Добавить статью
7:28, 7 июня 2012 50923

Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбековго кайрылуу

Урматтуу Төрага!

«Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фондду 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн. Кыргыз Республикасындагы каттоо системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү ошол жылы «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген аталыш менен каттоодон өткөрүүгө жол берген эмес.

Уставка ылайык «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонддун максаты - элдин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылуу; жерден тышкаркы аң-сезимдерден алынган маалыматтарды кишилерге жеткирүү; жерден тышкаркы билимдерди калкка берүүгө түрткү болуу; кишилердин энергетикалык абалын жана кишилер жашаган жердин энергетикалык мейкиндигин жакшыртуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасындагы мыйзамдар менен укук-ченемдик актылар Коомдук фондго өзүнүн уставында каралган иш аракеттерди жүргүзүүгө жол бербегендиктен, уюмдун аты затына туура келбегендиктен, «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонду банктан эсептешүү эсебин ачкан эмес, ушул мезгилге чейин акчалуу киреше алып келбей турган иш аракеттерди эле жүргүзөт, ушул себептүү фискалдык органдарга ай сайын нөлдүк отчет берилип турат.

Кыргызстандагы мамлекеттик жана жараандык секторлорго 2009-2012 жылдардын аралыгында Коомдук фонд тарабынан 51 эзотерикалык мүнөздөгү каттар жиберилген. Мамлекеттик сектордо эзотерикалык маселелр боюнча компетенттүү адистер жок болгондуктан жиберилген эзотерикалык мүнөздөгү каттар тийиштүү деңгээлде каралбайт. Жиберилген эзотерикалык материалдардын арасынан ылгоодон өткөндөрүн Кыргызстандык массалык маалымат каражаттары жарыялады.

Мамлекеттик тилдеги «Сырдуу дүйнө» жана «Эркин Тоо» гезиттери «Жоготулган ойлор» деген Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгү жөнүндөгү китептин кол жазмасынын үзүндүсү болгон «Глоссарий»-ди гезит беттерине басып чыгарышты. «Глоссарий»-де орусчаны жеткиликтүү билбеген кыргыздарда таптакыр түшүнүк да, элес да жок болгон эзотерикалык сөз терминдерге түшүндүрмө берилген.

Кыргызстандагы «АКИпресс», «Открытый Кыргызстан» жана «Азаттык» интернет-басмалардын сайттарына жаңы түшүнүктөрдү, көз караштарды жана философиялык ой-жүгүртүүлөрдү өзүнө камтыган төмөндөгүдөй эзотерикалык макалалар коюулду: «Вырабатывайте позитивное мышление», «Особое мнение», «Квантовое мышление о коррупции», «Иносказательно говорящее письмо», «О целительстве», «Последнее письмо Президенту К. Бакиеву», «Экспертное эзотерическое заключение», «Глоссарий», «Утерянные мысли о женщинах», «Обращение к Тораге Жогорку Кенеша и Премьер-министру Кыргызской Республики», «Эзотерикалык кат», «Писания: искаженное восприятие и новая парадигма», «О недостатках системы государственного управления», «Президенттик расмий катка жооп кат», «Обращение к Первому Вице-премьер-министру Кыргызской Республики», «Имамдардын эле билим деңгээли төмөнбү?».

Мамлекет өзүнө жоопкерчиликти алууга даяр эмес болгондуктан, азыр өлкөбүздө диний адабияттарга көз карандысыз экспертиза жүргүзүү боюнча көйгөйлүү маселелер бар экендиги Коомдук фондго белгилүү. «Физикалык жана Кылдат дүйнөнүн бирдиктүүлүгүн изилдөөчү борбор» деген коомдук фонду диний адабияттарга көз карандысыз экспертиза жүргүзүү жана теологиялык адабияттарга баа берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө даяр экендигин ушул кат аркылуу билдирет, эгерде ар бир эксперттик жумушка эл аралык класстагы экспертин баасы менен акы төлөнүп берилсе.

Азыркы учурда билимдин эки түрү бар. Билимдер деңгээлине жараша жана кишиге тийгизген таасири боюнча төмөндөгүдөй болуп жайгашат:

1. Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билим.

2. Жердеги аң-сезимге таандык билим.

Жерден тышкаркы аң-сезимге таандык билимдин деңгээли жогору жана кишиге тийгизген таасири чоң болгондуктан, бул билимдин жолу улук болот. Эзотерикалык билимдин ээси билимдин эки түрүн алгандыктан, анын эмгек акысы статусуна жараша жогору болуш керек.

Башка сунуштар бар болсо, аларды кароо мүмкүнчүлүгү бар, андай сунуштардын ичине «эзотерика, дин жана аномалдык кубулуштар боюнча эксперти» деген кызмат орунга эл аралык класстагы экспертке таандык статус, жумуш шарттары жана эмгек акысы менен жумушка алуу да кирет.

Жогоруда айтылгандарга кошумчалап, жерден тышкаркы билимдерди берүүгө тыюу салуу Россия Федерациясында эчак эле алынгандыгын билдиребиз. Ошондой эле өзгөчө жөндөмдүү кишилерге колдоо көрсөтүү боюнча, эзотерикалык кызматтарды камтыган мамлекеттик эмес кызматтарды берүүнү жана «экокалк»-ты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалар да бар. Андан тышкары Өкмөттүн Аппараты менен болгон жолугушууда көз караштар менен иш ыкмалардын тең салмактуулуктарын камсыздоо үчүн Өкмөттүн жаңы түзүмүндө ар кандай кесиптеги эксперттер расмий түрдө иштеерин Россия Федерациясынын Премьер-министри Д.А. Медведев айткан.

Урматтоо менен,

Директир Т.Т. Койчуманов

31.05.2012 ж.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×