Добавить статью
5:55, 4 июня 2012 24591

кайрылуу

Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана өзбек улуттук борборунун өкүлдөрү

Улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө ар кандай ушак-айыңга көңүл бурбашыбыз керек!

Урматтуу мекендештер!

2010-жыл июнь окуялары кылымдардан бери бирге жашап келген кыргыз жана өзбек эли үчүн бирдей оор сынактарды алып келди. Бул каргашалуу окуялар тынчтык деген сөзгө бүлүк салып, байыртан келе жаткан ынтымакка жарака кетирди.

Убакыт улуу дарыгер. Өткөн эки жылдык мөөнөт бир тууган эки улутту бири-бирине жакындатып, кайрадан урматтоого алып келди. Анын себеби эзелтен эки элдин базары, мазары да, той-топуру да бирдей болгон. Ошол каргашалуу күндөрү хирург столунда жаткан өзбек кызын, боорукердик менен сактап калган кыргыз дарыгери, кесип үйрөнүп жүргөн кыргыз шакиртин чапанына калкалап сактап калган өзбек устатынын эмгегин баалоодо улутчулдукка бөлүнүү деп айтууга болобу?!

Кымбаттуу бир туугандар!

Искусство адамзаттын ички дүйнөсүнүнү чындык көрүнүшү. Ал Адамзаттын ийгиликке жетишине кызмат кыла алса, ал чыгармачыл адамзат катары эсептелет. Дүйнөлүк мааниге ээ болгон улуу манас эпосун өзбек тилине которгон өзбек акыны Миртемир кыргыз амаданиятын, тарыхын урматтаган, сыйлаган Чыңгыз Айтматов «Тимурийлер» жөнүндө түрк элдеринин кадыр-баркы менен сыймыктанган.

Акыркы учурда массалык маалыматк аражаты, уюлдук телефон, DVD дисктери аркылуу бири-бирине тили, дини маданияты, каада-салттары жакын болгонэлдер ортосуна чагымчылык кылып, уруш-талаш чыгарууга, кырдаалдыкурчуткан маанидеги жаңылыктарды эл арасына жеткирип турган туура эмес маалыматтар күч алып жатат. «Ош сити, өзбек махалла» аттуу ырларды жазып жаткандар кайсы динге, кайсы улутка кызмат кылууда. Аларды бир тууган мусулман деп айтса болобу? Жок.

Алар биздикилер эмес!

Искусство эл үчүн, эл жашоо үчүн кызмат кылуу керек. Бүгүнкү күндө кыргызстанда жашап жаткан ар бир инсанга кандай улут болбосун аларга тынчтык жана бейпилчилик жашоо керек. Ошондуктан улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө ар кандай ушак-айыңга көңүл бурбашыбыз керек. Ар бирибиз журтубуздун тынчтыгын сактоого милдеттүүбүз! Биз баарыбыз бир элбиз. Үй-бүлө коомдун бир бөлүгү. Ошондуктан жаштарыбыз дагы үй-бүлө маселесине кайдыгер карабастан, мамлекетибиздин келечеги үчүн туура жолду тандообуз керек. Ошону менен бирге укук коргоо органдары менен элдин тынчын алып жаткан чындыкка туура келбеген ушак-айыңды таратып жаткандарга карата чара көрүүбүз зарыл. Биздин коомдо эл бузар, журт бузар адамдарга орун жок деп айта алабыз.

Урматтуу мекендештер!

Биз үчүн тынчтык жана элдин биримдиги баарынан кымбат турат. Аны сакташ ар бирибиздин жарандык ыйык милдетибиз. Кыргызстанда тынчтык, амандык, бейпилдик болушун жараткандан сурап келебиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×