелүү резолюциялар кабыл алынган. Резолюциялардын катарында учурдагы ызы-чууну жараткан «Кыргыз Республикасынын расмий, мамлекеттик тили кыргыз тили болуп кабыл алынсын,»Жалпы Республикалык тестирлөө» программасына өзбек тилин киргизбөө» өңдүү резолюциялар болгон. Бул резолюциялар 7-май күнү АКИпресс агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында коомчулукка жарыяланган. Бирок эмнегедир жергиликтүү жана чет өлкөлүк ММКалар аркылуу «Студенттер орус тилинин азыркы мезгилдеги расмий тил макамын алып салуу маселесин көтөрүүдө» өңдүү билдирүү таркаган. Буга кошумча өзбек тили маселеси да камтылган. Ошондой эле курултайдын уюштуруучусу жана билдирүү таркатуучусу катары Кыргыз-Түрк Манас университети аталып, жогорудагы резолюцияларды кабыл алууда катышкан мамлекеттик кызматкерлердин, кээ бир ЖОЖдордун ректорлорунун аттары аталган эмес. Мунун жыйынтыгында Манас университетинин кадыр-баркы жана студенттери жабыркап жатат. Анткени кээ бир ММКларда аталган окуу жайдын студенттери «улутчулдар», «динчилдер», «аларды атып салыш керек», «панктүрктөр», «диссиденттер» деп сыпатталган. Мындан сырткары, «Мына силерге түрктөрдүн тарбиясынын жыйынтыгы» же болбосо «Түрктөр орустар менен дос эмеспи», «Орус тилине каршы жаңы атака» деп Манас университетин каралаган жана улуттар аралык провакацияга үндөгөн макалалар жарыяланган.

Ал эми АКИпресс агенттигинде маалымат жыйынын өткөргөн курултайдын уюштуруучулары Дастан Насиров, Адилет Орозбаев, Сүймөнкул Идирисовтордун айтымында, «орус тилин расмий макамынан ажыратуу» тууралуу кеп айтылган эмес. Жыйын учурунда кыргыз тилинен орус тилине которууда журналисттердин кетирген катачылыгы катары сыпатташты.

Мындай билдирүүнү таркатуудан мурун ММК өкүлдөрү да маалыматты такташса болмок. Биринчиден, КРнын студенттеринин 1-курултайынын өткөрүлүсүндө окуу жайдын имараты колдонууга берилип, университет эч кандай уюштуруу иштерине катышкан эмес. Экинчиден, университеттин жетекчилиги АКИпресс агенттигинде маалымат жыйын өткөрүлө тургандыгын жана курултайдын кабыл алынган резолюциялары тууралуу маалыматка ээ болгон эмес. Мындай билдирүүлөргө окуу жайдын жалпы жааматы жана студенттери карамандай каршы. Анткени айрым студенттердин жасаган жосундары коомчулукка тез жайылып, университтеттин аткарган иштерине, студенттердин ар түрдүү тармакта жетишкен ийгиликтерине шек келтирилди. Учурда бул маселеге Манастын жетекчилиги тарабынан көңүл бурулуп, студенттер менен бирге төгүндөө иштерин жүргүзүүдө. Ошондуктан ММК өкүлдөрүн бул төгүндөөнү жарыялап коомчулукка жеткирүүсүн өтүнөбүз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×