Добавить статью
9:08, 29 мая 2012 17648

Кыргызстандагы «Черный квадрат» радикалдык экстремизми же муфтиятка бийлик төңкөрүшүн кимдер даярдап жатат?

Кыргыз Республикасынын Президенти А. АТАМБАЕВге

Жогорку Кеңешинин Төрагасы А. ЖЭЭНБЕКОВго

Кыргыз Республикасынын Премьер Министри Ө.БАБАНОВго

Жогорку Кеңешин ДЕПУТАТТАРЫна

Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурору А. САЛЯНОВАга

Улуттук Коопсуздук Комитетинин Төрагасы Ш. АТАХАНОВго

Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министри З. РЫСАЛИЕВге

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Асилбек Шарипович, Өмүрбек Токтогулович!

Урматтуу Элдик депутаттары жана коопсуздук жана күч орган жетекчилери!

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасында Азирети Муфтий Чубак ажы Жалиловдун жетикчилиги менен бир жылдан бери антикоррупциялык реформа ийгиликтүү жүрүп жатат. Реформада Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 26-майдагы: “Ажылыкты аткаруу жоопкерчилиги Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасына ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзамы, 2011-жылдын 30-июндагы №909-V Токтому толук аткарылып, ажылыкта ар жылы коррупция тараптан кымтылып келген 4-5 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттын уурдалуусуна толук бөгөт коюлду. Реформада жолго коюлган финасылык тартип аркылуу ажылык сапарда да бекем тартип орнотулуп, Азирети Муфтий Чубак ажы Жалилов жетектеген реформаторлор жалпы элдин ыраазычылыгына, Премьер Министр Ө .Бабановдун, Ош шаардык Кеңештин “Ардак грамотасына” ээ болду.

Бирок, антикоррупциялык реформа ажылыктагы 4-5 миллион АКШ долларын талап, тоноп жеп келген коррупциялык схемаларга, системаларга такыр жаккан жок. Коррупцияга белчесинен баткан эски ”ажыбарондор”, реформалык тазалоодо бийликтен кеткен “экс-наибдер”, “экс-казылар” мамлекеттик коррупциялык схемалар менен биргеликте Муфтияттын реформасына каршы “провакациялык” чабуулун башташты.

Аларды Муфтияттын антикоррупциялык реформасына каршылык аракетти соңку апрель-май айларында жогорку чекке жетип, өлкөдө тымызын өнүгүп жаткан “чёрный квадрат” (“кара чакмак”) радикалдык экстремизм коркунучтуу кыймылына бирикти.

“Чёрный-квадрат” радикалдык экстремизми - бул 2002-жылдары негизделген, Кыргызстандагы Муфтият системасында Азирети Муфтийдин бийлигин төңкөрүүдө диний радикалдык (коррупциялашкан) күчтөрдүн мамлекеттик саясый экстремистик күчтөр менен төрт тараптуу биригип: Президенттик Аппарат + Дин агенттик + УКК+ диндеги коррупция- чогуу күчкө салып, провокациялык кылмыштуу жол менен Уламалар Кеңешин өткөрүп, Муфтийлик бийликке рейдерлик кылуу схемасы болуп саналат.

“Чёрный квадрат”радикалдык экстремизми 2002-жылы Кимсанбай ажына Муфтийлик тактан кулатып, кабинетинин эшигин талкалап кирип, бийлик тагын ээлеген;

“Чёрный квадрат” радикалдык экстремизми 2010-жылы 4 айда 1 Муфтий (М.Жумановдун) өлүмүнө, 1 Муфтий (Сүйүн Кулуевдин) Уламалар Кеңеши учурунда кан жаян болуп токмок жешине, 2 Муфтий( А.Нарматов менен Р.Жумагуловдун) бийлигин таштай качышына түрткү болгон;

“Чёрный квадрат” радикалдык экстремизми 2010-жылы Убайдылла Сарыбаевди Муфтийлик кызматтка түртүп, түн бою Уламалар Кеңешин чакырып, уламаларды УКК кызматчылары менен коркутуп: “ добушуңарды Убайдиллага бергиле!” деп провокациялык жыйын өткөрүп, жашыруун добуш бергизгенде, Азирети Муфтийликке Чубак ажы Жалилов шайланып кетип, алар чоң өкүнүчтө, арманда калган.

“Чёрный квадрат” радикалдык экстремизми 2010-жылы Муфтиятын ажылыгын өз колуна толук алып, Президенттик Аппарат башчысы Э.Каптагаев, Дин агенттик директору Б.Абдырахманов жетекчлиги менен, Муфтияттан эски “ажы барондору”, УУК адистери менен биргеликте аткарышкан болчу. Бул жылдагы болгон ажылыктагы кылмыштардын чуусу Жогорку Кенеште каралып, сотко өткөрүлгөнү белгилүү.

“Чёрный квадрат” радикалдык экстремизм 2011-жылдын июнь айынан бери карай Муфтияттын антикоррупциялык реформасына каршы Ош шаарында, Бишкек шаарында “правокациялык” жыйындарды, пресс-конференцияларды үзгүлтүксүз уюштуруп келүүдө;

“Чёрный квадрат” радикалдык экстремизми, мамлекеттик агенттиктин директору О.Шаршенов 2011-жылы 4-декабрда: “вице-премьер министр И. Жунусовду, Президенттик Аппарат башчы Ж.Сатыбалдыевди колго алдык, Президент А.Атамбаевдин макулдугун алдык, Чубак ажыны кызматтан кетирип, ажылыкты колго алабыз”-, деп, “Ысык-Көл” мейманканасында Конституцияга, Муфтияттын уставына каршы келген “провокациялык” жыйынын айрым Уламалар менен өткөрүп: “Чубак Жалиловдун көзүн тазалоо тууралуу”- кылмыштуу сөздөрдү айтышкан.

“Чёрный квадрат” радикалдык экстремизми Муфтияттын 19-21-майда Чолпон-Ата шаарында өтө турган республикалык дин кызматкерлердин семинарына, Уламалар Кеңешине баруучулардын жолун УУК кызматкерлери менен тосуп: “барбагыла, Уламалар Кенеши Бишкекте болот!”деп зордуктоо, коркутуу иштерин жасап, айрымдарына кол койдуруп алган. Алар зордоо менен 19-майда Абдишүкүр Нарматовдун кабинетинде экс-наибдер У.Сарыбаев, У.Гуахунов, экс-казы Ш.Маматов, мамлекеттик дин агенттик кызматкери Ю.Балтабаевдер чогултуучу жыйынга жардам берген.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Асилбек Шарипович, Өмүрбек Токтогулович!

Урматтуу Элдик депутаттары жана коопсуздук жана күч орган жетекчилери!

“Чёрный квадрат” радикалдык экстремизми учурда чектен чыгып, мамлекеттик Конституцияны тепсеп, Муфтияттын Уставына каршы дин иштери түз-тике аралашып, “правокациялык максатта 31-май күнгө УУК кызматкерлери аркылуу Муфтият Уламаларды коркутуп-үркүтүп, зордоп легитимсиз жыйынга чакырып жатышат. Учурда “чёрный квадрат” радикалдык экстремизмге, өз ара сүйлөшүп алган төмөндөгү таасирдүү саясый адамдардын тийиштиги бар экендигине төмөнкү маалымат фактылар далил болот:

1) 2012-жылы 8-майда №10-712 сунуш каты менен Азирет Муфтийге: “май айы ичинде Уламалар Кеңешин өткөргүлө!” деп кайрылып, улам-улам эскерткен Президенттик Аппараттын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев (катынын көчүрмөсү тиркелет);

2) 2012-жылы 31-майда Уламалар Кеңешин өткөрүү сунушу менен Чубак ажы Жалиловго кат жолдогон экс-наиб У.Сарыбаев, А.Нарматов (көчүрмөсү тиркелет);

3) “2012-жылдын 31-майына жыйынга Муфтияттын Уламаларын чакыргыла!” деп УУК кызматкерлерине Конституцияны тепсеп көрсөтмө берген Дин комиссиянын директору Абдилатип Жумабаев;

4) 31-майга жыйынга чакырып, Уламаларды зордоп жаткан УУК кызматкерлери: Ошто- Амиракулов Исабек, Бишкекте-Эшмаматов Аким, Таласта-Намазов, Жалал-Абадда-Чынгыз Турмаматов ж.б. экендиги маалымдалды.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Асилбек Шарипович, Өмүрбек Токтогулович!

Урматтуу Элдик депутаттары жана коопсуздук жана күч орган жетекчилери!

Биз Президент А.Атамбаевдин антикоррупциялык саясатын аткарып жаткан Муфтият бийлигин 31-майда мыйзамсыз жыйын аркылуу төңкөрүүнү көздөгөн “чёрный квадрат” радикалдык экстремизмине, алардын коррупциясына, правокациясына азгырылган мамлекеттик жетекчилерди мыйзамдык тартипке чакыруу менен өлкөдөгү коопсуздугуна келе жаткан коркунучтун алдын алып, иш-чара көрүүңүздөрдү суранабыз!

Сиздерди терең урматтоо менен, Муфтияттын уставдык укугун, анткоррупциялык реформасын коргоо боюнча жамаат атынан, жамааттын жетекчиси Бакыт Нурдинов

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×