Добавить статью
9:47, 25 мая 2012 40917

Имамдардын эле билим деңгээли төмөнбү? (Уландысы)

«Жасалма рух» деген сөздүн курамы, «Плотский ум» деген орустун сөзүнүн туура түшүнүгүн жана элесин бере алат.

Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү боюнча билими жок «көзү ачык» аталгандар, «Жасалма рух»-ту болсо «Арбак», «Азиз» дешип кишилерге туура эмес түшүнүк берип жүрүшөт. «Жасалма рух» менен «Жан»-дын айырмасын билишпегендиктен, азыркы адамзаты өздөрүнүн жашоо-тиричилигинде «Жасалма рух»-тун муктаждыктарын «Жан»-дын муктаждыктары катары кабыл алып калышкан. «Жан»-дын муктаждыктары качан киши кырсыкка туш болгондо же катуу ооруга чалдыкканда гана эске алынып жүрөт.

«Жасалма рух» материалдык эмес, кишидеги тиричиликтин бир түрүндө жашап, Караңгылыктын күчтөрүнө кызмат кылган энергиянын бир бөлүкчөсү, физикалык көзгө көрүнбөйт. «Жасалма рух» Космикалык аң-сезимдердин айткандарын жана Космостон түшкөн жети нурдун таасирин бурмалоочу функцияны аткарат. Кишинин жанына үстөмдүк кылууну эңсейт. «Жасалма рух» убактылуу жашайт.

Жасалма рухту жок кылууга болбойт, кишидеги аң-сезимдин абалын кеңейтүү жолу менен гана жасалма рухтун азыркы абалын өзгөртүүгө болот. Аң-сезимдин абалын кеңейтүү үчүн, киши аң-сезимдүү тиричиликтин түбүн көздөй ой жүгүртүшү керек.

«Жан» деген сөздүн кыргызча туура түшүнүгү жана так элеси жок.

Кудай - бул чыныгы Рух, ал эми «жан» - бул Кудайдагы мүмкүнчүлүктөрдүн жыйындысын көрсөтүүчү тирүү нерсе.

«Жан» болсо, Кудайдан өз эркиндигин талап кылып алгандан кийин, Кудайдан бөлүнүп жашоону каалаган. Бирок, «жан» азгырууларга туруштук бере албай, өзүндөгү Кудайлык мүмкүнчүлүктөрдүн жыйындысынын абалын «бириккен энергетикалык денедеги» мүмкүнчүлүктөрдүн жыйындысын көрсөтүүчү өлчөмгө чейин төмөндөтүп алган.

«Жан» өзү жаралган тарапка умтулуп жана ал тарап менен БИР БҮТҮН болмоюнча, «жан» Жаратканга дитин буруп карап жана Куран окуп тазаланмайынча, «жан» менен чыныгы Рух биригишип, жыттары сиңишмейинче, азыркы кишилердин «жан»-ы караңгылыктын катуу мыкчымында кала берет.

«Жан» менен чыныгы Рухтун жыттарынын сиңип биригишин болсо, «Алхимиялык үйлөнүү тою» деп айтышат. Ушундай алхимиялык үйлөнүү тоюнан кийин гана молдолор айтып жүргөн «… жаны Кудайдын жанынан барып орун алды» болот.

«Жан» материалдык эмес. «Жан» бул жарык болот, ааламдагы Тиричиликти билдирген борбордук күндү айланып жүрүүчү кичинекей күн болуп саналат.

Азыркы кишилердин калыптанып калган дүйнөлүк көз-караштары, ой-жүгүртүлөрү кишилерге коррупция жөнүндө туура түшүнүктү жана элести берүүгө жол бербейт. Коррупция жөнүндө туура түшүнүктү жана элести алуу үчүн кишилерге «жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим»-ди алууга жол ачылышы керек.

«Коррупция» деген ой болот, демек «коррупция» энергия болуп саналат. Ошону менен бирге «коррупция» мамлекеттин ашыкча материалдык жана акча ресурстарын өзүмдүк кылып алуунун негизинде байып кетүүгө багытталган кишинин жасалма рухунун талабы болуп эсептелет. «Коррупция» материалдык эмес жана кишинин физикалык көзүнө көрүнбөйт, анын тамыры жана кыймылга келтирүүчү күчтөрү Кишинин денесинин материалдык эмес көрүнүшүндө жайгашкан.

Коррупцияны жоготуу үчүн материалдык көрүнүштө катуу чараларды колдонуу керек деп бардыгы ойлошот. Бул чоң жаңылышкандык болуп эсептелет... Кишилердин материалдык эмес көрүнүшүн эске албай туруп, коррупцияны жоготуу боюнча материалдык көрүнүштө кабыл алынган масштабдык иш чаралар мамлекеттик системадан коррупцияны эч качан жогото албайт. Анткени коррупциянын тамыры жана кыймылга келтирүүчү күчтөрү кишинин материалдык эмес көрүнүшүндө жайгашкан, кишинин физикалык көзүнө көрүнбөйт. Ушул себептен материалдык көрүнүштө жүргүзүлгөн мамлекеттик деңгээлдеги иш аракеттер коррупцияны жоготуу процессин эч качан баштай албайт. Болгону элдин акчасы оң натыйжа бербеген иш чараларга гана жумшала берет.

Башкача айтканда, «коррупция»-ны тикенектүү чөп менен салыштырса болот. Материалдык эмес көрүнүштү эске албай жүргүзүлгөн мамлекеттик деңгээлдеги иш аракеттерди кишилердин чөп чабуусуна окшоштурса болот. Киши тикенектүү чөптөрдү оруп салат да, тикенектерден кутулдум деп айтат. Бул чоң жаңылышкандык болот. Жамгыр жаап өткөндөн кийин тикенектер мурдагыдан да кубаттуу болуп, кайрадан өсүп чыгышат. Анткени тикенектердин тамыры жер астында болот, кишиге жер үстүнөн көрүнбөйт.

Дин менен Мамлекет кишилерге жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билимди алууга жол ачышмайынча, дин кызматкерлери тарабынан ойлонуп чыккан диний догмалар менен кишилер иштеп чыккан мыйзамдардан «жашыруун» деген сөздөр алынып салынмайынча, коррупциянын абалы бузулууга дуушар болбойт. Тескерисинче, коррупция бийликтин бардык түрү менен сиңишип, ар кандай деңгелде жүргүзүлгөн иш чаралар менен чаташып, ээн эркин өнүгүп-өрчүй берет;

4. Азыркы мамлекеттик бийликтеги кишилердин жасалма рухтары «Эки чылбыр, бир тизгинди» колдоруна катуу кармап тургандыктан алар өз элине жалганды чындык катары таңуулай беришет. Бийликтеги кишилер кишинин материалдык эмес жагын көз алдына келтире алышпайт, «аң-сезим»-дүү тиричиликке үстүртөн гана ой жүгүртүшөт жана физикалык жол менен көрүп-уккандары менен гана чектелишет. Алар Кудайдын элесин молдолордон уккандары боюнча гана көз алдыларына келтиришет. Кабыл алуу жөндөмдөрү төмөн болгондуктан физикалык көзгө көрүнбөгөн кишинин түбөлүктүү бөлүгү тууралуу маалыматтарды алар уккулары да келбейт.

Азыркы молдолор аң-сезимдүү тиричиликке терең ой жүгүртүү жөндөмүн жоготуп алышкан. Ушул себептүү молдолор «Кишинин денеси» жети денеден тураарын айтышканы менен, жети дененин бир денеси физикалык дене экенин, калган алты денеси «Чыныгы рух»-тук денеден турат деген ойду элге жеткиликтүү түшүндүрүп бере алышпайт. Азыркы молдолор Кудайдын бир бөлүгү кишинин денесинде жайгашканын, кишинин Чыныгы рухтук денеси анын физикалык денесине окшоп, кишиден ажырабастан, күнү-түнү киши менен чогуу болорун эл алдында ачык айта алышпайт.

Азыр экстрасенсордук жөндөмгө ээ болгондордун, аркы (Кылдат) дүйнө менен байланышы барлардын, чыныгы молдолук касиетке ээ болгондордун саны күндөн күнгө көбөйүп жаткандыгы жана алар калкыбыздын бардык катмарына ылдамдык менен тарап жатышы мамлекеттик деңгээлде жаап-жашырылат. Мындай көйгөйлүү маселелерди бийликтин күчү менен жаап-жашыруу биздин коомдогу болуп жаткан өзгөрүлбөс процесстерди токтото албайт. Тескерисинче, «Киши ооруну жашырса, өлүм ашкерелейт» деген чоң философиялык мааниси бар макалдын маңызын азыркы бийлик ээлери түшүнө албастыгын билдирет.

Анткени, материалдык эмес дүйнө менен тыкыс байланышкан жана материалдык эмес дүйнөнүн мүмкүнчүлүгүн өз кызыкчылыгына пайдаланып жүрүшкөн кишилердин ушул категориясы болсо, ЖАҢЫ доордун талабын туура түшүнүшпөй, өздөрүнүн аң-сезимдеринин абалын ЖАҢЫ доордун талабына ылайыкташтырышпай эле, алар өздөрүндөгү өзгөчө жөндөмдөрдү ачып алышкан. Ал өзгөчө жөндөмдөрдү элдин жүгүн жеңилдетиш үчүн пайдалануунун ордуна, алар Кудайдан бекер алып жатышкан энергияны элге акчага сатышып, байып кетүү максатын көздөшүп, туура эмес багытта өнүгүп жатышат. Жогоруда айтылгандай оору –бул энергия болот, демек энергетикалык таасирдин басымы менен бир кишиден экинчи кишиге өтө берет. Кишилерди чогултуп, бир бөлмөдө кароо бул чоң кылмыш экенин мамлекеттик деңгээлде аларга түшүндүргөн эч ким жок.

Сырттан караган көзгө, азыр мамлекетибизде жалпы багыты бир, бирок бараткан жолдору эки башка, бир бири менен өз ара байланыштары жок болгон өзгөчө жөндөмгө ээ болгон кишилердин эки тобунун өнүгүп-өсүү процесстери жүрүп жатканы ачык айкын көрүнүп турат. Материалдык дүйнө менен тыкыс байланышкан өзгөчө жөндөмгө ээ болгон кишилердин тобун (молдолорду, теологдорду, сертификаты бар экстрасенстерди) мамлекет колдоп жатат. Ал эми материалдык эмес дүйнө менен тыкыс байланышкан өзгөчө жөндөмгө ээ болгон кишилердин тобун (көзү ачык аталгандар, бакшылар, табыптар) мамлекет колдобогондуктан, алар болсо астралдык энергетикалык жандуу нерселердин колдоосуна умтулуп жатышат.

5. Аура деген сөз кыргыз тилинде колдонулбайт, орусчаны билбеген кыргыздарда бул сөз тууралуу түшүнүк да, элес да таптакыр жок.

Кишинин аурасы болсо, кишинин көңүлүндө из калтырган таасирлерди, кишинин ойлорун, сезимдерин, айткан сөздөрүн жана кылган иш аракеттерин көрсөткөн, ошол кишинин физикалык денесин орогон жарыктын чачырандысы болуп саналат. Ауранын ичинде ал кишинин өткөн жашоосу тууралуу жазылмалар да жана кишинин күнөөтүйүндөрү да бар. Кишинин өз каалоосу боюнча, кишинин аурасы космостогу жандуу нерселердин кейпинде же болбосо жердеги жандуу нерселердин кейпинде көрсөтүлүшүнө да жол берилген.

Кишинин аурасындагы жарыктын чачырандысы Кудайдын жалыны болуп саналат. Кудайдын мындай жалыны планетардык дененин аурасында да бар.

Кишинин аурасы болсо –Кудайдын энергиясын жана Анын космикалык нурларын кабыл алып, өзүнөн күчтөндүрүп чыгаруучу функцияны аткарат (Физикада колдонулуучу «ретранслятор» деген сөздүн маанисине туура келет), физикалык көзгө көрүнбөйт, эфирлик көз менен көрүүгө болот.

Дүйнө жүзүнө өз диндерин тараткан пайгамбарлардын аурасындагы жарыктын чачырандыларынын кубаты жана таасирлери абдан чоң болгон, алар кишилердин мыйзамдары менен эмес Кудайдын мыйзамдары менен жашашкан. Бардык диндин бара турган жери Бириккен Бир Кудай болот. Ар бир дин өз жолу менен кишилерди Бириккен Бир Кудайга алып барат. Кишилерди динге тиешесине карата бөлүп-жаруу пайгамбарлардын да, диндин эгрогорлорунун (динди ойлоп чыккан энергетикалык жандуу нерселердин) да талаптарына кирбейт. Кишилерди динге тиешесине карата бөлүп-жарууну жогоруда айтылган адамзатты бийлөөгө умтулган караңгылыктын күчтөрү башташкан. Кишилер пайгамбарларга окшоп кийинсе же кебетесин пайгамбарларга окшоштурса кишиге пайгамбарлык касиет келет деген ой түзүлүштү да жогоруда айтылган караңгылыктын күчтөрү атайын таратышкан. Караңгылыктын күчтөрү өтө ишенчээк кишилердин денесин өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышып, дүйнө жүзүндөгү диндердин ортосундагы карама каршылыктарды жана диний кагылышуулардын болушуна түрткү болушат.

Өзүнөн чыккан жарыктын түртүү күчү менен Иисус Христос дүйнө жүзүндөгү адамзаттын баардык күнөөлөрүнүн оордугун тең салмактап турган. Адамзаттын бүгүнкү күндөгүдөй өнүгүп-өсүшү үчүн, Иисус адамзатка мүмкүнчүлүк алып берген.

Мухаммед пайгамбардын аурасынан чыккан жарыктын чачырандысы болсо, өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланган. Ал өзгөчөлүк бир эле убакта эки дүйнөгө: материалдык жана материалдык эмес дүйнөгө бирдей тийгизилген таасир болуп саналат. Бул таасир «материалдык» дүйнөдө оокаты тың байлар менен өтө жакыр жашаган кедейлердин арасында бирдей динге үгүттөө жүргүзүүгө ыңгайлуу шарт түзүп берген. Адамзаттын үстүнөн өз бийлигин орнотууга умтулушкан Караңгы күчтөрдүн көңүлүн Мухаммед пайгамбар өзүнө буруп, аларды максатына жеткирген эмес. Жаман ниет менен Жерден космоско караңгы нурун чачыраткан энергиялардын кубатын азайтып, адамзаттын өнүгүп-өсүшү бүгүнкүдөй жаңы деңгээлге чыгышы үчүн, Мухаммед пайгамбар да адамзатка мүмкүнчүлүк алып берген. Иисус менен түп атасы (Авраам, арабчасы Ибраим) бир болгон Мухаммед пайгамбар, аталаш бир тууган агасынын жолун жолдоп, ушундай өзгөчө жол менен өзүнүн үммөттөрүн Жер бетиндеги караңгылыктын каргышынан сууруп чыккан.

Жер планетасында жашап жаткан кишилерге түшүнө турган убакыт келип жетти. Дин кызматкерлердин Иисус менен Мухаммед пайгамбарларга окшоп кийинүүсү же кебетесин пайгамбарларга окшоштуруусу азыркы адамзаты үчүн маанилүү эмес. Иисус менен Мухаммед пайгамбарлардын тирүү кездеринде топтошкон жана алар Кудайдын жанына көтөрүлүп кетишкенден кийинки топтолуп жаткан ушул пайгамбарлардын энергияларынын моментуму азыркы адамзаты үчүн өтө маанилүү. Бардык диндин бара турган жери Бириккен Бир Кудай болгондуктан, пайгамбарлар Иисус менен Мухаммеддин топтолгон энергияларынын биригиши да зарыл. Азыркы кишилер Иисус менен Мухаммеддин энергияларынын биригишине чакырык бере баштаса, анда Иисус менен Мухаммеддин бириккен энергиялары бирдиктүү кыймылдап, азыркы кишилердин жашоосунда болуп жаткан динге тиешесине карата бөлүп-жарууну жана диндердин ортосундагы карама каршылыктарды токтотот.

Жердеги аң-сезимге таандык билими бар кишилер мамлекетте иштеп жаткан кишилер чыгарган мыйзамдар белгилеген чектен чыга алышпайт, ушундай чекте жашоонун таасири менен азыркы кишилер тегиздикте эле ой жүгүртө алышат. Эзотерикалык билимге ээ болгон инсандар болсо кишилер чыгарган мыйзамдар менен космикалык мыйзамдардын карама каршылыгына туш келишкенде, алар космикалык мыйзамдардын талабын аткарышат. Анткени эзотерикалык билими барлар «жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим»-ди алышкандыктан, алар кванттык деңгээлде ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ болушат жана өзгөчөлөнгөн жашоо мүнөздөрү менен башкалардан айырмаланып турушат. Эзотерикалык билимге ээ болгон кишилердин энергетикалык абалы, алар турган жердин, бөлмөнүн, алардын ауралы менен ауралары тийишип турган кишилердин энергетикалык абалдарынын өзгөрүшүнө түрткү болот.

«Жердеги аң-сезимге таандык билим»-ди мамлекеттик окуу жайлар жана азыркы дин окуу жайлары беришет. Жердеги аң-сезимге таандык билими бар кишилер жогоруда айтылган жаңы философиялык ой толгоолорду, түшүнүктөр менен элестерди камтыган маалыматтарды кабыл ала алышпайт, анткени жогоруда келтирилген жоготулган ойлорду түшүнүүгө алардын аң-сезиминин абалы таардык кылат. Азыркы окуу жайларда окугандарга материалдык жана материалдык эмес көрүнүштөрдү бириктирип жашаса боло тургандыгы тууралуу түшүнүктөр жана элестер берилбегендиктен, азыркы кишилер жашаган жана иштеген жерлеринде бүтүн жаратылгандарды бөлүп-жарууну же бузулуу процесстерин өнүктүрүүнү ыйык милдет катары көрүп калышкан.

Мамлекеттик окуу жайларды жана азыркы дин окуу жайларын бүтүргөндөр «Дин» менен «Мамлекет»-тин айырмасын так ажырата алышпайт. Ушул себептен мамлекетте жана илимде төбөсү көрүнгөндөр ата-бабалардын салттары Кудайдын мыйзамдарынан төмөн тураарын ооз учунда айтышканы менен, тиричиликте ата-бабалардын салттарын Кудайдын мыйзамдарынан жогору коюшат. Нарын облустук казы түшүнбөй айткан «өзүн өзү өлтүрүү»-гө жана «кылмыштуулук»-ка түрткү берүүчү күчтөр кишинин денесинде, анын материалдык эмес көрүнүшүндө жайгашкандыгын азыркы Дин менен Мамлекетти бийлегендер билишпейт. Мамлекеттик деңгээлде уюштурулган масштабдык иш чаралардын жемишсиз болуп жатышынын себеби ал масштабдык иш чаралар материалдык эмес көрүнүштү камтыбаганында.

Кишиде эзотерикалык билимдин бар-жоктугун азыркы улуттук илимдер академиясындагы окумуштуулар аныктай алышпайт. Билим берүү жана илим министрлиги жердеги билим менен жерден тышкаркы билимдин айырмасын билүүгө умтулбайт. Мамлекет башчыларында кыргыз элинин менталитети тууралуу бурмаланган түшүнүк бар. Дин кызматкерлери Кудай менен кишинин ортосундагы өз ара мамилени бурмалап, чындыктан алыстатып беришет.

Ушул айтылгандардан кийин биздин өлкөдө имамдардын эле билим деңгээли төмөн, калгандарыныкы жогору экендигине ким кепилдик бере алат?

Койчуманов Тынчтыкбек Төлөнбаевич, «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонддун директири, Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндөгү китептин кол жазмасынын автору.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-05-2012
Имамдардын эле билим деңгээли төмөнбү?
35033

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×