Добавить статью
10:09, 5 июня 2012 11234

Чубак ажыга эмне болду?

Азрети муфтий Чубак ажы Жалиловду тааныган жана билем дегендердин бардыгы бул суроону өзүнө жана бири-бирине берүүдө.

Чындыгында Чубак ажынын мынчалык пас оюндардын каарманы болуп калышын эч кимибиз куткөн эмеспиз. Аалымдыкты бул жакка коёлу, инсандык тууралуу айтуу ашыкча болуп кетип бара жатат.

Тегерегиндеги Базарбай Темишов, Бакыт Нурдинов, Акин Токтоналиевдер тууралуу сөз деле жок. Алардын мындай ар кимдин бетин тырмап, бир жолу жаман көзү менен карап койгон адамдын иче-карынын чыгара тепкилегендерине эч ким таң калган жок. Акча көрбөгөн бир байкуштун чөнтөгүнө кенен-кесир каражат түшүп калса алды-артын көрбөй, баш-аягын таппай калганына далай күбө болдук. Аты аталган үч эргулдун иштери тууралуу Асан Саиповдун макалаларында жетээрлик маалыматтар бар. Укук коргоо органдары бул фактылардын учунан тартса далай нерселер чубалып чыгаары шексиз.

Бул үч мушкетёрдун артында кардиналдар бар экени шексиз, бирок алар так аныктала элек болгондуктан аттарын ачык атоодон азырынча оолак бололу. Алар анча деле коркуп кетчүүдөй адамдар эмес, Чуйковдун тараканындай болгон, караганда коркунучтуу, бирок таранчы келип бир серпип жок кылып коюучу, өздөрүн жердин киндиги катары сезип алган, байкуштар.

Чубак ажыны жардын кырын көздөй кубалап бара жаткандардын бир тайпасы ушулар.

Эми бул үчилтик бир дагы жазган китеби жок, чыгарып койгон шакирти көрүнбөгөн аалым Азрети муфтийибиз Чубак ажы Жалиловду кайсы талуу жеринен кармашты!? Бул суроого жооп көпчүлүккө маалым болгон төмөндөгү жагдайларда.

Биринчиден – Чубак ажы, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдики сыяктуу, “комплекс отличника” деген оорусу бар. Ошондуктан кымындай дагы сын пикирди, ал туурабы, туура эмеспи көтөрө албайт, кабыл да кылбайт. Бул себептен ага сын айткан адамды эч качан унутпайт жана макамынан тайып жыгылса да Ормон ңаршеновдой кылып уруп-сого берет.

Экинчиси – аялзат кыялы бар Чубак ажынын. Келген адам ким болбосун ага жаккысы келе берет, макталгысы келет. Кээде бир нерсесин байкабай калсаң, түз эле, мына бул жерде мени мактаса болот да, деп балп эткизип айтып салат. Мактап койсоң жыргап калат. Эбин тапсаң каалаган максатыңа жетесиң.

Үчүнчүсү – көп жылдары сырт жерде окуп, Кыргызстандагы акыбалды үстүртөн гана билген, көп учурда билгиси да келбеген Чубак ажыбыз, мусулмандардын арасында чуу салган, эшекти туздап жеш жана тамеки арам эмес деген сыяктуу фатвалары менен атагы чыккан. Андан сырткары “мен сенин да муфтийиңмин” деп депутат айымдарга опурулганы, бийлик башындагыларды, Президентти баш кылып, алдында чөгөлөтүп Айт намаздарында креслодо чалкалап отурганы менен таанымал.

Төртүнчү мүнөзү – өзүн гана акылдуу сезип, башкаларды акмак катары көрүшү. Мисалы мамлекеттик органдар менен мамиле кылуусунда бул нерсе ачык-айкын көрүнүп турат. Ажылык-Умра Борборун (АУБ) текшерүү, Ысыккөлгө барып Уламалар Кеңешин кворумсуз өткөрүү сыяктуу, одоно кыймыл-аракеттерин чектөөгө келгенде "диндин ишине кийлигишпегиле" деп туураланат. Качан гана, өзү айтып жазып жатканындай, “саясий оппоненттерин” жайлоодо мамлекеттин укук-коргоо органдырын тукуруп шаштысын кетирет.

Чубак ажынын солгун мүнөздөрүнүн негизкилери ушулар. Мунун баарысын натыйжалап келсек, Чубак ажыда жана анын жанындагы Базарбай Темишов баш болгон топто, Мухаммед Пайгамбардын хадисинде тизмектелген, эки жүздүүлөрдүн төрт сыпаты толук жана туруктуу бар. Албетте мен буларды каапыр деген жокмун, болгону ушундай каапырлык сыпаттары бар адамдар дегим келет. Ал сыпаттар: сүйлөсө калп айтуу, убадага турбоо, келишимдерди бузуу жана бирөө менен араздашса чеги жок душмандык кылуу. Кайсыл бир мамлекеттин жыгылышына, элинин сырткы душмандар тарабынан таланып-тонолушуна кылымдар бою ушундай эки жүздүү адамдар эң негизги себеп болгон.

Ошондуктан, урматтуу момун-мусулмандар жана мамлекеттик органдарынын кызматкерлери, акыры айткым келген нерсе бул. Психологиялык комплекстери, катындык мүнөзү, Кыргызстандын менталитетинен алыс, башкаларды акмак катары көргөн, эки жүздүү Чубак ажы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийлик макамына татыктуу адам эмес. Анын бардык аракеттери Ислам динин жамынган радикал-экстремисттик топтордун тегирмендерине суу куюп жатат. Натыйжада бул топтор мамлекеттик түзүлүшкө чоң коркунуч алып келгени турат.

Эми эмне кылуу керек десеңиздер мен, мугалим менен молдого эч качан айлыктан башка акча карматпоо керек, дейт элем. Буга биздин орто жана жогорку билим берүү мекемелеринин заманбап абалы дагы күбөө, ошондуктан:

биринчиден быйылкы ажылыкка дин Комиссиясы тарабынан сырткы башкаруу киргизүү керек;

экинчиден эмдиги жылкы ажылыкты, эч бир лоббилерге карабастан, мамлекет толугу менен өзүнө алышы керек.

Мына ушундан кийин бардык ызы-чуу токтойт жана Чубак ажы менен Базарбай баш болгон фитначыл топтор туш тарапка жалаа жабуу компаниясын уюштуруп жаткан акчаларынан куру жалак калат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×