Добавить статью
6:35, 17 мая 2012 10482

Кесиптик лицейлердеги коррупция

Кесиптик лицейлерде миңдеген окуучулар окууга келбейт, бирок жетекчилери жыл аягында бардыгы окуду, тамак жеди, баардыгы жакшы деп отчет беришет. Журналда 25-30 окуучу болсо сабакта ашып барса 15-17 окуучу гана олтурганын көрдүк. Мисал катары айтсак, 22-апрелде Жалал-Абад областындагы Аксы районунда жайгашкан №69 кесиптик лицейинде болдук. Директору Жаналиев Самарбек Назарович менен бирдикте группаларга киргенде,

Тигүүчүлөрдүн №90 группасында журналдагы 30 окуучудан 7 гана сабакта, №88 группасында журналдагы 26 окуучудан 3 гана сабакта экен.

Жалпысынан окуу жайы боюнча 34 гана окуучу катышты, а коллективинде 39 адам иштейт экен, демек ар бирине күндө бирден гана окуучу туура келет!

Экинчиден, 18-апрелден бери окуучуларга тамак берилбей келе жатыптыр, «акча келбей калды эле» деп лицей жетекчилиги окуучуларды ачка калтырышкан экен?!

Лицейди тамак-аш менен камсыздоо эреже боюнча жеке ишкерлер аркылуу жүргүзүлбөстөн лицей жетекчилери өздөрү акчаны алганы, жыл аягында бөлүнгөн бюджеттин бардыгын сарпталды деп отчет бергени, ал отчетту Кесиптик билим берүү Агенттиги (Жетекчиси Т.Чолпонкулов) кабыл алып, билмексен болуп жаап койгону накта коррупциялык көрүнүш. Биз биринчи кварталдын жыйынтыгында Таалайбек мырзага бул көрүнүштөр бар экендигин эскерткенбиз.

Ушундай эле көрүнүш Ош областынын Кара-Кулжа районунун №29 кесиптик лицейинде (Директору Исаков Абдисалам) 3 –майда 2-10-фермер группасында 25 окуучудан болгону 2 гана сабакта олтурат, 3 фестивалда дейт. 6-11-фермер группасында 25 окуучудан 6 сабакта, 3 фестивалга кетиптир. Коллективде 33 адам, окуучулар 8. Бул эмне деген шалаакылык, кандай билим беруу?

Жогоруда аталган лицейлердин директорлорун жумуштан тез арада бошотуп, бухгалтериясын текшертип, тартипке салбаса министр А.Алымкулов, кесиптик билим берүү Агенттинин директору Т.Чолпонкулов мырзалар бул көрүнүштөр үчүн жооп бериши керек эл алдында!!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×