Добавить статью
11:19, 1 июня 2012 16741

 Балдарды коргоонун Эл аралык  күнү менен куттуктоосу

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктоосу

Урматтуу балдар!

Силерди бүгүнкү 1-июнь - Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм.

Быйылкы майрам өзгөчө, анткени 60 жылдан бери ушул майрамды белгилеп жатабыз. Биз бир кезде өзүбүз бала болуп майрамдасак, эми сиздерди куттуктоо жөрөлгүсү биздин шыбагабызга туш келип олтурат. Мамлекетибизде ушул улуу майрам күнү унутта калгандар болбосун. Биз дагы - ата-энелериңер, мамлекет бийлигиндегилер күнөстүү Кыргызстаныбызда балдардын көз жашы бейчеки төгүлбөсүн деп аракет кылып жатабыз. Ар бир баланын кыялы, максаттарынын аткарылышы үчүн бүт аракетибизди жумшообуз зарыл. Бул майрам алдында депуттар тобу демилгелеген Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинин Жогорку Кеңеште кабыл алынганы өзгөчө маааниге ээ.

Жеткинчектер, балдар! Кыялдангыла, талантыңарды ачкыла, аларды ишке ашыруу үчүн таалим-тарбиялуу болуп, жакшы окуганды, эмгектегенди да билгиле.

Майрамыңар менен, өлкөбүздүн татынакай келечек муундары!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×