Добавить статью
7:05, 23 мая 2012 32077

Депутаттар жалпы кыргыз элинин аброюна шек келтиришуудо

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Турсунбек Акундун кадыр –баркына, ар намысына доо келтирген создорду айтышкан «Ар- намыс» фракциясынын депутаттары  Анвар Артыков, Бакыт Жетигенов жана башкалардын жоругун массалык маалымат каражаттарынан окуп, коруп айран тан болдум. Депутаттык этика кодекси иш жузундо иштебей, кагаз жузундо калганбы? Адамдарды кемсинтип, орой, кемсинтуучу,кимдир бироонун дарегине негизсиз куноо коюу эл окулдору учун кадимки кондум адатка айланганбы?

Таланттуу тележурналист Байма Сутенова тарабынан даярдалган беруудо Акыйкатчы Турсунбек Акундун эгемендуулуктун башатындагы ишмердигинен тартып, азыркы кунго чейинки жасап келе жаткан эмгектери жана жеке адамдык позициясы мага жакшы таасир калтырды.

Турсунбек Акун башында турган Акыйкатчы иститутунун жалпы жамааты жарандардын, озгочо карапайым калктын укуктарын коргоп, элдердин ыраазычылыгына, батасына ээ болушууда. Мен КР Акыйкатчысы Турсунбек Акун озуно жуктолгон милдеттерин толук жана так аткарып жатат деп эсептейм. Турсунбек Акун сыяктуу атуулдары бар учун кыргыз эли келечекке ишенимдуу кадам таштоодо.

Мен ЖК торагасынан жана депутаттардан КР Акыйкатчысы Турсунбек Акундун талыкпаган эмгеги калыс баланса экен деп калыс чечимди кутом.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×