Добавить статью
4:21, 6 июня 2012 36653

Муфтияттагы чыр – Чубакта катылган сыр

Кыргызстан мусулмандарынын легитимсиз 

муфтийи Чубак Жалиловго

КМДБгы коррупцияны тазалоо демилгесин көтөргөн

мусулмандар жамаатынын атынан

Ачык кат

"А" дегенде... 

Урматтуу мусулмандар азыркы убакта мамлекетибиздин өнүгүп өсүүсүнө, тынчтыгына, биримдигине, калкыбыздын ыйманынын бекемделишине чоң салым кошо турган дин жаатында иш алып барган Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасында болуп жаткан чыр-чатактын улануусуна, мусулмандардын бөлүнүп жарылуусуна кайдыгер карабаган бардык мусулмандарды АКЫЙКАТ жана ЧЫНДЫК үчүн кызматташууга чакырабыз! 

КМДБгы коррупцияны тазалоо демилгесин көтөргөн мусулмандар жамааты 

Байланыш телефондор: 0779 28 68 18, 0772 570006, 0553 757585, 0703 757585 

Эл. Почталар: omurzakov2005@mail.ru; asansaip@mail.ru; rahatali@mail.ru 

Акыркы учурларда КМДБда болуп жаткан мыйзамсыз иш-аракеттердин кесепетинен мусулмандар арасында түрдүү топторго бөлүнүү келип чыкканы айдан ачык. Мунун негизги себептеринин бири КРнын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен кабыл алынган, бардык бийликти жеке муфтийдин колуна топтоп берген КМДБнын учурдагы Уставы. Ал Уставды бакиевдин убагында калыптанган коррупциянын натыйжасында Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиги бармак бас-ты, көз кысты кылып 15.06.2009-ж. эсептик каттоодон өткөрүп салган. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып КРнын Юстиция министрлиги Уставдагы орой мүчүлүштөргө карабастан, мыйзамсыз мамлекеттик каттоодон өткөргөн.

Мунун натыйжасында юридикалык туңгуюк келип чыкты. Анткени, КМДБнын Уламалар кеңешинин мүчөлөрүнүн жана муфтияттын жамаатынын биргелешкен жыйынынын 06.06.2010-ж. № 06 протоколунун негизинде муфтийдин милдетин аткаруучу болуп Руслан Жумагулов шайланган. Какаганга муштаган болуп, көп өтпөй 26.07.2010-ж. Уламалар кенеши тарабынан Чубак Жалилов КМДБнын Уставындагы талаптарды бузуу менен мыйзамсыз муфтий болуп шайланат. Бирок, бул жыйында андан мурда да Р.Жумагулов муфтийдин милдетинен бошотулган эмес. Бүгүнкү күндө аны муфтийдин милдетинен бошотуу тууралуу эч кандай расмий документ жок. Эгерде биз КРнын Конституциясын, мыйзамдарын сыйлай турган болсок, анда азыркы күндө Р.Жумагулов мыйзамдуу түрдө КМДБнын муфтийинин милдетин аткаруучу боюнча калууда. 

Уставдын 4.3-пунктунда, "Уламалар кенешинин мажилистеринде Азрети муфтий же Наиб муфтий төрагалык кылат"-деп жазылган. Бирок, Дин агенттигинин мурдагы жетекчиси Б.Ж. Абдрахмановдун сунушунун натыйжасында жогорудагы пунктту бузуу менен, ал убактагы Фатва бөлүмүнүн башчысы Ч.Жалиловду бул жыйынга төрагалык кылат. Бирок жогорудагы протоколго Р.Жумагулов сунуш кылган деп жазылып коюлат. Бул мыйзам бузууну Уламалар кенешинин мүчөлөрү колдоп беришет. Ошентип, Ч.Жалилов ээрге мингенде эле кыйшык минет. Ал эми Уставдын 3.2; 4.5; 6.2-пункттарында: "Кыргызстан мусулмандарынын Азрети муфтийин Уламалар Кеңеши шайлайт, аны Кыргызстан мусулмандарынын Курултайы бекитет",- деген талаптарды көзгө илбей, Кыргызстан мусулмандарынын жогорку органы болуп эсептелген Курултайын өткөргөн жок. Өзүм билемдик менен Уставга карама-каршы келген мыйзамсыз аракеттерди кылып, орой каталарды кетирип, укук талаасынан эбак эле чыгып кеткен. Анын "Курултай, Устав боюнча 2014-ж. өтүш керек",- деген жаш баланы алдагандай билдирүүлөрү, мусулмандар арасында нааразычылыктарды жаратып, азыркы туңгуюк абалдын келип чыгышына себеп болду. 

Бул мыйзамсыз аракеттердин, калп айтуулардын натыйжасында, анын мусулмандар арасында абройу кетип, Кыргызстан мусулмандарынын арасында жиктешүү, бөлүнүп жарылуу, өз ара араздашуу келип чыкты. Ч.Жалиловдун жанына Кыргызстандын мусулмандарынын келечегине, биримдигине, коопсуздугуна зыян келтире турган топтор жыйылды. Бул ачык катка расмий түрдө эл алдында да, мамлекет жетекчилерине, расмий органдарга ачык, бурмалабастан так жооп берүүңдү талап кылабыз. Эки жыл ичинде "серый кардиналын" Б.Темишовдун шектүү тобу менен баштаган "реформаларды" жыйынтыктоочу мезгил да келип жетти. Анда эмесе фактыларга токтололу:

1. Үстүбүздөгү жылдын 19-майында Бишкек шаарында өткөн Уламалар Кеңешинин 15 мүчөсүнөн турган демилгелүү тобу Ч.Жалиловду 31.05.2012-ж. Уламалар кеңешинин жыйынын өткөрүүнү, учурдагы абалды талкуулап жыйынтык чыгарууну талап кылышып ага расмий түрдө кайрылышат. Бирок, Ч.Жалилов эки жылдан бери "чубактын кунундай" уланып келе жаткан бул чырды токтотуу боюнча алардын адилеттүү талабын эске алган жок, алардын мыйзамдуу талабын тоготуп да койгон жок. 19.05.2012-ж. уурдануу жолу менен өзүнүн жамаатын борбордук мечитте топтоп, андан жашырынып качып барып Махмуд Кашгари мечитине барып топтолушат. Ал жерден Ысык-Көлдөгү Сары-Ой айылындагы эң кымбат деп эсептелген "Радуга" пансионатында жайгашып 90дой кишини жыйып, эки күнгө ар бир кишиге 90 доллардан акча төлөп, имамдарга айлык берип, эки күн Көкөтайдын ашын бергендей жылкы союп, жумшак тил менен айтканда аларды сатып алуу жолуна түшөт. Күнүгө үч убак тамак жегенден кийин "Муфтияттын дин кызматкерлеринин семинар кеңешмесинин" деген жыйынды өткөзүшүп, анын катышуучулары алар каалаган токтомдорду, чечимдерди кабыл алып беришет. 

Анын көшөгө артында турган "серый кардиналы" менен биргеликте иштеп чыккан планын көрүп, аргасыздан белгилүү Остап Бендер эске түшөт.

Уламалар Кеңешинин толук курамын катыштырбастан, өзүнө гана тикелей баш ийген адамдарды чакырып, жамаатты экиге бөлүп өткөн жыйынды канчалык деңгээлде мыйзамдуу деп эсептейсиң? Сага тике баш ийген облустук, шаардык казыларды, райондук имамдарды, муфтияттагы өз таламдаштарыңды жана жакын санаалаштарыңды чогулткан бул жыйындын максаты эмнени көздөдү? Мыйзамдуу муфтий болуп шайланбай туруп эле, нафсиңдин кулу болуп, шайтанга азгырылып, түшкүс хан болууну эңсеп, дагы кайсы жээк-жаатыңды Уламалар Кеңешине киргиздиң? Аллахтан коркуу, Кыргызстан мусулмандарынын алдындагы жоопкерчилигиң, алардын жалпы кызыкчылыгы кайда калды? Жоо куугандай, кээ бир адамдарга "серый кардиналың" экөөң токуган КМБДнын 2011-ж. 3-августтагы № 3 токтомуң менен бекитилген "Ажы башчыны тандоо комиссиясы жөнүндөгү" жобону орой бузуп "ажы башчылык" сертификатын тапшырып, ооз басырык кылганыңа эмне деп жооп бересиң? 

2. Жогоруда белгиленгендей, КМДБнын учурдагы уставы сен үчүн мыйзамдуубу? Мыйзамсыз болсо жаңы долбоорун ушул убакытка чейин эмнеге иштеп чыккан жоксунар? Реформаңдын биринчи кадамы деп Б.Темишовго 10 000 сом айлык чектеп, бир нечелеген айлар аны иштетип, жыйынтыгында ал иштеп чыккан КМБДнын Уставынын долбоору Уламалар Кеңешинин мүчөлөрүнүн, мусулмандардын катуу нааразычылыгын жаратып, кабыл алуу үчүн болгон жыйында таш-талканы чыгып, ал муфтияттан куулуп кетпеди беле? Б. Темишовдун башында турган иштерде шайтан кошо жүрөөрүн, анын арты чыр менен бүтөөрүн дале түшүнбөдүңбү? Өзүңдү Кыргызстанда "чоң аалым" деп эсептейсиң, анан кантип анын тузагына кайрадан түшүп калдың? 

3. КМДБнын Уставынын 2.1 пунктунда: КМДБ "ажыга жана умрага барууну уюштурат жана жетектейт" деген жобонун бар экендигине карабастан Ажылык Умра Борборун жана ВАКФ фондун эмне максатта уюштурдуңар? Алардын Уставы мамлекеттик дин агенттигинен эсептик каттоодон өтпөй туруп кантип Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп кетти? КРнын мыйзамдарын тепселеген ал кандай министр? "Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет" болуп акыры нафсиңерди дүнүйө жеңип кеттиби? Муну менен КРгы "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө КР мыйзамынын" 2-бөлүмүндө, 8-беренесинин 2-пунк-тундагы талаптарын орой бузулгандыгы, келечекте сага кайра бомба болуп жарыларына акылыңар жетпедиби?

4. ВАКФ фонду менчикпи? АУБнан ВАКФка которулган 500 000 доллардын тагдыры кандай болду? Директору Базарбай Темишов кайсы мыйзамдын негизинде жана ким тараптан дайындалган? Эмне себептен конкурс өткөрүлгөн жок, анын Ислам дини боюнча диний илими, тажрыйбасы барбы? Уламалар Кеңешинин уруксаты жок, кайсыл мыйзамга негизденип аны ал жердин кожоюну кылып койдуң? Ушул иштин талаптарына жооп бере турган аалымбы? 2010-жылдагы 26-май № 049,10 өз колуң менен чыгарган Фатваңда Базарбай Темишовду "мусулман аалым эмес, тооба келтирсин",- деп анын мусулман экендигине дагы шек келтирген чечимиң кайда калат, кийин Аллах алдында эмне деп жооп бересиң? Ал уюштурган "ыйман-бакыт" коомунун ичинде эмне сырлар жаткандыгын Кыргызстандагы №1 аалымы катары эмне үчүн изилдеп текшерген жоксуң? Анын кийинки ондогон жылдар ичиндеги күмөндүү аракеттерин ашкерелеген адамдар сага келип эскерткенине карабастан, аны мойнуңа миндирип алгандыгың эмнени түшүндүрөт? Аны менен болгон тыгыз байланышың аркылуу сен Кыргызстандын аалымдар жамаатынан, жалпы мусулмандардан бөлүнүп калгандыгың эмне үчүн зээнинди кейитпейт? Бул аркылуу сен Кыргызстандын дин аалымдарын кордоп жатканыңды түшүнбөйсүңбү? Б.Темишовдун "түгөйү", ыйман-бакыт коомунун азыркы жетекчиси, Талант Алмаматов да андан өткөн өнөрлөрүн көрсөтүп, диний эч кандай илими болбой туруп, ондогон диний китептерди которуп, агасын жолдоп, "чоң аалым-котормочуга" айланганын кантип түшүнсө болот? Ажылыкты уюштурууда "сынак, офис, канцелярдык товарлар үчүн 80 000 доллар чыгымдалды" деп өрдөктү учургандай, анын коому менен 02.12.2010-ж. келишим түзүп, ал келишимдин 1.2 пунктунда көрсөтүлгөндөй "эл-ичинде, социалдык катмарларда, мекеме-уюмдарда, окуу-жайларда, мектептерде, кесиптик-коомдук жамааттарда, кыз-келиндер, жаштар, студенттерге" канча жолу лекцияларды, тегерек-столдорду, талкууларды, жолугушууларды, жыйындарды, семинарларды, конференцияларды өткөрүп исламдык даваат иштерин жүргүзүп, ыйман-бакыт тартууладыңар? 2.2. пунктунда "зарылдыкка жана мүмкүндүккө карап "ыйман-бакыт" коомуна материалдык жана моралдык жардамдарды көрсөтөт",- деп айтылгандай, алар менен канча акчаны чайкаганга үлгүрдүңөр? Эмне үчүн "серый кардинал" бир эле убакта АУБдун текшерүү комиссиясынын төрагасы, Ажылыкты уюштуруу боюнча башкы координатор, Муфтияттын башкы жазмакери, ВАКФтын генералдык директору, муфтийдин биринчи кеңешчиси, кадр бөлүмү, түрдүү-түмөн кайрылуулардын, өзүң чыгарган фатвалардын автору болуп калды?Ага дагы кайсы кызмат ыйгарылбай калды? Бул акылга сыйбаган көрүнүш акылы-эси бар адамдын кыла турган иши деп ойлойсуңбу? Өзүң баш болуп АУБдун, ВАКФтагы кээ бир кызматкерлердин 2-3-4 кызматты ээлегени жана 15 миң сомдон 30 миң сомго чейин айлык акы алганы кайсы мыйзамга туура келет жана кайсы кылган кызматы үчүн мындай маяналарды алып жатышат? Ажылыктан кымырып калган акчаларды жеп, ал жерде кантип олтурасыңар? Муфтият силердин жеке конторуңар болуп калдыбы?

5. КРнын Конституциясынын 8-беренесинде "Эч бир дин мамлекеттик эмес" деп жазылып турат. Буга карабастан ЖКтин беш фракциясынын өкүлдөрү бул беренеге баш ийбей дин иштерине түз кийлигишип жатканы туурабы? Жогорку Кеңештин 30.06.2011-ж. № 999-V токтомунун 11-пунктундагы "КМДБнын алдында коомдук байкоочулар кеңешин түзүү сунушталсын" дегенге карабастан көз боемочулук менен бурмалап, динден сабатсыз Базарбай Темишовдун көрсөтмөсү менен депутаттык комиссия түзүп, депутаттарды да уятка жыгып, оңтойсуз абалда калтырып, өзүндүн туугандарыңа жана сабатсыз инсандарга мусулмандардын акысын тебелеткендигиң туурабы?

6. 2011-жылы өзүнөр тандап алган ажы, топ башчыларды иштетип, алардын акчасына туйтунуп, анан аларды "коррупционер, уурулар, адам шайтан, ашпозчу, чайханачы, чачтарач, алып сатар, положенец",- деп атап, шылдыңдап, адамдык касиеттерине доо кетирип, мамлекеттик "Кыргыз туусу" гезитинен (20.04.2012-ж. №30 (23619) жамандаганыңа жол болсун. Алардын ууру экенин көзү ачыктык менен билген болсоң эмнеге кармап эл алдына алып чыккан жоксуң? Ал эми өзүңдүн жаныңда жүргөн адам шайтан, футуролог Базарбай Темишов тууралуу эмне айталасың? Кайсы эмгектери үчүн Базарбай Темишов менен Бакыт Нурдиновго өкмөттүн Ардак грамотасы ыйгарылды? Алар КМДБ системасында канча жыл иштеп, эмгек сиңирген эле? 

7. АУБга жашыруун 3 000 000 (үч миллион) сомдун тегерегинде сатылып алынган үй боюнча Уламалар Кеңеши, жалпы эле мусулмандар билеби? Ошол үй өз кызматын аткарып жатабы? Бир жылдан бери ал үйдө ким жашайт? 

8. Мамлекеттик "Кыргыз туусу" гезитине (20.04.2012-ж, №30 (23619) санындагы берген маалыматыңа таянсак АУБ жана ВАКФ түзүлгөндүгү жөнүндө билдирүүдө "Ар жылкы ажылыкта ажы башчылардын чөнтөгүндө көмүскөгө айланган 11 000 000 АКШ долларын мыйзамдаштыруу, андан уурдалып жаткан 4 000 000 го жакын мусулмандар акысын коргоп калуу мүмкүн эмес эле" деп берген сөзүңдөн улам бир суроо туулат. Ошол ажы башчыларга арам болгон 4 000 000го жакын АКШ долларын ВАКФ аркылуу сактап калуу силерге адалбы? Бул түшкөн акча 14.01.2012-жылдагы өзүң чыгарган №2 Фатвада ачык-айкын АРАМ-деп турат, муну кандай түшүнсөк болот.

9. Бул мыйзам бузууларды көрүп туруп Уламалар Кеңешинин мүчөлөрү эмне үчүн чара көрүшпөйт? Уламалар Кеңеши эмне үчүн түзүлгөн? Алар деги уламаларбы же муфтийдин мыйзамсыз иштерин коргоп бере турган солдаттарбы? Муфтийдин кетирип жаткан орой каталарын көрүп туруп оңдоонун ордуна балык болуп унчукпастан отурган уламаларды эмне деп айтса болот? Ар күнү ар кандай кулпунган Уламалар Кеңешинин ар бир мүчөсүнүн Аллах алдында жана келе жаткан Курултайда алардын жекече жоопкерчилигин кароо бышып жетилди. Сенин мындай акыбалыңа келишиңе алар өздөрүн күнөөлүү деп эсептешеби?

10. КМДБнын Уставынын 5.2 пунктунун негизинде КМнын Борбордук көзөмөл комиссиясы биз койгон жогорудагы ар бир пункт боюнча тезинен тыкан иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгын жалпы мусулмандарга так маалымат беришин талап кылабыз! 

11. Сага катуу эскертип кетүүчү нерсе, 01.12.2011-ж. КРнын президенттик кызматына киришип жатып А. Атамбаев эл алдында ант берүүдө буларга токтолгон: "... Кийинки кадамыбыз - элибиздин башында кара булут болуп турган коррупция менен күрөшүү. Бизди ичибизден курутуп жаткан бул кесепетти эмитен жойбосок, келечегибиз күмөн. Ошондуктан, мен бул күрөштө өлкө башчысынын укуктарын толук бойдон колдоном. Сот болобу, депутат же министр болобу - мыйзам алдында баарыбыз бирдей жооптуубуз. Жетекчилерге болсо алдын ала бабалардын ыйык сөзүн эскертким келет: "Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок. Муну унутпагыла!". Аллахтын тагдыры менен бул сөздөр сага да толук тиешелүү болуп калды! 

12. Жогоруда айтылган сен тарабыңдан эки жыл мыйзамсыз муфтийлик кылган мезгилдеги бул иштер боюнча ачык-айкын, толук маалымат берип, ортодогу чыр-чатакка чекит коюп, мыйзам негизинде жооп беришиңди талап кылабыз. Уламалар Кеңешинин мурунку толук курамы менен 31-майда Уламалар Кеңешинин жыйынын кайрадан өткөрүүңдү, Кыргызстан мусулмандарынын Курултайын 2012-ж. июнь айынын аягында өткөрүп, Орозо айына Кыргызстандын жалпы мусулмандары күнөөлөрүбүздөн толук тазаланып кирүүнү талап кылабыз! Эгерде бул талабыбыз аткарылбаса сенин жана сенин тобуң тарабынан КМДБнын Уставынын 2.1; 2.2; 2.3 пункттары бузулгандыгына байланыштуу КРнын мыйзамдарынын чегинде чечкиндүү аракеттер боло тургандыгын эскертип кетебиз!

КМДБгы коррупцияны тазалоо демилгесин көтөргөн мусулмандар жамаатынын атынан: 

КРнын "Халал" стандарттоо 

техникалык комитетинин төрагасы: 

Камчыбек ажы Өмүрзаков

Бишкек шаарынын "Саид Афанди" 

мечитинин имамы: 

Рахат ажы Дүйшөнбиев

Чүй обл. Казысынын 

жардамчысы, дин таануучу: 

Асан ажы Саипов

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×