Добавить статью
9:44, 25 мая 2012 35034

Имамдардын эле билим деңгээли төмөнбү?

Имамдардын билим деңгээли төмөн экендиги жөнүндө кабар 2012-жылдын 12 майында «Баракелде» сайтынын негизги бетинде берилген. Андан тышкары ал кабарда Нарын облустук казысы Мамбетасан Ибраевдин: «Биз өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө кандай көңүл бурсак, мектептерде окуучулардын ыйманына, дене тарбиясына, жан дүйнө тарбиясына маани берсек, окуучулар арасындагы өзүн өзү өлтүрүү, кылмыштуулукка барган терс көрүнүштөр болбойт эле»- деп айткан ушул сөздөрү, Дин менен Мамлекеттин иш милдеттерин дин кызматкери так ажырата албастыгын билдирет жана аң-сезимдүү тиричиликке тереңирээк ой-жүгүртүү жөндөмү Нарын облустук казыда жоктугунан кабар берет.

Дин кызматкери айткан жогорудагы сөздөрдүн маңызына азыркы замандын кишилери эки түрлүү жол менен ой жүгүртө алат. Азыркы учурда билимдин эки түрү бар. Ой жүгүртүүнүн түрүн кишидеги билимдин түрү аныктайт. Билимдер деңгээлине жараша жана кишиге тийгизген таасири боюнча төмөндөгүдөй болуп жайгашат:

1. Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим.

2. Жердеги аң-сезимге таандык билим.

Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билимдин деңгээли жогору жана кишиге тийгизген таасири чоң болгондуктан, бул билимдин жолу улук болот.

Адамзаттын өнүгүп-өсүү процессинин айрым бөлүкчөсүндө кээ бир кишилердин денесинде жайгашкан энергиялардын тең салмагы бузулган. Андай энергиялардын тең салмагынын бузулушу Кудай тирүү жандуу жараткан нерселердин бүтүн денесин бөлүп-жарууга же бузууга кишилерге түрткү берди. Бүтүн нерсени бөлүп-жарууга же бузууга болгон кишилердин умтулуулары тиричиликте кишилердеги бириккен материалдуулук менен материалдык эмес көрүнүштөрдү ажыратып- кароонун башталышына алып келди. Кудай тирүү жандуу кылып жараткан нерселердин материалдуулук көрүнүшүн анын материалдык эмес көрүнүшүнөн ажыратып кароого болгон кишилердин аракеттери Кишинин денесиндеги караңгы нурун чачыраткан энергиянын бөлүкчөлөрүнүн кыймылын жандандырды.

Ошондон бери кишилердин денесиндеги карама каршы энергиялардын тең салмагы бузулуп, Жер планетасында караңгылыктын күчтөрү өз өкүмдүгүн жүргүзө баштады. Караңгылыктын күчтөрү кишилердин жашоосуна түздөн түз кийлигишип, кишилердин аң-сезиминин абалын таарытуучу системаларды динде, мамлекетте жана коомдо орнотушту. Караңгы нурун чачыраткан энергияга кызмат кылган күчтөр «жердеги аң-сезимге таандык билим»-дин жана Дин чөйрөсүндө орнотулган бурмаланган ырым-жырымдар менен азыркы диний түшүнүктөрдүн ээлери болушат. Азыркы кишилер алып жаткан жердеги аң-сезимге таандык билимдин жеткен чеги кишилерде тегиздикте ой жүгүртүү жөндөмүн өрчүтүү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары «Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим»-ди элге расмий түрдө берүүгө тыюу салат, анын себеби Дин менен Мамлекеттик бийликти караңгылыктын күчтөрү көзөмөлдөп турат.

Эгерде «Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим» элге бериле баштаса, анда кишилердин аң-сезимин абалы өзгөрүп-кеңейе баштамак. Анда адамзаты, анын ичинде кыргыз эли да Жерге биринчи Дин келгенин, арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин экинчи болуп жерге Мамлекет келгенин билишмек. Дин менен Мамлекеттин артында тиешесине карата физикалык көзгө көрүнбөгөн кыймылга келтирүүчү күчтөр турарын, ал күчтөрдүн деңгээли жана кишиге тийгизген таасирлери боюнча Диндин жолу улук болоорун кишилер өздөрү түшүнүп-билишмек.

Кыймылга келтирүүчү күчтөрдүн түрүнө ылайык Дин менен Мамлекеттин иш милдеттери да башкача болот. Дин менен Мамлекет эч качан бирикпеши керек, бирок жакындашып иш аракеттерди жүргүзүүгө милдеттүү экендиктери жөнүндө Нарын облустук казысы Мамбетасан Ибраев өзү деле билип алмак. Анткени Дин аткарган иш мелдеттер кишинин физикалык көзгө көрүнбөгөн жагынын кызыкчылыгын көздөсө, Мамлекеттик иш милдеттер кишинин көзгө көрүнгөн жагынын кызыкчылыгын көздөйт.

Ошондо кишиге өзүн өзү өлтүрүүгө же кылмыштуулукка барууга түрткү берүүчү күчтөр кишинин физикалык көзгө көрүнбөгөн денесинде жайгашышканына, киши өз денесинде күчтөрдүн тең салмактыгын калыптандыруу үчүн сөзсүз жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билимди алышы керектигине Нарындык дин кызматкер өз көңүлүн бурмак. Андан тышкары Нарын облустук казысы кишинин денесиндеги өзүн өзү өлтүрүүгө же кылмыштуулукка барууга түрткү берүүчү чоочун күчтөрдү кишинин денесинен ажыратуу же алыстатуу – бул Динге караштуу иш милдет экенин да билмек. Кишинин денесинен чоочун күчтөрдү ажыратуу же алыстатуу боюнча иш милдеттерди аткарууга Мамлекетти ойлоп чыккан энергетикалык жандуу нерсенин деңгээли жетишпестигинен да кабар алмак.

Жердеги аң-сезимге таандык билими бар киши жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билимди алыш үчүн өз денесин даярдашы керек болот. Анткени жерден тышкаркы аң-сезимдер физикалык көзгө көрүнүшпөйт, алар материалдуулук эмес көрүнүштө жана башка ченемдерде жашашат. Ушул себептен жерден тышкаркы аң-сезимге таандык болгон ар кандай деңгелдеги чыңалуулар менен термелүүлөр тийгизе турган таасирлерге киши өз денесин даярдашы керек. Мындай даярдыктар кишинин дүйнө түзүлүшкө болгон көз карашын өзгөртөт, кишидеги калыптанып калган жашоо мүнөздөр менен көнүмүш адаттарды бузуп-жаңылайт, кишинин энергетикалык абалын жакшыртат. «Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим»-ди алган киши тегиздикте да, кванттык деңгээлде да ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ болот.

2000-жылдан бери Жерде жаңы доор башталган, Космостон жаңы энергиялардын агымдары келип түшө баштады жана денеси Жаңы Доордун талабына ылайыкташтырылган балдар төрөлүп жатат.

Киши жаңыдан төрөлгөндө бактылуу болуп төрөлөт. Бирок ата-энесинин басымы менен бала чоңойгон сайын бактысыз боло баштайт. Балдарды бир жашка чейин эле эмизип, андан кийин баланы эмчектен чыгаруу процессин баштоону ата-эне үйрөнүүсү керек. Бала беш жашка толгондон кийин, ата-эне менен баланын ортосунда кызматташуу башталышы керек. Чоң кишилерге окшоп, балдар да ар кандай болушат. Ата-эне баланы тарбиялабастан, баланын бардык жагын өстүрүшү зарыл. Баладагы жан Жерде жашоо үчүн атайын миссия менен келет. Эгерде баланын жаны Жерге молдо болуп жашоо үчүн келген болсо, ал баланы банкир кылам деген ата-эненин аракети, жерге өрүктүн көчөтүн отургузуп, ал көчөттөн терек өстүрөм деген кишинин аракетине барабар болот.

Өткөн доордун аягында «жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим» эл арасында «эзотерикалык билим» деген термин менен тарала баштаган. Кыргыздарда «эзотерика» деген сөздүн түшүнүгү жана элеси жок. Ушул себептен кыргыздын билимдүү интелегенциясы бул «эзотерика» деген сөз терминди «экзотерика» деген сөз терминдин түшүнүгү жана элеси менен алмаштырып жүрүшөт. Мамлекетте жана коомдо ээлеген абалдарынан пайдаланышып, алар «эзотерика» деген сөз терминдин бурмаланган түшүнүгү менен элесин кыргыз элине таңуулашууда.

Эзотерикалык билим Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн камсыздайт. Эзотерикалык билим окурмандарга Кудай тирүү жандуу кылып жараткандардын ыйык бөлүгү жөнүндө, кишинин жашоосунда үстөмдүк кылган системаларга кыймыл берүүчү күчтөр тууралуу, ошондой эле кишилер, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелер жөнүндө жаңы философиялык ой толгоолорду, түшүнүктөр менен элестерди камтыган маалыматтарды берет. Жаңы философиялык ой толгоолор, түшүнүктөр менен элестер азыркы Дин менен Илим чөйрөсүндөгү төмөнкү бурмаланган түшүнүктөрдү жана кемчилдиктерди ачыкка чыгарат:

- Жер планетасында өз өкүмдүгүн жүргүзүп жаткан караңгылыктын күчтөрү тарабынан кишилердин аң-сезимине ар дайым болуучу басымдын негизинде «Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим»-ди элге берүүгө расмий түрдө тыюу салынган.

Адамзаттын үстүнөн толук бийликти алууга умтулган андай күчтөр кишилердин аң-сезиминин абалын таарытуу максатын көздөшөт. Денесинин даярдыгы жок болуп өздөрүнө чоочун энергетикалык жандуу нерселерди жакындатып алышкан кишилердин денелерин караңгылыктын күчтөрү өз максаттарына жетиш үчүн пайдаланышат. Андай күчтөр Дин менен Илим чөйрөсүндө төбөсү көрүнгөн кишилердин ой-жүгүртүүлөрүнө туруктуу көзөмөл орнотушуп алышкан жана зарыл болгон учурда алардын ооздору менен сүйлөй алышат. Караңгылыктын күчтөрү Дин менен Мамлекеттик системалар аркылуу кишилердин ойлорун, сезимдерин жана иш аракеттерин өз кызыкчылыгына багыттап турушат.

Адамзатты башкарууга умтулган күчтөр Динде, Мамлекетте жана коомдо кишилерге бурмаланган түшүнүктөрдү берүүчү жааматтык ойлорду түзүшкөн. Бурмаланган жааматтык ойлорго: «бейиш жерде эмес, асманда (аркы дүйнөдө)», «кишинин денеси бирөө, ал көзгө көрүнгөн денеси болот», «Кудай кишинин денесинде эмес, асманда (аркы дүйнөдө) жашайт», «киши Кудайдын кулу болот», «киши маймылдан жаралган», «дин аралашпаган мамлекеттик башкаруу» жана ушул сыяктуулар кирет. Кишилердеги аң-сезимдин абалын таарытууга болгон ушундай жемиштүү аракеттердин натыйжасында адамзаттын өнүгүп-өсүү багыты өзгөргөн. Азыркы учурдагы адамзаттын өнүгүп-өсүү кыймылы ааламдык системанын туруктуу иштешин бузууга түрткү берип туруучу ченемдерде уланууда;

- Физикалык дене жок болсо, анда «киши» да болбойт. Киши болуш үчүн сөзсүз Жерде гана жашоо керек жана кишиде сөзсүз эки дене: физикалык дене жана чыныгы Рухтук дене болушу керек.

Эки денени бириктирип Жерде жашаган кишинин жашоосу «бейиш» болот. Киши өз жанын Жердин жаны менен байланыштырып жашай алса, анда киши «бейиштин жыргалын» көргөн болот.

Кишинин денеси үч көрүнүштөн турат: денеден, жандан жана чыныгы Рухтан. Кишинин денеси эки денеден турат: физикалык денеден жана чыныгы Рухтук денеден.

Физикалык дене эң тыкыс болгон дене (материя) болуп саналат. Физикалык денени киши физикалык көз менен көрөт. Физикалык дене «жасаган Кудай» тарабынан жасалган жана убактылуу жашайт. Ал эми чыныгы Рухтук денеде кишинин жаны менен Руху жайгашкан, чыныгы Рухтук денени киши физикалык көз менен көрө албайт, эфирлик көз менен гана көрөт. Чыныгы Рухтук дене «жараткан Кудай» тарабынан ааламдагы карама каршы келген энергиялардын бөлүкчөлөрүнөн жаратылган, өзү алты денеден турат жана түбөлүккө жашайт.

Кишинин физикалык денеси ишке жараксыз болуп калганда кишиге физикалык өлүм келет. Ошондо кишинин чыныгы Рухтук денеси физикалык денеден ажырайт. Бирок өлгөн кишинин жашоосу токтобойт, анын жашоосу бир денелүү бөлүкчөлөр менен башка ченемдерде жана башка көрүнүштөрдө улана берет.

Физикалык дене жок болсо, анда «киши» да болбойт, бар болгону энергетикалык жандуу нерсе гана болот. Ошол эфирлик көзгө көрүнгөн энергетикалык жандуу нерселердин жашаган дүйнөсүн кыргыздар «Кылдат дүйнө»- деп айтышат. Физикалык дүйнө менен Кылдат дүйнө, БИР БҮТҮН дүйнөнүн эки башка бөлүгү болушат, киши тирүү кезинде бул бир бүтүн дүйнө эч качан бөлүнбөйт жана аны бөлүп кароо сокурчулукка жатат.

Эгерде хирург кишинин бир колун кесип ыргытып жиберсе, анда Физикалык дүйнөдө гана ал кишинин бир колу жок болот. Ал эми Кылдат дүйнөдө ал кишинин эки колу тең бүтүн бойдон кала берет, ал киши Кудайдын алдына чыныгы Рухтук денеси менен гана барат. Жандын жердеги өнүгүп-өсүүсүнө талдоо жүргүзүлгөндөн кийин чыныгы Рух менен Жан жашоолорун башка ченемдерде (планеталарда, системаларда) улантышат. Ушул себептен Мухаммед пайгамбар мусулмандарга кайрылып, силер өлгөндөн кийин бардыгыңар Кудайдын алдына жылаңайлак, жылаңач болуп жана эркектик мүчөөңөр кесилбей барасыңар деп айткан;

- эркек менен аял баш кошуп жашай баштаганда, алар «Бириккен энергетикалык дене»-ни түзүшөт.

Эркек менен аял Сүйүү энергиянын таасири менен баш кошушкан болсо, анда бириккен энергетикалык денеден Кудайды сүйүп-сыйлаган бала төрөлөт. Ушундай үй бүлөөдө уруш-талаш болбойт, эркеги да, аялы да Сүйүү энергиянын таасири менен ар дайым өз жеке кызыкчылыктарын курмандыкка чалып турушат. Ушундай үй бүлөөдөгү ата-эне баланын саны ата-эненин балага бере ала турган Сүйүү энергиянын көлөмүнө жана баланы материалдык жактан камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө жараша болоорун жакшы билишет. Бала эки жактын каалоосу менен төрөлүшү керек деп эсептешет.

Эгерде эркек менен аял «Казан аяк кагышат» деп азыркы кишилерге таңууланып жаткан ой менен жашашса, анда ушундай баш кошуудан түзүлгөн бириккен энергетикалык денеден Кудайдан коркуп жашай турган же Кудайды көзүнө илбей жашай турган бала төрөлөт. Ызы-чуулуу, уруш-талаштуу үй бүлөөдө Сүйүү энергиясы болбойт. Анткени кишинин өз каалоосу боюнча кишиге бир эле энергиянын түрү жакындай алат. Кишиге эки түрлүү энергиянын бирдей жакындашына Космостук мыйзамдар жол бербейт. Ушундай үй бүлөөдө бала эркек менен аялдын ортосундагы «секс»-тик кумар жазуулардын натыйжасы болуп төрөлөт. «Казан аяк кагышат» деген ойдун башааты шайтанга тиешелүү экенин азыркы кишилер түшүнүп-билүүгө убакыт келип жетти.

Аялзатын жаратуу процесси Сүйүү энергиянын курчоосунда өткөн. Ушул себептен, аял затынын физикалык денесинин түзүлүшү да өзгөчө сулуугу менен айырмаланат, Сүйүү энергиясына чулганып турган аялзаты жарыкты жапжарык кылып жибере турган жөндөмгө ээ болот. Сүйүү энергиясы Жарык нурун чачыраткан энергиянын бир түрү, физикалык көзгө көрүнбөйт. Сүйүү энергиясы Жер планетасында, кишинин жашоосунда жайгашкан.

Азыркы «секс» менен коштолгон жыныстык мамиледеги сүйүүгө, аялзатын жаратууда катышкан Сүйүү энергиянын таптакыр тиешеси жок. «Секс» менен коштолгон жыныстык мамиледеги сүйүү – бурмаланган Сүйүү болот жана кишини жараткан Кудайдан алыстатуучу караңгы нурун чачыраткан энергиянын бир түрүнө кирет;

- Кудайдын буйругуна ылайык ааламда жашагандардын арасынан бир гана Киши өз каалаганын ишке ашырууга укуктуу. Калган ааламдын жашоочулары Кишинин бардык каалоосун аткарууга милдеттүү.

Кудайдын мындай чечими киши Кудайдын баласы болгондуктан, киши да Кудайга окшоп материалдуулук жана материалдуулук эмес көрүнүштөрдөн тургандыгынан, кишиде кудайлык сапаттын бар экендигинен жана киши денесинде карама каршы энергиялардын тең салмагын сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигинен келип чыккан.

Кишинин каалоосу Кишинин денесинде жайгашкан күчтөрдүн бөлүкчөлөрүнүн бир түрүн өзүнө тартып алуучу магниттин кыймылын аткарат. Кишинин жакшы ойлордон турган каалоолорун Жарыктын күчтөрү иш жүзүнө ашырышат. Кишинин жаман ойлордон турган каалоолорун Караңгылыктын күчтөрү иш жүзүнө ашырышат. Иш аракетти Киши өзү жасайт. «Күнөөтүйүн жөнүндөгү» Космикалык Мыйзамга ылайык киши бардык иш аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылат же сыйланат.

«Күнөөтүйүн» деген бириккен сөздөрдүн курамы орустун «Карма» деген сөзүнүн туура түшүнүгүн жана элесин берүү үчүн колдонулат. «Күнөөтүйүн» деген, бул - аң-сезимдүү энергиянын иштеп жатышын түшүндүрөт, ошону менен бирге «себептер менен натыйжалар жана кишиге кылган иш аракеттерин өзүнө кайтаруу же жазалоо жөнүндөгү» Космикалык Мыйзам болуп саналат.

Ньютондун баамдашы боюнча: ар бир аракетке тең келген, ага каршы аракет бар. Ушул себептен киши өзүнүн күнөөтүйүнүн, өзү толук чечип бүтмөйүнчө, күнөөтүйүндүн мыйзамы «жан»-ды кайра-кайра Жерге жашоого алып келе берет. Киши болсо, өз ойлорун, сезимдерин, айткан сөздөрүн жана кылган иштерин камтыган өзүнүн жасаган иш аракеттери менен, ушинтип эчен кылымдарды артка калтырып, өз тагдырын өзү чечип келе жатат.

«Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим»-ди элге берүүгө тыюу салууга келгенде Мамлекет менен Диндин умтулуулары шайкеш келип, алар биргелешкен иш аракеттерди жүргүзүп келе жатышат. Биргелешкен тыюу салуулардын кесепетинен азыркы кишилер Жер планетасында жашоого кандай максат менен келгенин эстей албай калышты, Жер планетасында жана ааламдык системада кишинин өз орду бар экендиги тууралуу маалыматты жоготуп алышты. Андай жоготулган маалыматтарды камтыган жоготулган ойлор-го төмөнкүлөр кирет.

1. Азыркы кишилер Жараткандан алыстап калышкан. Анткени кишилер физикалык көзгө көрүнгөн дүйнөнү гана өрчүтүүгө, Жараткандын ой-түшүнүгүнө туура келген бүтүндүктөрдү бузууга жана өздөрүнүн жашоосун ааламдагы башка системалардан ажыратууга умтулуп жатышат. Азыркы кишилердеги жаман ойлор менен бузулган сезимдер коомду туура эмес өнүгүүгө багытташат. Азыркы кишилердин денесинде жек көрүү, жинденүү, өзүмчүлдүк, бой көтөрүү, эки жүздүүлүк, «секс», зөкүрлүк, көрө албастык деген караңгы нурун чачыраткан энергиянын бөлүкчөлөрү жандуу кыймылдап турушат.

Азыркы кишилердеги жаман ойлор менен бузулган сезимдердин материалдуулукту материалдык эмес жагынан бөлүп-жарууга болгон умтулуулары ааламдык системанын туруктуу иштешине коркунуч пайда кылышууда. Кишилердин материалдуулук көрүнүштү материалдык эмес көрүнүштөн бөлүп-жарууга болгон аракеттеринин натыйжасы бүткүл дүйнөлүк жылуулуктун өсүшүнө алып келди. Бир жактуу билими бар окумуштуулар бүткүл дүйнөлүк жылуулуктун өсүшүнүн себебин элге туура түшүндүрүп бере алышпайт;

2. Кудай тууралуу, Кудай менен кишилердин өз ара мамилелери жөнүндө, Жердин жаны менен кишинин жаны өз ара байланышта болоору тууралуу, жерден тышкаркы аң-сезимдер менен кишилердин ортосундагы тыкыс байланыштар жөнүндө, Кишинин денесинин түзүлүшү тууралуу таза маалыматтар берилбегендиктен, азыркы кишилер бурмаланган түшүнүктөр жана элестер менен жашап калышкан.

Кудай тууралуу бурмаланган маалыматтарды алуунун негизинде азыркы кишилерде Кудайды сүйүү деген түшүнүк таптакыр жок. Тескерисинче, кишилерге Кудай сезими жок, зөкүрлүк сапатка ээ болгон жандуу нерсенин элеси менен берилет. Ушундай бурмаланган диний үгүт иштер менен түшүнүктөрдүн кесепетинен азыркы кишилер бала кезинен тартып Кудайды сүйүшпөйт, алар Кудайдан коркуп чоңоюшат.

Дин менен Илим чөйрөсүндөгү чындыкты бурмалоолордун негизинде азыркы кишилер Кишинин денесинде Кудайдын бир бөлүкчөсү жашаары жөнүндө маалыматтарды алышпайт, кишилердин ортосунда туруктуу энергетикалык байланыш бардыгынан кабарлары жок. Чындыкты расмий бурмалоолор азыркы кишилерге киши да табийгатка окшоп, ааламдык системадагы түзүлүштүн бир бөлүкчөсү болоорун түшүнүүгө жол бербейт.

Кудай биринчи Жерди жараткан, анан Жерде кишинин жашоосуна керектүү жандуу нерселерди жараткан, эң акырында кишинин өзүн жараткан. Жердеги жандуу нерселер, анын ичинде өсүмдүктөр, жаныбарлар, канаттуулар жана таштар да кишиге кызмат көрсөтүү жөндөмдөрү менен жаратылган. Жараткан Кудайдын тирүү жандуу жаратылгандары кишиге кызмат көрсөтүүгө умтулушат, эгерде кишиге кызмат көрсөтө алышса, анда алар жыргалга батышат.

Дин менен Илим чөйрөсүндөгү чындыкты бурмалоолор тирүү жандуу жаратылгандардын жөндөмүн кишилер туура пайдалануучу касиеттердин жоголушуна алып келди.

Жоготулган ойлор-го киши өз жанын Жердин жаны менен байланыштырып жашоосу зарылдыгы да кирет. Эгерде кишинин ойлору тунук жана сезимдери таза болсо, анда кишинин денеси Жерге, жерде өсүп жаткандарга тийишип турган учурда, алардын кызматын киши ала баштайт.

Бардык кишилер өзүндөгү оору-сыркоолордон арылгысы келсе, анда жаз келгенде төмөнкүлөрдү аткарышы керек. Мөмө-жемиштин уруктарын оозуна салып, тилинин астында тогуз мүнөт кармайт. Андан кийин уруктар эгилүүчү айдалган (тебилген) жерге жылаңайлак туруп алып, оозунан уруктарды чыгарып, эки алакандын ортосуна салат да уруктарды алакандардын ортосунда отуз секунд кармайт. Андан кийин терең дем алып, эки алакандын ортосундагы уруктарды карай үйлөйт. Ошондо уруктарга кишинин денесиндеги оору-сыркоолор тууралуу маалыматтар берилет. Анан кайрадан терең дем алып, эки алакандын ортосундагы уруктарды карай жылуу дем менен үйлөп, уруктарды жылытат. Андан кийин отуз секунд алакандарды ачып, уруктарды асмандагы жарык нурун чачыраткандарга көрсөтөт. Анан уруктар киши жылаңайлак турган жерге эгилет. Арадан үч күн өткөнгө чейин уруктарды суугарбаш керек, жаанга да тийгизбеш керек. Анткени суу уруктардагы маалыматтарды жууп кетет. Үч күндө уруктар маалыматтарды өздөрүнө сиңирет. Андан ары кадимки сугарууларга кошуп, урукту оозуна салып, тилинин астына кармаган кишин буту - колун жууган суу менен өсүмдүктөрдү сугарып турушу керек.

Ушундай жол менен өстүрүлгөн мөмө-жемиштер кишини сакайтуучу касиетке ээ болушат, алар кишинин денесине киргенде кишинин эки денесиндеги оору-сыркоолорду ордунан козгоп-түртө баштайт. Мындай өзгөчө дарылык касиетке ээ болгон мөмө-жемишти киши дүйнө жүзүндө болгон акчаларды топтосо да сатып ала албайт, себеби жогоруда көрсөтүлгөн жол менен өстүрүлгөн мөмө-жемиште урукту оозуна салып, тилинин астына кармаган кишидеги оору-сыркоолор тууралуу так маалымат бар болот;

3. Мамлекет тарабынан кабыл алынган стратегиялык программалар, улуттук программалар Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн бузуу максатын көздөйт. Натыйжада кишилерге бир жактуу (жердеги аң-сезимге таандык) билим берилет, коом болсо бир жактуу өнүгүүгө душар болот.

Азыркы учурдагы саламаттыкты сактоо системасы кишилердин оорусун эле дарылайт, бирок кишинин ден соолугун калыптандыруу боюнча эч кандай иш аракеттерди жүргүзбөйт. Ушул себептен азыркы окумуштуулар кишинин денеси эки денеден тураарын билишпейт жана билүүгө да умтулушпайт. Бир оору айыккандан кийин дагы жаңы оору чыгарат да, кайрадан элдин жана өкмөт мүчөөлөрүнүн көңүлдөрүн жаңы ооруну дарылоо үчүн өкмөттөн каражат бөлүүнү талап кылып тура берет. Өз максатына жеткенге чейин элди коркута турган ойлорду расмий түрдө таратып, коомчулуктун тынчын кетирет.

«Оору» деген бирөөгө тиешелүү «ой» болот, «оору»-нун ээси энергетикалык жандуу нерсе жана физикалык көзгө көрүнбөйт, демек «оору» деген энергия болот деп азыркы саламаттыкты сактоо системасындагылар айта алышпайт. Кишилердин физикалык көзгө көрүнбөгөн жагына таптакыр көңүл бурулбай жатышы, кишидеги түбөлүктүү жактын абалын жыл өткөн сайын татаалдаштырууда. Азыркы окумуштууларда кишидеги түбөлүктүү жак тууралуу түшүнүк да, элес да жок.

Дин менен Илим чөйрөсүндө кишинин «жан»-ын кишинин «жасалма рух»-унан ажырата алышпайт. «Жасалма рух» деген сөз кыргыз тилинде колдонулбайт, орусчаны билбеген кыргыздарда бул сөз тууралуу түшүнүк да, элес да таптакыр жок.

(Уландысы бар)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-05-2012
Имамдардын эле билим деңгээли төмөнбү? (Уландысы)
40917

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×