Добавить статью
4:27, 22 мая 2012 8194

Кайрылуу

Кыргызстан мусулмандарынын Азрети муфтийи Ч.Жалиловго,

КР президентинин аппаратына, КР дин иштери мамлекетик комиссиясына

Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин кезексиз отурумун өткөрүү боюнча түзүлгөн демилгечи топ

Ассалому Алейкум Чубак ажы!

Акыркы мезгилде диний башкармалыкта жана анын структурасындагы жалпы диний мекемелерде, жалпы мусулман коомчулугунун, өзгөчө диний билимдүү аалымдардын нааразычылыгына себеп болгон иштер болуп жаткандыгына өтө көңүлүбүз ооруп, тынсызданып жатабыз.

Ушундай мезгилде, Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин мүчөсү катарында сүтүбүзгө жүктөлгөн жоопкерчиликке кайдыгер мамиле кылбай, Кыргызстанда Ислам дини багытында эң жогорку уюм катары, Кыяматта Аллахтын алдында, жалпы жергебиздеги мусулмандардын алдында жүзүбүз жарык жана адилеттүү болуубуз үчүн, чечкиндүү иш-чараларды иштеп чыкпасак, диний башкармалыктын айланасында көптөгөн нааразычылыктар пайда болуп,коомчулукту тынчсыздандырып жатат. Ошондуктан Уламалар Кеңешинин мүчөлөрүнөн түзүлгөн демилгечи топ кезексиз жыйын өткөзүп, жогоруда көтөрүлгөн маселелерди тез-аранын ичинде талдап-талкуулап, канааттандырарлык иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн, КМДБдан уставга ылайык, жалпы Уламалар Кеңешининин отурумун кечсиктирбестен өткөрүүнү сурайбыз. Уламалар Кеңешинин отуруму үстүбүздөгү жылдын 31-майында өткөрүлүүсүн КМДБга расмий кайрылабыз. Эгерде КМДБ жогоруда айтылган күнү Уламалар Кеңешин жалпы отурумга жыйнабаса, анда ушул демилгечи топтун демилгеси менен 2012-жылдын 2-июнунда Уламалар Кеңешинин жалпы отурумга жыйналуусун кабардайбыз.

Төмөндөгү күн тартибине коюлуучу маселелерди КМДБга сунуштайбыз:

Күн тартиби

1.КМДБ айланасында болуп жаткан ар түрдүү нааразычылыктарды аныктап, тактап баа берүү

2.Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын уставын учурдун талабына ылайыктуу иштеп чыгуу

3. Ислам багытында ар түрдүү диний жамааттардын башын бириктирүү максатында бирдиктүү иш-чара иштеп чыгуу

4.Жалпы диний окуу жайлардын программасын талапка ылайыктуу кылып иштеп чыгуу

5.Ар түрдүү маселелер

Чубак ажы бул кайрылууга кайдыгер мамиле кылбастан, туура чечим кабыл аласыз деген ниеттебиз

Кайрылууну даярдагандар Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин кезексиз отурумун өткөрүү боюнча түзүлгөн демилгечи топ. Демилгечи топтун тизмеси тиркелет.

2012-жыл 19-май

Кайрылууга 35 жарандын колу коюлду

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×